АЛЖИРДИК МИНИСТРДИ ЫЙЛАТКАНДА
Аалам алпы Чыңгыз Айтматов республикалык кинематографисттер союзун жетектеп турганда Москвадан «Алжир өлкөсүнүн маданият министри Мурат Бурбу СССРге атайын визит менен келгени жатат. Кыргызстанга маданий программа менен эс алдырып, меймандап берсеңиздер» деп телефон чалып калышат.
Минтип ЦКдан чалып, суранып аткан соң, уят болбой тосуп алалы деп Ч.Айтматов даярдыгын көрө баштайт. Атайын программа түзүлөт. Баш калаанын ажайып жерлерин көрсөтүү, Ала-Арча жаратылыш паркына баруу, өнөрпоздордун концерти, атайын сый тамак уюштуруу. Бирок, буга жазуучунун ичи толо бербейт. Башка мамлекеттин маданият министри келаткан соң анын жүрөгүнө терең таасир бере турган кыргыздын бир кереметин көрсөтүш керек эле. «Керемет» деген сөздү эстегенде оюна Саякбай түшөт. Телефон чалып издештирсе Бостериде экен. «Эки иштен бир иш» демекчи, даражалуу мейманга табият керемети – Ысык-Көлдү көрсөтүп, анан өнөр керемети – Манасты бир угузайын деп ойлойт. Ысык-Көл райкомунун катчысы А.Мамыркалиевдин жардамы менен атайын көл жээгинде алма бакчанын ичинде ажайып боз үй тигишип камылга көрүшөт. Андан калса кыргыз мейман келет дегенде агынан жарылып, укмуш даярданат эмеспи.
Алжирдин маданият министри ар бир улуттун өнөрүнө кызыккан киши экен, жолдо карата Чыкеңе ар кандай суроолорду берип келатты. Ысык-Көлдүн кереметине суктанып, кеч күүгүмдө аны жээктеп басып зор ырахат алды.
…Эртеси түш оой Саякбайды алдырышты. Манас айтаардан мурда Чыкең бир аз орусча баяндама берди. Котормочусу которуп, министр болсо баш ийкегендей болуп, бирок жүрөгү бирдемени сезгендей, айылдык жупуну кийинген чалды жылмая карап, улам-улам ак ниетин билгизген болуп башын ийкейт. Сакең болсо, ошондо байбичесинен айрылып, санаада жүргөн шекилди. Анда-мында мурутун сылап, кар жаадырган кабагын бүркөп коёт. Ага министр дагы баары бир, жөн угарман да баары бир. Манас дүйнөсүнүн астында баары тең.
Ошондо өнөр кереметин көрсөтүүгө шашылган Айтматов:
- Саке, эми баштаңыз, меймандарды бир таң калтырыңызчы, – дегенде, айлана-тегерекке бир көз жүгүртүп, анан тоону бийиктете карап, ошол закымдан Манасын тапкансып, …анан кетти башка бир дүйнөгө… оболоп, …сабалап, улам мейкинди багындырып, кол жеткис жакка.
…Чыкең тоскоол болуп албайын деп акырын сүйлөп орусча которуп, аны жанындагы котормочу болсо тиги министрге алжир тилине которуп атты. Жети-сегиз мүнөт өткөндө тиги министр котормочуну тизеге түртүп, эми мындан ары которбой эле койгула, эмне экенин котормосуз эле түшүнүп атам деди.
…Көкөй кескен өксүк, боконо сөөктү болкулдаткан, муун-жүүндү бошоткон керемет үндүн касиетин караң!
Сакең болсо көптөн бери чабыла элек күлүктөй Манасын сагынып калыптыр. Ушундайда төгүлбөсө анан Сакең Саякбай болчубу. Чыңгыз Айтматов да Сакеңди сагыныптыр. Баары дымып калды. …Алыстан гана ыйык көлдүн шоокуму коштойт.
Котормочу жана котормого алаксып маани бербей атса, эми такыр эле көрөлек дүйнө ачкандай элейип калды. Сакең да алыска кетти күндүк жерге ноюбас күлүктөй. Дүйнө дымып калды. Мындайда Сакеңдин үнүнөн башка үн чыгаруу кылмыш кылганга тете. Сакең эле угулуп, Сакең эле айгайлайт. …Үнү тим эле кара ташты жарып ийчүдөй.
Сакең алкымы буулуп, ыргактап ыйлап, жер солкулдабаса да жүрөк болкулдап турду. …Күн бата Сакең айкашты жеңип кайтып келатты. Бүркүттүн көзүндөй ойноктогон көздөрүн ачып-жуумп, жаңыдан жагылган оттун алсыз жарыгы бирде тийип, бирде тийбей, манасчы өзү от болуп күйүп-жанып аткандай сезилди. Түн бир оокум болгондо Сакең жомогун аяктап, ортодогу от да басаңдап, очоктон эле жымың-жымың этет.
Алжир өлкөсүнүн министри Сакеңди мойнунан кучактап, көзүнөн жаш алып, бетинен өпкүлөп бирдемелерди өз тилинде кобураган болду. Башка дүйнөгө арбалып калган котормочусу аны угуп, которгонго үлгүрбөдү. Кийинки сөзүн Айтматовго кайрылып:
- Сиз кечээ жолдо келатып, кыргыз элинин жазма эстелиги калган жок деп айттыңыз эле. Эми мындай өнөр турганда жазма тарыхтын кереги не. Сиздердики айтма тарых, өзүнчө эле бир бу дүйнө сыйбаган архив тура. Силерде тирүүлөй китепкана бар тура…
Чыкең да аны колдогонун көрсөтүп:
- Ооба, ооба, туура айтасыз.
- Эми ушул адам мамлекеттен кандай жардам алат? – деп ал министр күтүлбөстөн суроо берет.
- Мамлекеттик наамы бар, персоналдык пенсия алат, – деп барып улуу жазуучу мукактанып туруп калдым дейт.
Себеби, ошондо үлкөн манасчы колдогу күлүктөй бапестеп баккан байбичесинен айрылып жүдөңкү тартып жүргөнбү, чыйбаркыт кемсели негедир өңүнөн өчүп, маасы бут кийими да майланбаган экен. Маанайы да басыңкы.
…Саякбай Каралаевдин көзү өткөндөн кийин анын 80 жылдык мааракесинде ушул окуяны эстеп, Чыңгыз Айтматов кеменгер манасчыны бийик кастарлап ала албадык деген өкүнүчүн айткан экен.
Бирок, асыл дүйнө ар качан касиетин жоготпойт. Алтын ыплас жерде жатып, миң жылдан соң да алтын болуп жалтырайт эмеспи. Ошол мейман Манас укканына өтө ыраазы болуп кайтып, кийин өз өлкөсүнө барганда «Совет мамлекети эмнеси менен таңкалтырды?» десе, «Баарысы мен көргөндөй, билгендей эле экен. Өнүгүп жатыптыр. Болгону 5-6 саат тынбай тарыхты оозеки айткан өнөрпоз бир тоголок чалга таңкалдым» деген экен.
…Аттигиниң, Саякбай өлбөй калсачы.
.............
....Байлык кимди гана мансабына мас кылбайт. Эгерде ашкере байлык дөөлөтөн баш айланып турса Саякбайдын “Манасын” тыңдасаң, андай көр дүйнө көзгө арзыбай калат. Өзүңдүн өтө деле бай эмес экениңд сезээрсиң .
....Бийликке бийик көтөрүлгөндө каада күтүп, мүнөзүн өзгөрткөн канча мырза чалыш кыргыздын жигиттерин көрдүм. Ошондо көз тумандаткан андай ирмемдерде Саякбайдын “Манасын” бир угуп көрүшсө, өздөрүнүн бу жарыкта өтө эле кичинекей пенде экенин сезишеер дейм.
... Төбөң көккө жетип, кубанычың койнуңа батпай, жүрөгүң жарылып кетчүдөй согуп турса да Сакеңе кайрылып келсең керемет үнү, кемибес сөзү , кебелбес кенчи менен көңүл жайгарып коёр.
... Бирөө шагыңды сындырып, көңүлүңө көкөйдөй тийсе Саякбайдын “Манасынан” жардам сурасаң. Башыңды жөлөп, таяныя табылып, багыңды ачкандай болоор.
Ошондой эмеспи
...Тирилүүктө кайсы адам бир кеселдебеген. Бир жерин ооруп, жаныңа даба табылбай турса кайра эле кеменгер Саякбайды тыңдасаң жардам келээр, үнү менен аластап, сүрү менен ооруткан жайы бар эле.
...Кимдир бирөө: “Кыргыз жалкоо, кыргыз арак ичет, кыргыздан намыстан кеткен, кыргыз бириге албай бөлүнүп жүрөт дайыма” – деп намысыңа тийсе Саякбайдан гана эм болоор дары табасың. Кадимкидей аруулайт.
Коргогон чеп болуп, калкалаган калканч болуп , керек болсо суурулган кылыч болот. Намысыңды көкөлөтөт. Кыргыз экениңе кайра сыймыктана кетесиң. Түпкүлүгү бу дүйнөгө кыргыз болуп жаралып, кыргыз эненин эмчегин ээмп, кыргыз суусун ичип, кыргыз абасын кере жутуп, анан Саякбайдын керемет дүйнөсүнө аралашпай жашап өтсөң, андай күн арман болоор, жалган өмүр бойдон калаар.
Кечикпейли....
"САЯКБАЙ гений жөнүндө баллада"
- Автор: Каныбек Иманалиев
- Жанры: Эскерүү
- Жылы: 2014
- Басмакана: Бийиктик плюс
- Барагы: 304
- ISBN: 978-9967-13-657-1
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
450Сом
Сунушталган китептер
Теги: Каныбек, Иманалиев, Манасчы, Манас, СеметейСаякбай, Гений, жөнүндө, баллада, аттуу, интернетте, кыргызча, китеп, окуу