Сагынбайдын урпактары

"Сагынбайдын урпактары" китебинин автору Келсинбүбү Кадыркулова

Китептен үзүндү...

"Азаптуу Үркүндөн кайтканыбыздан соң кайнагам (Орозбак уулу Алишер – К.К.) катуу ооруп калып, ошол оорудан келбес жайына кете берди. Артында кичинекейлери Сырканбек деген уулу, Сабира деген кызы калды. Абышкам бир боор жалгыз агасын жоготуп күйүткө батып, кайгыга алдырып, манасын да токтотуп салды.
“Балдар жетим калбасын” деп, ага-туугандар ата салты боюнча кайнагамдын аялы Марияны абышкама алып берип нике кыйышты. Атасыз калган балдар үчүн деп, күйөөмдүн экинчи жеңе-аялы менен батышып, бир түндүктүн астында жашап калдым.

Үркүндөн кийинки турмуш оор болду, бирине жетсе, бири жок болуп, ичсек кийимге жетпей, кийимге жумшасак ичип-жегенибиз кенен болбой кыйналдык. Сабира 6-7 айлык кыз болчу. Тили абышканы аталап чыкты, аны ээрчип эле калды. Уулдарыбыз Аманкул менен Жаманкулга удаа эле Мария жеңе да эркек төрөдү. Бирок ал чүрпө чарчап калды.
Мария жеңенин кыялы чукул, тилдүү, эрке, бирок оокатты жакшы жасаган аял болчу. Анын мүнөз-кыялына атаандашпай, кайнагамдын арбагын сыйлап, “мейли” деп койчумун. Абышкам да: “Сайнап, мени кечир, салт ушундай экен, сенден сурабай, туугандар мени ушул ишке байлады, өзүң акылдуу жансың, Марияга теңелбей эле койчу” деп кечирим сурап турчу. Манасын айтып жер кыдырып Чүйгө, Көлгө, Андижанга, Казанга, Алма-Атыга кетип, алып келген тамак-ашын, белек-бечкегин таштап коюп кайра кетчү.
Кийин “Манасын” жаздырып баштаганына аз эле болгон учурда “эки аялы бар” дешип куугунтуктай башташты. Толуктап бүтүрүш үчүн айылдан алыс, Көл тарапка Мария менен кетишке туура келди. Мен жаш балдар менен үйдө калдым, кантсе да жеңеге жол бошоттум. Көлдө бир нече жыл турушту, манасын жаздырды.

Арадан эки кызыбыз бойго жетип, турмушка чыгышты. Бирок, арман дүйнө, эки манасчы кызыбыздан удаа айрылдык. Алгач Токтобүбү кызыбыз турмушка чыкты. Күйөөсү заар сөздүү, орой болуп, “Манас дегенди кулагыма угузба!” деп күндө уруш баштап, башка-көзгө койгулап таяктап кызыбызды бир жагынан кыйнаса, экинчи жагынан касиетин карманбаганы үчүн катуу кыйналып, эки бирдей кысымдан туттугуп кетип каза тапты.
Экинчи кызыбыз Бурулбүбү да турмушка чыгып, бирок, “Келин болуп туруп кантип айтам, эл эмне дейт” деп Манас айтуудан уялып өзү токтотуп койгондо аны да касиет-рухтар айт деп кыйнашып, айтпай койгон сайын оозунан көбүк чыгып, бети-башы көгөрүп ээси ооп жыгылчу. Күйөөсү “Кой, Букеш, кыйналбай манас айта бер” деп үстүнө үйрүлүп түшсө да болбой, ошол бойдон касиетин карманбаган экинчи кызым да кыйналып жүрүп о дүйнө салып кете берди. Түтүнсүз, жалынсыз күйүп-сыздап, ичим өрттөнүп, зыркырап кала бердим. Абышкам кыздарынан айрылгандан кийин ооруп, кѳпкѳ чейин Манасын айта албай кыйналды.
Кийин Ыбырай жазуучу (Ыбырай Абдракманов – К.К.) менен ээрчишип Манасын жазып жүрүштү. “Үй турмушту көрүп турганы Манас жаздырганга тоскоолдук кылат” деп, алыс алып кетчү. Жазда кетсе, күздө же кышта гана кайтып келчү эле. Ошондой мезгилдин бир күндөрүндө кайрадан кетип жатып: “Сайнап, балдарды жакшылап бак, азырынча бардыгы жаш” деп кайта-кайта кылчактаган боюнча кеткен эле.

Биз жайлоодо болчубуз. “Сагынбай катуу ооруп жатат, алып кеткиле” деп кабар келгенде, Сырканбек араба менен кеткен. Жолдо келатканда Сырканбекке кайра-кайра кайрылып: “Сайнаптын кашына барсам экен, Сайнапка оор болду, балдар жаш эле, эми кантээр экен” деп өкүнүп, алсыз сүйлөгөн экен.
Семиз-Белге жеткенде: “Суудан берчи, өз жеримдин суусун ичип суусунумду кандырайын” деген экен. Манасчы суу ичкенден кийин асмандан жаан себелеп жааптыр. “Карагылачы, мага нур жаап жатат, нур кандай сонун!” деп кайталап алып, ошол бойдон тилден калыптыр да, жолду ката көзү көктү караган боюнча үйгө чейин кыйналып келиптир.
Үй ичине көтөрүп кийирип келатканда мени бир карап алды да, колун сунайын деди окшойт, бирок анткенге алы келбей башы “шылк” этип эле көзү жумулуп кете берди...
Ошентип, булбул болуп сайрап жүргөн абышкамдан 1930-жылы айрылып, кара кийип олтуруп калдым. Мындай улуу адам эми кайдан жаралсын...

Абышкам каза болгондон кийин Мария жеңе турмуш куруп, Чүйдүн Кегетисине кетип калды. Бир кыздуу болгондон кийин турмушу болбой, кайра 1935-жылы күздө келди. Уулдарым Аманкул, Жаманкул, Сырканбектер аны кабыл алгандан кийин мен кайда кетмек элем. Кызынын атын Токтокан деп коюп, Сагынбайдын кызы деп күбөлүк алдык. Кызыма бер деп бир күнү абышкамдын пенсиясын сурады. Мейли деп бердим. Жеңебиз 1962-жылы каза болду. Жаманкул балам чыгашасын көтөрүп, экинчи энеси катары акыркы жайына өзү узатты.

...1943-жылы январда кышкыга эт, ун алып келейин деп колхоздун төөсүн сурап алып кайынсиңдимдин үйүнө кеткем. Менин жоктугуман пайдаланып, Аманкул ѳзүнүн жашын 2 жашка чоңойтуп, мени менен коштошпой согушка жөнөп кетсе болобу. (Ал мезгилде эл оозуна алынып калган болучу. 13-14 жашында Маскөөгө барып Манас айтып, Калинин дегенден алтын саат алып, ал саатты “атамды көргөн адам” деп, Ыбырай Абдракмановго белек кылган).
Келип эле, “Акилигим, Акили, Аманым!” деп зардап буркурап, ботодой боздоп кала бердим. Баламдын коштошуп жаткандагы ырын айылдагылар айтып беришкен:

Ак сакалы жайкалган,
Аталар аман болгула.
Ата ордуна кармаган,
Агалар аман болгула.
Алты аркар жылдыз батканча,
Алты айланып эмизген,
Апалар аман болгула.
Бөдөнөдөй бөйпөңдөп,
Бөбөктөр аман болгула.

Бул саптарды өмүр бою кайталап, жүрөгүмдүн түпкүрүндѳ калды. Сырканбегимди да согуш жутту...”

(Сайнап эне абышкасынын 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде өтөт дегенди укканда улуу адамы кайрадан тирилип келчүдөй болуп толкунданып, жаңы көйнөк, жаңы маасы алдырып, абдан күтүнүптүр. Бирок, так ошол 1967-жылы В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгы СССР боюнча белгиленип калып, Сагынбай Орозбаковдун 100 жылдыгы Кыргыз ССРинде белгиленбей калат. Үмүтүн үзбөгөн Сайнап эне “кеч болсо да ѳткѳрүшѳѳр деп”, дагы эки жылдай күтүптүр. Анан өкмѳттѳн такыр түңүлгөндө ѳзүн таштап салып, 1969-жылы январда катуу ооруп калып, көктөм жаздын жаркырган 1-апрелинде келбес жайына узап кете бериптир.

Салтанат Кыдырмаева, китептин редактору

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Сагынбайдын урпактары

  • Автор: Келсинбүбү Кадыркулова
  • Жанры: жыйнак
  • Жылы: 2018
  • Басмакана: Макс принт
  • Барагы: 104
  • ISBN: 978-9967-91-25-1-
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 300Сом


Сунушталган китептер

САЯКБАЙ гений жөнүндө баллада

САЯКБАЙ гений жөнүндө баллада

АЛЖИРДИК МИНИСТРДИ ЫЙЛАТКАНДА Аалам алпы Чыңгыз Айтматов республикалык кинематографисттер союзун ..

450Сом

Теңири Манас

Теңири Манас

Жазуучу Ашым Жакыпбековдун баардык манасчылардын вариантын колдонуп, кара сөз түрүндө жазып чыккан б..

500Сом

Сагынбай  (Кеменгер жөнүндө ода)

Сагынбай (Кеменгер жөнүндө ода)

Сагынбай  (Кеменгер жөнүндө ода), Каныбек Иманалиев . Бул китепте залкар манасчы Сагынбай Ор..

400Сом

"Cеметей" эпосу,  манасчы Уркаш Мабеталиевдин варианты боюнча

"Cеметей" эпосу, манасчы Уркаш Мабеталиевдин варианты боюнча

"Cеметей" эпосу,  манасчы Уркаш Мабеталиевдин варианты боюнча   ..

1 500Сом

Теги: Сагынбайдын урпактары, Манасчы Сагынбай Орозбаков, манасчылар, кызыктуу маалымат