Кыргыз элинин чыгаан тарыхчысы, адабиятчысы Белек Солтоноев колуңуздардагы бул эмгегин 1895-жылдан баштап жазып, 1934-жылы аяктаган. Өзү 1938-жылы репрессияга дуушар болуп атылып кеткен, 1955-жылы акталган.
Китепте кыргыздын жаралыш доорунан башталып, 1916-жылдагы көтөрүлүшкө чейинки материалдар камтылган. Бул кол жазма көптөгөн жылдар бою туңгуюкта жатып, жарыкка чыгууга, атүгүл кенен-кесири сөз болууга да тоталитардык бийликтин тушунда тыюу салынып келген.
Бул китепте автодун баардык эмгектери камтылган
китептен үзүндү
"
ТАЙЛАК МЕНЕН КЫТАЙ СОГУШУ
Болжолу 1825-жылдарда жайлоо кезинде бир кабарда 600, бир кабарда 1000 кытай (соңкусун апыртып айтса керек) келип, Нарын өзөнүнөн саяк кыргызы чоро уругунан Тайлактын айылын түн ичинде капылетте жатканда тегеректеп калган. Тайлактын Бөбөтай, бир кабарда Ноорузбай деген жигити үйүнө киргизип койгон Тайлактын Буурул ат деген күлүк атын жетелеп чыгып минип, жөө калган Тайлакты аттын куйругун карматып, сүзө качып, калың кытайды жара качып кутулган (Тайлактын катыны жаш баласын аркасына сала чуркап келе жатканда жигит катындын колунан кытайлар жабышып, баланы жулуп калган кабар бар.) Түн боюнча туш-туштагы саяктын күлүк аттуу баатыр жигиттери жаа тарткан, мышык аткан мергендерин жыйып, кара журттуу айылга калтырбай, абышка, жаш баланы койбостон чогултуп, алардын караанын көрсөтүп, көрүнөө Жерге коюп, андан жасоосун ылгап, айырып чыгып, кытайга көрүнбөй качырып чыгар жерден бугуп, таңдын атышын күтүп турган. Таң аппак атканда калың кытайдын капкара болуп котолоп айылды басып жатканын көрүп, катын-бала, калган эл-журтту кырып таштаган экен деп, Тайлактап ураан чакырып, бүткүл эр-азаматы урган таштай болуп качырып чыкканда, кытайдын көбү аттарына мине албай, далайын саяктар өлтүрүп жиберген. Кытайларды айылдын үстүнөн сүрөп чыгып урушуп жатканда саяк Байбагыштын айылында ат семиртүүгө жайлап, Нарындын боюнда Куртка Коргондо жаткан өзүбектин жүз сарбозу, бир кабарда кытай келет деп кооптонуп жаткан аскерине кабар жетип калып, алар согушуп жатканда үстүнөн чыгып, кытайлар чыдай албай качкан. Кыргыздар үч күн согуш кылып, Арпа менен Нарындын ортосундагы Кароо деген капчыгайга камап алган. Кытайлар түн ичинде арчанын түбүнө от жагып тамак бышырып жатканда, кыргыздар жашынып барып, чекесинен сүйрөп качып, өлтүрүп турган. Күндүз жапырык, түндө туш-туштан тегеректеп кыйкырык менен камап алганына чыдай албастан, чап менен өйдө чыга качып, мурун бүткүл кийимдерин өрттөп, анан соң бирин-бири кылычташып өлтүрүшкөн. Өзүн-өзү дагы өлтүргөн. Белине ок тийип, арчада жаткан кытай жаа менен Норузбайды атып жибергенде тийбей калып кытайды өлтүргөн. Ошончолук жүздөгөн кытайдан сарала атчан бир кытай качып кутулган. Кыргыздар кытайдын айыл үстүнөн сууруп чыкканда кытайдан коркуп, Тайлактын үйүнө камалган калың катын-кыздын жакшыларын кытайлар бөлүп, жамандарын (өңү сертин) бир башка бөлүп, чекесинен өлтүрө баштаганда кыргыздардын жемирип кирген чагы болгон. Кытайлар өлтүрө баштаган далай катын-эркек балдарын дамбалдын арасына катып алган. Тайлак 42-жашта өлгөн. Бул согуш тууралуу эл арасындагы ыр:
Туткуй толгон эл деген —
туйгун Тайлак эр деген.
Майстан толгон эл деген —
баатыр Тайлак эр деген.
Тайлак минди буурулду —
тамандары туурулду.
Таталаган кытайлар баары
бүткүл кырылды.
"
Кызыл Кыргыз тарыхы
- Автор: Белек Солтоноев
- Жанры: Тарых
- Жылы: 2017
- Басмакана: Турар
- Барагы: 492
- ISBN: 978-9967-15-716-3
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
700Сом
Сунушталган китептер
Теги: Кызыл Кыргыз тарыхы, Белек Солтоноев, тарых, үркүн