Кыргыздар жөнүндө көптөгөн тарыхий маалыматтар, санжыра, мурас, салт, рухий маданият, элдик билимдер жөнүндө жана башка кызыктуу маалыматтар камтылган 20 томдон турган китептер жыйнагы сиздин назарыңызда. Түзгөндөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев
Аталган китептин авторлору – Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. Бул китепке кыргыз элинин байыркы доорлордон тартып азыркы күндөргө чейинки бай тарыхы, үрп-адат, каада-салттары, санжыралары топтолгон.
Тарыхчы-окумуштуулардын айтымында бул эмгек кыргыз элинин уңгулуу баалуулуктарын, ата мурасын, тарыхый эс тутумун өзүнө камтып турган энциклопедиялык эмгек болуптур. Чынында эле «Кыргыздар» китеби кийинки муундар үчүн баа жеткис байлык, өзүнчө жаткан кенч.
Каныбек Иманалиев эң байыркы тарыхы бар, улуу элдерден экенибизди айтып мактаналы дедик дейт. Автордун айтымында дүйнөдө алтындан жасалган 3 бет кап табылган болсо, Кыргызстандан табылган бет кап комузчунун сөөгүнүн жанынан табылган. Мындан миң жыл мурун кыргыздар менен чектеш жашаган 14 улуттун ичинен кыргыздар кана элдүүлүгүн сактап, өз алдынча мамлекет болуп калган. Калган улуттар жиксиз жок болуп кетишкен.Эгер мындан 1,5 миң жыл мурун 20 улуттун жазуусу болгон болсо, анын бири кыргыздар болгон. Мына ушундай уникалдуу тарыхы бар кыргыз элинин ар замандагы маалыматтары ушул китепке киргизилген. Депутат Каныбек Иманалиевдин айтканына караганда бул китепте 300дөн ашык тарыхчылардын, санжырачылардын, элдик авторлордун эмгектери орун алган.
Сунушталган китептер
Тагай бий
Бул чыгармада “Тагай бий” аталган Мухаммед Кыргыздын өмүрү баяндалган. Жазуучу өз чыгармасында ошол ..
380Сом
Кыргыз санжырасы
Кыргыз элинин санжырасы толук камтылган, бул китептен ар бир кыргыз өз уруусун таба алат ..
200Сом
Энесай кыргыздары
Сүрөттөлгөн тарыхый альбом, энесай кыргыздарынын ата-тегине, маданиятына, Энесай жергесиндеги кыргыз..
650Сом
Улуулардан таберик
Китеп жалпы эле элибиздин салттуу өнөрлөрүнө кызыккан окурмандарга арналат. Түзүүчүлөр С.Рысбаев, К...
300Сом
Кыргыз санжырасы (жыйнак)
Кыргыз санжырасы китеби - кыргыз элин чыгып келиши, таралышы жана кыргыз баатырларын салгылашуулары ..
450Сом
Кыргыздар (14 томдук)
Кыргыздар жөнүндө көптөгөн тарыхий маалыматтар, санжыра, мурас, салт, рухий маданият, элдик билимдер..
3 500Сом
Каар Заман (3 китептен турган роман)
Исай Калашиновдун бул романы 12 кылымдын аягы, 13 -кылымдын башындагы моңголдордун турмушу чагылдыры..
990Сом
Кылымдардын кыйырынан кабар!
"Өткөнүн унуткан келечегин издеп таба албайт" Тарыхый романдардын устаты Төлөгөн Касымбеков: -Нур..
400Сом
Кыргыз даанышмандыгы
Кыргыз даанышмандыгы: Кыргыз улуту кылымдарды карыта ыйык барктаган , сактаган табериктер топтому. ..
250Сом
Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы
Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы, кыргызчага которгон Айдарбек Сарманбетов. Санжыргалуу ..
300Сом
Байыркынын издери
Байыркынын издери. Кеңеш Жусупов Бул китепте байыркы кыргыз элинин б.з.ч 3-кылымдан биздин заманд..
450Сом
Кыргыз тарыхы
Бул китепте байыркы кыргыздардын тарыхый жолу, Оң, Сол, Ичкиликке бөлүнгөн толгон учуру, ээлеген жер..
600Сом
Кызыл Кыргыз тарыхы
Кыргыз элинин чыгаан тарыхчысы, адабиятчысы Белек Солтоноев колуңуздардагы бул эмгегин 1895-жылдан б..
700Сом
Теги: Кыргыздар, Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев, Энесай кыргыздар, китеби, тарых, 20 томдуктар, санжыра