Бул чыгармада “Тагай бий” аталган Мухаммед Кыргыздын өмүрү баяндалган. Жазуучу өз чыгармасында ошол кездеги байыркы кыргыздардын турмуш-тиричилигин ынанымдуу сүрөттөөгө далалаттанган.
.......
Ак Эне өзү токтоо, кең пейил, ай жүздүү болгон менен анын жүрөгү нелерди гана көрбөдү. Кай азапка гана чыдабады. Эне байкуш кара жердей чыдамдуу, кең асмандан айкөл окшобойбу. А болбосо бүт адам аттууну өз баласындай тең көрүп, бир жолку кыргында душмандын тоголок жетим калган кызыл эт баласын бапестеп багып, «Чырагым, кулунум» деп эркелетип, эне сүтүн бербесе да элик сүтү менен чоңойтуп өстүрдү. Ал кийин бой жетип ата-теги ким экенин билгенде жоо тарапка өтүп, чыккынчылык кылбадыбы. Эне жүрөгү ошого да чыдап, түттү. Бу дүйнөдө эң ызгаар суук болсо мына ошонун азабын эң ириде Ак Эне көрдү. Ызгаарды кебелбей мээрими менен тосту. Бирине да бөгүп койбоду. Бирок ал сыртынан гана. Ичинен жүрөгү нечен мыжыгып, уктабай канча түн кечип, эче таң атырды. «Урук калсын» деп эркектер көбүрөөк ээликкен менен тукум калтырып, жашоо улоо үчүн эч ким Ак Энедей азап жеп, түйшөлбөдү. Болбосо куру намысчыл эркектер жылкы мүнөз келип, ачууланган жерде айыгышып, бири-бирин өлтүрүп кете берет. Артында калган жетим, жесирди эне гана ойлойт. Эне гана адам өлтүрбөй, адам апкелет бу дүйнөгө. Энелер гана өмүр учугун улайт. Таш боор дүйнө эркекти жоолашып киши өлтүргөнгө жөнөтсө, энени гана адам төрөп, тукум улантууга жараткандай.
...Ак Эне ымыркай жаткан боз үйгө кирсе, жаңы төрөгөн келин чочугансып, бир аз оодарыла түштү. Ымыркайы азыр эле эмген өңдүү, уурту жылмайып, ээрдинде ак сүттүн тамчысы мөлт-мөлт этет. Үргүлөп бараткан неме жуурканын оңдонуп:
– Жеңе, кечиресиз, азыр мен тез эле, ии, таң атып кеткен турбайбы, – деп оңтойсуздана түштү.
Ак Эне жакын келип, баланы кымтылап жаап:
– Төбөсү ачылбасын, төбөсүн жан кишиге көрсөтпөң, – деди.
.......................................
Алардын сөзү бүткөндө алдыда каакымга конгон көпөлөктөй үлбүрөк кийинген, өзү да жел жүрсө эле учуп кетчүдөй, буттары да, колдору да, мойну да ичке, жайнактаган эле көзү болбосо, катуураак эле дабыш чыкса коркуп качып кетчүдөй туюлган, алданемедей назик кыз пайда болду. Уялыңкы карап, бийди, анан аны алып келген эки жигитти бир тиктейт. Аңгыча тиги эки жигит арты менен жылып акырын чыга беришти. Эшик тарс жабылды. Кыз ошондо чочуп, үн чыккан жакты жалт карап алды. Чоочун бутакка конгон куш сыңары улам-улам эки тарабына элеңдейт. Тагай бий ордунан обдулса эле ыргыган таштан үрккөн чымчыктай колунан учуруп ийчүдөй сезилет. Кийимдери да өзүнө куп жарашкан, куурчакты эле кийинтип койгондой. Бий үчүн бул күтүлбөс олжо болду. Бир эсе астында жомоктон түшүп келген перидей сулуу секелек турганына өзү да ишенбей кетти. Кантсе да бий эмеспи, акыл токтотоюн дейт, бирок беш ай бою ат үстүндө жүрүп аял көрбөгөн эркектик азгырыгына алдырып баратты. Анын үстүнө тиги пери да алда немени күткөндөй жылмайыңкы карайт. Капканга түшкөн эликтин чаарчыгындай көздөрү жалдырайт. Бир кадам да баскан жок. Бир ооз үн катпады. Бирок, кудум ымыркайдай дем алганы кадимкидей угулуп туру. Колдору да, уурту дагы азыр эле ууз сүткө тойгон ымыркайдыкындай болтогой. Тагай бий бир эсе аяп кетти. Тамчы суудай тазалыгын, эч бир эркектин эти тийип булганалек аруулугун аяйт. Аяган менен ал аруулук, ал секелектин деми, аялуу көз карашы эми өзүнө тартып азгырып баратты. Ушунун баары түштөгүдөй сезилет. Же кимдир-бирөө атайын уюштуруп сынап жаткандай туюлду. Кантсе да бөтөн эл, бөтөн жер эмеспи. Эмнеси болсо да сыртты бир карап, саксактап келейин деди. Обдулуп, ордунан турганда кыз чочуп кетпесин деп:
– Отурагой, мен сыртка бир башбагып келейин тез эле, – деп чепкенин желбегей жамынып тышка чыкты. Коюу түн. Жамгырга жуунган жылдыздар гана бийиктен жымыңдайт. Жакын жерде жан сезилбейт. Алыстан суунун шары гана болоор-болбос угулат. Кой, тиги секелек кыз качып кетпесин деп тез бурулуп, үй тарапка бет алганда алдынан ак боз ат минген, карылыгы жетип каргылданып сүйлөгөн, ак чепкенчен, ак сакалы белине жеткен карыя чыгып:
– Сен эл камын көргөн Энесайдагы Элтерестин улук тукумунансың! Бул эркектин жолу. Бирок эл атасы болоор адамдын жолу эмес. Жолуңдан тарт! Эл жолундасың. Аялга азгырылып, жолуңду булгаба... Жүрөктү элге арна! Жан-дүйнөңдү Теңирге багышта! Намысты өзүңө калтыр! – деди дагы үнү каргылданып, бирин-экин сөзү угулбай, кайра көздөн кайым болду.
Канча жоо менен чабышкан, бирок мынчалык коркуп көргөн эмес эле. Кылмыш кылаарда колго түшкөндөй болду. Жаш кезинде Акбермет менен Жылуу-Булакка барып, жаңырган айды көрүп, үч тилек айтып ант бергенин эстеди. Темселей түшүп, келме келтирди. Ушунумду эч ким билбесе, көрбөсө экен деп тиледи. Үйгө шарт кирип келээри менен селки экөө бири-бирин суроолуу тиктешти. Эмеле бул кызга эркектин, жигиттин көзү менен карап аткан бий, эми ага атасы кызына мамиле кылгандай:
– Ийе кызым, сизди ушу үйдө бол дештиби?
Ооба дегендей башын назик ийкеп, ылдый карады.
– Андай болсо, эртең жолго чыгабыз, дене талыкшыйт эмеспи, далым жабышып калыптыр, бир ушалап берсең, батамды берейин, – деди.
Башканы күткөн, азыр эле кара сел алып кетчү тал чыбыктай болгон назик жан эми эпилдеп жеңин түрүп, атасындай адамдын мойнун, далысын укалаганга өттү. Алсыз, ичке колдору эптеп тийер-тийбес эле болуп атты. Бир саамдан кийин:
– Болду кызым, өмүрлүү бол. Теңирим теңиңди жалгасын. Эшик караңгы. Ушу үйдө бол. Таң ата өзүм үйдөн узатып коём. Эми тигиндей жатып эс ала гой.
Мындайды күтпөгөн үлбүрөк кыз тез-тез баш ийкеп, ыраазылыгын билдирип, өзүнө уктоого жай камдап болгондо шам өчтү.
............................................................
Тагай бий
- Автор: Каныбек Иманалиев
- Жанры: Повесть
- Жылы: 2015
- Басмакана: Бийиктик плюс
- Барагы: 436
- ISBN: 978-9967-33-127-3
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
380Сом
Сунушталган китептер
Теги: Тагай, бий, кыргызча, китеп, Каныбек, Иманалиев, чыгарма