Бул китепке жазуучунун повесттери, ырлары кирди.
китептен үзүндү.
Көргөндөр шекшип калат деген ниетте алаттардын алакандай айылынан түшө бериштеги сайдын жээгине барып сүйлөшүштү. Болгонун Орекен тажаал төкпөй-чачпай айтып берди:
-Кыргыздын эркектери катынсаак болот. Биздин жесир келинге көкөнө сүйгөнсүп, душмандын жанкечти Жантеңир баатыры ащык болгон имиш. Бул күйөө бала сөрөй бир эле колго тийсе,.. колкосунан чыгарайын. Баатыры жок эл –серкеси жок кой. Бири жардан секирсе, баары секирет: бири камалса, баары камалат. Аны мага койгула. Эми беш күндөн кийин Аккуу тою болот экен. Кыргыздар той болгондо эби жок ойноп-күлүшүп, эс акылдан кеткиче мас болушат. Илгери бир тоюнда көргөнбүз. Алар мас болгондо малдай көгөндөп, малдай кылып айдап кетсе болот. Бул элге убал жок , биздин эрлерибизди, балдарыбызды малдай кырышпадыбы. Ушул Аккуу тоюндагы түндү пайдаланбасак, кийин кайра эле бизди кырышат. Катынсаак тойчул кыргыздардын кырчаңгысы ашынып калыптыр, катыгын берели. Эми силер, экөөңөр, түнү менен тиги Саян тоосунун аркы бетиндеги чоң алаттарга кабар айткыла. Тирүү калган катын-калачтары курал-жарактарын даярдашып, эркекче чопкуттарны кийиниип, эртең Аккуу тою болот деген түнү биздин кичи алаттардын айлына келип түшүшсүн. Чакмакты көбүрөөк алсын, тамызгыга малдын майынан көбүрөөк алышсын. Кыргыздарды кылыч менен кырып эч ким түгөтө алган эмес . Бирок аларды катынга мас, бийликке мас, байлыкка мас кезинде өртөп түгөсө болот. Тукумуң курут болгон кыргыздар, эркекттерибизди өлтүргөнү аз келгенсип, канчалаган мал-мүлкүбүздү тоноп алышты. ......
....Бул жолугушууга Жантеңир жанына тынчтык бербей шашылып келди. Акыркы учурда Аруузаданы алты өмүр берсе да арылбас арманга батып, жан сырын санаага катып, көңүлүнө көкүрөк күйгөн муң чачып сагынчу болду. Өзгөчө аны бирде жазгы көктөмдөй , бирде сүт эмген бала жыттанган керемет жыты эңсетет. Ал жок жерде ошол тааныш жыт жытталып калчудай эле искеп дем алчу болду. Канча иреь согуш сапарыеа чыгып, күндөп-түндөп жол жүрүп өзүнүн Ата-Журтун сагынганда жыттооч кылып бир тутам шыбак ала жүрчү.Чындап сагынганда ошол шыбакты жыттап, анын каңшаарды өрдөгөн жытына бир чүмкүп алаар эле. Дүйнөдө шыбактын жытындай жыпар жыт жок болсо керек деп ойлочу. Азыр Аруузаданын жанында шыбак жыт эч нерсеге таттыбайт таризде. Тез эле жетип, тез эле жыттагысы келет. Жанзаадасын өпкөндөн да жыттоо бир керемет таасир берип, деми делбиреп, көзү тумандап, ашы айланып, үнү каргылданып, жаны жыргап бир өзүнчө керемет сезимдерге бөлөнөт.........
Алтынкөлдүн аккуусу
- Автор: Каныбек Иманалиев
- Жанры: Повесть
- Жылы: 2005
- Басмакана: Учкун
- Барагы: 328
- ISBN: 9967-428-02-3
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
250Сом
Сунушталган китептер
Теги: Алтынкөлдүн, аккуусу, Каныбек, Иманалиев, Энесай, кыргыздар, китеби, ырлары, повестти