Эсенгул баатыр, китеби

Китеп кыргыз элинин  дагы бир баатыр Эсенгул тууралуу санжыралуу баяндалат. Эл журтунун кам-камылгасын ойлоп, элдин мүдөөсүн орундаткан калыс эл башчысынын элине болгон ак кызматы тарыхта унутулбай айтылып келет.

китептен үзүндү...

Эшим баласыз жүрүп , үч аял алат. Бирок аялдары төрөбөйт. акыры илгери үмүт менен дагы Ыштыкчынын кызына калыңды арбын берип үйлөнөт. Бул аялга улуу аялдары каршылаш болуп күңүлөшөт.

Ушул күндөрдө жаш аялдын боюнда болуп, ай күнүнө толуп турган кезде, улуу аялдары "жур сары журт болуп, такырайып кетти" деп Эшимди азгырып, Таластын суусун кечирип көчүртөт. Бул шумдукту эмнеликтен болуп үч аял карандай какшап, көчтү суу кечиргенине эч ким шектенбейт. Сууну кечип келатканда боюнда бар жаш аялды, чукулдап бастырышып аттан ажыратып, түртүп жиберишип, "сууга ат мүдүрүлүп жыгылып агып кетти" дешип өздөрү кете берет. Ошо учурда боорукер бир жигит, аялдарга  көрүнбөй тез кабар берет. Аял чоң сууга далбас уруп жатып аралга чыгып, эки суунун ортосуна эсинен танып жата берет. Кабарды уккан Эшим угаары менен тез чаап, сууну жээктеп үн салып издей баштайт. Эч дыбыш жок. кайра суунун агымы менен аралга келсе, аял жаңы төрөп киндигин өзү кесип, баланы көйнөктүн этегине ороп, өзү жуунуп тазаланып жаткан кезде Эшим үстүнөн чыгып, баланы ороо өзү өңөрүп, аялды учкаштырып айылын алып келип азан чакырып, Кудайберген деп ат коёт. Баланын өңү эжигедей сапсары болот. Келип көргөн эл "бул эмне деген өң" дешет. Ошондо болуп өткөн окуяны Кадырга айтышат "үч туубас аялыңдын жосунсуз жоругу". Алар "бул жаш аял бала төрөп берсе бизди карабай, балауу аялына ооп бизди кетирет. Эми бизди карыганда ким карайт деп, өлтүрүүнүн камын ойлоп.....

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Эсенгул баатыр

  • Автор: Таштанбек Бийназаров
  • Жанры: Роман
  • Жылы: 2014
  • Басмакана: Бийиктик плюс
  • Барагы: 272
  • ISBN: 978-9967-33-009-3
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 350Сом


Сунушталган китептер

 Кожомкул балбан баяны

Кожомкул балбан баяны

" Кожомкул балбан баяны" Кыргыз балбаны жөнүндө толук маалымат камтылган кызыктуу китеп ..

450Сом

Тагай бий

Тагай бий

Бул чыгармада “Тагай бий” аталган Мухаммед Кыргыздын өмүрү баяндалган. Жазуучу өз чыгармасында ошол ..

380Сом

Хан Тейиш

Хан Тейиш

Хан Тейиш (жуңгар -ойрот жапырыгы), Асанбек Стамовдун кызыктуу китеби эми биз менен. Үч-Алматанын..

800Сом

Хан Ормон

Хан Ормон

Хан Ормон - тарыхый роман. 1-2-китеп.  XIX-кылымда бир жагынан Кокон хандыгы, бир тараптан Цинь..

700Сом

Теги: Эсенгул баатыр, китеп, тарых, кыргыз тилинде, роман, китептер