Хан Тейиш (жуңгар -ойрот жапырыгы), Асанбек Стамовдун кызыктуу китеби эми биз менен.
Үч-Алматанын этегинде Жарбаң баатыр кулу Текебай экөө аң уулап жүрүшкөң. Баглан козунун этин эзиле бышыртып, нан-паны менен кошо дастаркон жасады да, Сынаруу эки кол чанач кымызынды бөктөртүп сары күңдү жолго салды. Тыпыган сарй келиндин башында кийме элечек. Кула байталга минген келин түш оой баатыр жүргөн жерге жетип, эркектерге жакын барбай, аттан түшө калып: “Арбаңыз” – деп салам айткан соң, үч бүктөлө жүгүндү. Алик алып, сен кимсиң дегендей баатыр ормо караганда, келин какшап жиберди.
- Баатыр аба, атайын сиз менен учурашып, бата алайын деп келатам. Мени жалгап коюуңуз...
- Кайдан келатасың?- деди баатыр дагы деле кебелбей.
- Мен өзүм каңгыларга келин болом. Сизди ушу жакта деп угуп, эч кимге айтпай жүрө бердим...
- Менде эмне жумушуң бар эле?
- Баатыр аба, эрге тийгениме жети жылдын жүзү болду. Согончогум канабай перзентке зар болуп журөм. Сураштырп көрсөм, касиеттүү баатырдын батасын алсаң эле эркек төрөйсүң дегенинен эч кимге айтпай келе бердим. Бышырылган тамак ашйы бар.
- Баатыр жакшылап бата берсе эле, сөзсүз төрөйсүң, - деп Текебай тийиштик кылды келинге.
Жарбаң кулун жаман көзү менен карап койду да:
-Тилегиң жакшы экен, келин бала. Батаны аямак белек,-деп бел чечти. Өзү да аябай суусап турган.
Келин тамак ашын дастарконго жайып, ийиктей чимирилип жүрөт. Дастарконго бата кылып отураары менен кол чаначтагы бал чайкалган кымыздан чоң сыр аякка куюп туруп, өзү ооз тийди , анан кош колдоп баатырга сунду. Кымыз колуна тиер менен аны тартып жиберди Жарбаң. Артынан Текебай жутту бир аякты. Ошо бойдон шашпай козунун эти желип, бир кол чанач кымыз түгөнүп, экинчиси белине түшкөндө баатыр кобурады.
-Кымызың күчтүү экен, келин бала. Теңирим тилегиңди берсин, карачы деми тим эле башка чыкты, - деп чыканактай берди.
Дароо уйкуга кеткен баатырдын ойгонор түрү жок эле. Текебай андан мурда эле тырп эте албай калган. Ушуну эле күтүп турган сары келин алеки заматта дастарконду жыйнап, кол чаначтарды байталдын канжыгасына бөктөрдү да сулк жаткан баатырды үч курдай аттап өтүп, акыркысында буту анын чыканагына тийип кеткенде Жарбаң бир мандемди сезгендей дароо чоочуп ойгонду. А кезде балекет келин кула байталды тызылдата чаап, учуп-күйүп бараткан эле. Текебай да келин баатырды аттап кеткенин көрүп калыптыр.
-Баатыр, үстүңдөн атттап кетти!- деп кыйкырган бойдон ордунан тура албайт. Апийим чыланган кымыз экөөнү тең алсыратып тыштаган.
Карма Текебай, кууп жетип башын ал!-деп катуу кыйкырганы менен шалдырап эси оогон бойдон ордунан туруп кетүүгө дарман келген жок. Жаман жышаанды сезген Жарбаңдын айласы куруп, өзүнчө маң болуп калды.
Текебай араң дегенде ордунан туруп, алыс отттоп кеткен атын таап минп, качкындын артынан чапкылаганы менен анын изи капкачан эле сууптур. Малай калп жерден өзүн жооткотту.
-Келин эмей эле азезил окшойт. Эч жерден дайны чыкпады. Ал кезде сары келин башындагы кийме элечекти куржунга катып, эркекче кийинген бойдон коңур жайлоосундагы Сынаруу айымдын өргөсүн көздөй тызылдата чапкылап бараткан болчу..............
Хан Тейиш
- Автор: Асанбек Стамов
- Жанры: Роман
- Жылы: 2012
- Басмакана: Бийиктик
- Барагы: 808
- ISBN: 978-9967-13-912-1
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
800Сом