Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы

Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы, кыргызчага которгон Айдарбек Сарманбетов.

Санжыргалуу “... Санжыра”

Көзүнүн тирүүсүндө бийик, татаал, дүр-дүйүм дүйнөсүн жетик түшүнө албагандан, оомалуу заман капшабынан татыктуу бааланбай, бирок убакыт өткөн сайын аткан таңдай күнүгө улам жаркырап чыгып, элеси да, эмгеги да түбөлүк жана берген улуу адамдар болот. Шакарим Кудайберди уулу ошондой орошон инсандардан. Кимдин кимдигин заман, тарых элгеп, акыры баарын өз ордуна коёт тура.
Кандаш казак элинин улуу ойчулу, классик акыны жана жазуучусу, композитор, тарыхчы Шакарим Кудайберди уулунун бул, көөнөргүс көп эмгектеринин бири болгон “... Санжырасы” көчмөн элдердин, алардын башаты да, өзөгү да болгон түрк элдеринин түпкү тарыхы, тактап айтканда нечен кылымдарды кече аман келген оозеки тарыхынын тереңден талданып, изделип, иликтелип чыгып, кагазга түшүрүлгөн түрү. Бул “... Санжыра” жазылбай калганда бүтүндөй көчмөн элдердин, түмөн түрктөрдүн тарыхынын не болмогун айтуу кыйын. Мына, “... Санжыранын” куттуу куну, Шакаримдин баалай алгыс баркы. Рас, санжыралар кең дүйнөдө жок эмес, бирок оозеки тарыхты мындай кеңири: араб, кытай, моңгол, орус... жазма казыналарынан сая түшүп казып, таруудай бирден тере чогултуп, тапкандарын талдап-тактап, дүйнөлүк булактарга негиздеп, өчпөс кылып кагазга жазуу не деген эрдик, кандай нарктуу эмгек!
Шакаримдин айрым чыгармаларын, анын ичинде ушул “... Санжыраны” да мурдатан эле үзүл-кесил окуп, угуп жүргөн элем. Алыстан азгырып турчу. Бирок жакындасаң оп тартып кетчү океандай кооптонтуп да турар эле. Шакарим дүйнөсүнүн ааламдай кеңдигин, татаалдыгын, даанышмандыгын туюп, аларды толук аңдоого бир адамдын өмүрү жете бербестигин даана билип, алыстан гана көз бакчымын. Ал, ажайып дүйнө аралашуума азгырып да турчу... Элибиздин акылгөй уулу, “Турар” басмасынын ээси Тилек Мураталиев “... Санжыраны” кыргызчалап берүү сунушу менен кайрылганда көптөн берки көңүлдөгү талылуу мерчемдин акыры келгенин, артка жол жоктугун даана туйдум да тобокел деп, жан дилимден макул болдум. Арийне, алп акылман, даанышман Шаакарим бабабыздын 160 жылдык мааракеси да астанабызга келип туру... Ага азыноолак белегимди да арнайын дедим.
Кыргыз-казак – бир эл деп көсөм бабабыз тегин жеринен айтпаган, тарыхий татаал жолубуз, дилибиз, тилибиз, динибиз... каныбыз – баары эзелтен эриш-аркак жуурулушуп келген. “... Санжыра” казак тилинде болгонунан кыргыздар жетик түшүнүп окуй алышканынанбы, же даап, чыгынышкан эмеспи, негедир толук кыргызчаланбай келген экен. Тил –жандуу, заманга жараша жаңырып, өнүгүп же колдонуудан калып, эскирип турат. Бул – мыйзамченемдүү. Азыркы кыргыз-казак тилдери да илимий заманга жараша жаңырып, байымы артып... кай бирлери “эскирип”... баштагы эгиз тилдигинен алыстап, түшүнүксүз тартып баратканы жалган эмес. Бир тууган кыргыз-казак адамдары азыр бири-биринин тилин толук түшүнө бербей, мурдагысындай эне тили катары эркин сүйлөшө албай калганы ошондон улам, ал - акыйкат, жашыруун эмес. Ошондон улам “... Санжыраны” кыргызчалоону мыйзамченемдүү зарылдык деп санадым. Казак жергесинде аскердик милдетимди өтөп, куда-сөөк күтүп, жазуучу-акындарынын көркөм чыгармаларын кыргызчалап, барып-келип азыноолак тажрыйба күткөнүм менен “... Санжыраны” кыргызчалоодо шыр кете албадым. Шакарим тилин, баяндоо ыкмасын, түпкү жер-суу, адам, уруу... аттарын так берүүдө кыйынчылыктар болбой койгон жок. Анүстүнө, дүйнөдөгү эң жакын калктардан экенибизди дагы бир ырастап, “...Санжыраны” түп нускасында жеткирүүнү көздөдүм, ошого жараша аракет жасадым. Айта турган нерсе Т.Мураталиев мага берген орусча котормонун бардык котормолордой эле түп нускадан аз да болсо четтеп кетүүлөрү (тарых – тактыкты талап кылат), тилибиздин жакындыгы менин түп нусканы кыргызчалоомо башкы себеп болду. Ошол эле кезде автордун өксүктүү өмүр жолун, кимдигин, анын “... Санжыраны” жазуусундагы айрым жагдайларды, анда айтылган айрым орчундуу окуяларды, атактуу инсандардын тагдыр-жазымышын, артындагы сыр-себептерди... окурманга жеткиликтүү, толугураак түшүндүрүү максатында орусча котормодогу толуктоолорду, шилтемелерди да которуп, кошууну туура көрдүм. Антпесе, кадыресе, даярдыксыз келип калган окурмандар, алтургай тарыхчы-илимпоздор да үстүрт түшүнүк алып, “суусундары канбай” калабы дедим. Мындай маанилүү ишти так берүүдө казак элинин таланттуу жазуучусу, Шакарим бабабыздын тобыкты уруусунан чыккан уруулаш тууганы, ини-досум Талгат Кеңесбаевдин мага тирек болуп, “... Санжыранын” түп нускасын таап берип, байыркы же көркөм сөздөрдү чечмелеп... бирге “күйүшкөнүн” ыраазычылык менен айтпай коё албаймын.
Кыскасы бул “... Санжыра” далайлардын көзүн ача турган, Евразия алкагындагы байыркы көчмөн элдердин Адам ата, Обо энеден берки тагдырын, Атилла, Чыңгызхан, Тамерлан, Бабур... сыяктуу дүйнөнү дүңгүрөткөн түрк чыгаандарынын ата-тегин, моңгол-татар жортуулдары, “Улуу жапачылык” окшогон оттуу окуяларды, уруу-элдик чачырап-чогулууларды, жеке эрдиктер менен жексур кутумчулуктар... – алардын бардыгын жараткан, жон терисинде жоорута тарткан уруулардын, элдердин оомалуу-төкмөлүү так тарыхы, түп башаты ушул китепте - Шакаримдин уңгулуу “... Санжырасында”. Чалкыган Евразия алкагынын гана эмес, жалпы адамзаттык алкактагы улуу даанышман Шакарим Кудайберди уулунун дагы бир санжыргалуу, көөнөргүс чыгармасы кыргыз элинин колуна эне тилинде тийип олтурат. Анда Азиянын байыркы элдеринин бири, түрк журтчулугунун ушул кезге чейин сакталып калган уюткулуу калкы - кыргыздардын түпкү тарыхы, казак эли менин эзелтеден эриш-аркактыгы, көчмөн замандагы ооматтуу орду, “курамалуу” уруулары да камтылган. Арийне, “... Санжыра” канчалык деңгээлде кыргыз журтчулугуна сунулду, ал сөз удулу келгенде айтылбай койбос.

Айдарбек САРМАНБЕТОВ, жазуучу, котормочу.

КАРА-КЫРГЫЗДАР
Орто жүздө кыргыз уруулары бар. Көп эмес. Алар – (мурдагы) туткундар. Кыргыздар эң байыркы эл. Кыргыз деген сөз казактай эле мааниде – “кыдырып жүргөн, эркин (өз алдынча көчүп жүргөн, жапайы)”. Ы.П.га чейин үчүнчү кылымда эле кыргыздар Тянну-Ола жана Алатоо ортосундагы жерлерде көчүп жүрүшкөн. Чыңгызхан мезгилинде кыргыздардын ханы Арыс-айнал болгон. Айнал – кыргыздардын хан даражасы. Аты – Арыс. Чыңгызхан багынып берүүсүн талап кылып элчиси Барини (Турамыш) ага жиберет, кыргыздардын ханы анын шартын кабыл алып, кымбат белектери менен ак шумкарды тартуу кылат. Абулгазинин маалыматтары боюнча алардын бабасы Кыргыз Огузхандын неберелеринин бири болгон. Кыргыздар ошонун урпактары. Азыркы учурда кыргыздардын негизги бөлүгү өздөрүнүн байыркы жеринде – Санташ ашуусунан тартып (Алатоонун батыш кыркалары) Памир тоо чокуларына чейин жашап турушат.
Алар оң жана сол (Алатоонун капталы боюнча) кыргыздарга бөлүнүшөт. Алардын уруулары: бугу, сарыбагыш, солто, черик, багыш, саяк. Бул, алты уруу Сагай дегендин урпактары. Дагы үчөө – адыгине, муңгуш, ичкилик – Адыгине бутагы. Акыркы эки уруу – биздин кыпчактар, кыргыз болуп калышкан аргындар менен наймандар. Биз, кийин казак аталып калганыбыз менен чындыгында биз дагы кыргыз тукумунанбыз.

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы

  • 300Сом


Сунушталган китептер

Улуулардан таберик

Улуулардан таберик

Китеп жалпы эле элибиздин салттуу өнөрлөрүнө кызыккан окурмандарга арналат. Түзүүчүлөр С.Рысбаев, К...

300Сом

Кыргыз санжырасы (жыйнак)

Кыргыз санжырасы (жыйнак)

Кыргыз санжырасы китеби - кыргыз элин чыгып келиши, таралышы жана кыргыз баатырларын салгылашуулары ..

450Сом

Кыргыздар (14 томдук)

Кыргыздар (14 томдук)

Кыргыздар жөнүндө көптөгөн тарыхий маалыматтар, санжыра, мурас, салт, рухий маданият, элдик билимдер..

3 500Сом

Кылымдардын кыйырынан кабар!

Кылымдардын кыйырынан кабар!

"Өткөнүн унуткан келечегин издеп таба албайт" Тарыхый романдардын устаты Төлөгөн Касымбеков: -Нур..

400Сом

Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер

Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер

Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Абрамзон Саул Түзгөн  Өмүркул Караев..

1 500Сом

Кыргыз даанышмандыгы

Кыргыз даанышмандыгы

Кыргыз даанышмандыгы: Кыргыз улуту кылымдарды карыта ыйык барктаган , сактаган табериктер топтому. ..

250Сом

Кыргыздар (20 томдук)

Кыргыздар (20 томдук)

Кыргыздар жөнүндө көптөгөн тарыхий маалыматтар, санжыра, мурас, салт, рухий маданият, элдик билимдер..

5 500Сом

Теги: Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы, Айдарбек Сарманбетов, Шакари Кудайберди уулу, китеп