Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Абрамзон Саул
Түзгөн Өмүркул Караев.
-Бул китеп библиографиялык таңкыстыкта болуп, көпчүлүк окурмандардын колуна жетпеген өтө бир баа жеткис этнографиялык тарыхый-маданий эмгек эле. Абрамзондун эмгеги этнографиялык, тарыхый-маданий жактан кыргыз маданиятына, тарыхына, мурасына өзгөчө салым кошкон китеп. Бул эмгек өз мезгилинде партиялык төбөлдөр тарабынан катуу сынга алынып, 1973-жылы бул китепти жазган автор С.М.Абрамзондун: “Менимче, кыргыз эли өтө бир сыймыктануу менен алып окуйт го”, - дегендеги тилеги суу кечпей, адилетсиз катуу сындан кийин, ошол мезгилдеги Ленинград шаарында жүрөгүнөн инфаркт оорусуна учурап, анын кийинки тагдыры өтө аянычтуу өткөнү дагы маалым.
Кыяз Молдокасымов
-Саул Менделевич (айрым китептерде – Матвеевич) Абрамзон 1905-жылы 5-июлда падышалык Орусиянын Орел губерниясынын Дмитров шаарында саат устанын үйүндө туулган экен. Ал эми 1977-жылы Санкт-Петербургда, - мурдагы Ленинградда, - каза болуп, жерге берилген. Өзүң айткандай, 1973-жылы ал күтпөгөн чоң окуя болгон. Ошол кездеги Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын жетекчилиги - Турдакун Усубалиев аксакал жана башкалар - бул кишинин эмгегин сындап, “таптакыр эле байыркы партриархалдык доорго кайра ылым санап жатат; кыргызды урууга бөлүп, жиктегенге аракет кылып жатат”, - деп туруп, илимпозго, болгондо да санжыраны, этнографияны иликтеген илимпозго, эч коошпогон саясий доолорду айтышып, аксакалды өтө беймаза кылышкан экен. Бирок дароо айтыш керек, ошол учурда эле Чыңгыз Айтматов сыяктуу кыргыздын кеменгер айдыңдары Саул Абрамзонду колдоп чыгышкан. Маселен, “...Саул Матвеевич! Кыргыз интеллигенциясы өз кишиси жана чаалыкпас таланттуу илимпоз катары Сизди абдан барктаарын жана жогору баалаарын эч унутпаңыз!”- деп Чыңгыз Айтматов 1973-жылы 10-мартта атайын кат жолдоп, аны жубаткан экен. Ошондой болсо дагы кээ бир аспиранттарына Саул Абрамзон өзүнүн таарынычын айтып келгендиги маалым. “Ошол учурда биз калыс сөз айта албай калдык”, - деп Абрамзон каза болгондон кийин дагы Өмүркул Караев сыяктуу окумуштуулар абдан кейип, бул кишини дайыма эскерип келишкен. Түгөлбай Сыдыкбек уулу дагы абдан жогору баалап келген бул кишини.
Тынчтыкбек Чоротегин
Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер
- Автор: Саул Абрамзон
- Жанры: Тарых
- Жылы: 2013
- Барагы: 896
- ISBN: 978-9967-15-298-4
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
1 500Сом
Сунушталган китептер
Ысык-Көлдүн жети акеси
Тарых,санжыра,камтылган кызыктуу китеп биздин дүкөндө. Китепте Карга аке, Мойт аке, Сарт аке, Карач ..
200Сом
Кыргызстан тарыхы
Кыргызстан тарыхы (Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин). Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. ..
450Сом
Манас Семетей Сейтек эпосу, Саякбай Каралаев менен Сагымбай Орозбаковдун варианттары боюнча 4 томдук үчилтик
Манас Семетей Сейтек эпосу, Саякбай Каралаев менен Сагымбай Орозбаковдун варианттары боюнча 4 томдук..
3 000Сом
Кыргызстан тарыхы. Экзамендик 100 суроого жооп
Кыргызстан тарыхы. Экзамендик 100 суроого жооп. Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин камтылган. ..
300Сом
Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы
Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы, кыргызчага которгон Айдарбек Сарманбетов. Санжыргалуу ..
300Сом
Байыркынын издери
Байыркынын издери. Кеңеш Жусупов Бул китепте байыркы кыргыз элинин б.з.ч 3-кылымдан биздин заманд..
450Сом
Кызыл Кыргыз тарыхы
Кыргыз элинин чыгаан тарыхчысы, адабиятчысы Белек Солтоноев колуңуздардагы бул эмгегин 1895-жылдан б..
700Сом
Турсун
Окурмандарга башкы каармандын башынан өткөргөн окуясы өзгөчө көрүнүшү мүмкүн, бирок ал турмуштан алы..
350Сом
Теги: Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы, боюнча тандалма эмгектер, Абрамзон Саул Матвеевич, тарыхчы, китеби, тандалма чыгарма