Окурмандарга башкы каармандын башынан өткөргөн окуясы өзгөчө көрүнүшү мүмкүн, бирок ал турмуштан алынган окуялардын негизинде жазылган. Турсун Ысык-Көл жээгинде төрөлүп, чоңойгон кыз, өспүрүм кезинде үй-бүлөсүнөн бөлүнүп, алыскы Кытайдагы бай адамдын үй-бүлөсүнө туш келет. Каарманыбыз бир топ жыл өзүнө жат чөйрөдө жашап, эрте турмушка чыгып, апийимге азгырылып, көрбөгөн азаптарды башынан өткөргөн соң, тагдыр жазмышы менен кайра өзү туулуп-өскөн жерине кайтып келет. Окурманга Турсундун ХХ кылымдын башындагы драмалык окуяларга аралаш өткөн өмүр жолу кандай уланаарын, аны өз мекенинде эмнелер күтүп турганын, анын үй-бүлөсү жөнүндө билүү кызык болот деп ойлойбуз.
Повесть окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.
Турсун
- Автор: Гульнара Нуркулова
- Жанры: повесть
- Жылы: 2020
- Басмакана: Турар
- Барагы: 188
- ISBN: 978-9967-35-024-3
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
350Сом
Сунушталган китептер
Теги: Турсун, повесть, кызыктуу окуя, кыздын тагдыры