Кылымдардын кыйырынан кабар!, Нурак Абдырахманов

"Өткөнүн унуткан келечегин издеп таба албайт"

Тарыхый романдардын устаты Төлөгөн Касымбеков: -Нурак! Сен санжыраны тирилтипсиң. Бул китебиң уулдардын энчисине, кыздардын себине ылайык китеп болуптур, - деген баасын берген.

Китептен үзүндү

.............

Ал эми ошол заманда шумерлердин чопо китептерге шынаа түрүндөгү тамгалар менен жазылган сөздөрүнүн котормосун орус тилинде интернет булактарына кийирип коюптур. Ал сөздөр бүгүнкү биздин тилибиз менен эч айырмасыз экен. Мисалы; ирик (бычылган эркек кой) - валух, чар - круг, жети-семь, ж.б. көп сөздөр бар экен. Бүгүн деле айлананы же тегерегибизди - "чар тарап" - деп айтабыз. Чыракты тегеренип учкан көпөлөктү - "чар көпөлөк" - дейбиз. Үйүлгөн эгиндин айланасындагы кебек-сабагын "чар" дейбиз. Атбашы жергесинде бир тоону тегеренип ашкан - "Чар" - деген ашуу бар. Кыскасы "чар" деген сөз бизде гана орусча - "круг" - деген маани билдирет.
Анын үстүнө "Египет" деген сөздүн маанисин ал тараптагы калктар түшүнбөйт экен. Бүгүнкү "таазим эт", "райым эт" ж.б. сөздөрүбүз турганда ал тараптын аталышы биздин тилде "эгип эт" (эгип жаша) деген өз сөзүбүз экендиги анык. Тарыхчылар дүйнөдөгү эң алгачкы курулган деп эсептеген "Ур" жана "Урук" деген шаарларыбыздын аталышы дагы бизден башка дүйнөдө эч бир элдин тилине дал келбейт. "Шумер" деген аталыш деле "шум эр" (шумдук эр) деген маанини билдирген өз сөзүбүз экендиги анык. Бул сөздөрдү бүгүнкү турмушубузда колдонуп жаткан биз гана экенибизди билишибиз керек. Ага кошумча б.э.ч. 2150 жыл мурдагы шумерлердин падышасы Гудеанын ташкелбети (статуясы) сакталып калыптыр. Анын башындагы тармал козунун көрпөсүнөн жасалган тебетейи, чапаны, бет түзүлүшү бүгүнкү кыргыздардын кебетесинен эч айырмасыз.
Ал эми Фараондордун курган пирамидалары, башына кийген кайрыксыз ак калпактары, Тутанхамондун сыя төгүп алтындаган саркофагына караганда шумер калкынын Египетке падыша болгон инсандарын египеттиктер Фараон деп атап алышкан. Албетте, фараондорду менин атам деп атаган дүйнө жүзүндө бир дагы калк жок. Ошол Египетте жашап жаткан калктар фараондорду "жарым Кудай" катары эсептеп "биздин аталарыбыз эмес" -дешет. Демек, фараондор биздин аталарыбыз экендигинен улам Тутанхамондун саркофагындагы сыя төгүү өнөрчүлүгү бизде гана сакталган. Мисалы, Тутанхамондун саркофагындагы сыя төгүлгөн жасалганы Тууганбай Абдиевдин кемер курунан бардыгыбыз көргөнбүз. Андай жасалга бизде эл ичинде көп эле сакталган. Бүгүнкү күнү андай жасалга дүйнөнүн музейлеринде же көркөм буюмдарында учурабайт. Демек, ал өнөрчүлүктүн сырын биздин гана аталарыбыз сактап келген.
Тарых кабарларында дүйнөдөгү эң алгачкы шаарлар болуп эсептелген Египеттеги (азыркы Ирак жергесиндеги) Ур жана Урук деген шаарларды мындан 5 500 жыл чамасы мурда Шумер калкы кургандыгы жазылыптыр. Андан 3200 жыл кийинчерээк (б.э.ч. 2300 жыл мурда) Урук шаарын тургундаган шумерлердин айдоо талааларын туздуу суу каптап, туз каптаган талааларга эгин-тегин чыкпай калганда жерден качып белгисиз тарапка кеткендиги айтылат. Аныгында Шумер калкынын ошол бөлүгү б.э.ч. 2 300 жыл мурда чыгышка, азыркы Кытай жергесине келиптир. Кытай тарыхына уламыш катары катталган эң алгачкы "Үй" (орусча - "Юй") падышалыгын ошолор түптөптүр. Аларды кытай тарыхында "Иң" (менимче "Эң") деген аталыш менен туюнтушкан.
Шумерлердин Ур шаарында калган бөлүгүн б.э.ч. 1900 жыл чамасы мурда семитик тилинде сүйлөгөн калктар (аморейлер) Эгипеттен сүрүп чыгыптыр. Ал шумерлер дагы чыгышка келгендигин археологдор "б.э.ч. 1900 жыл чамасы мурда Хуанхе дарыясынын боюнда андроновдук маанайдагы көрүстөндөрдү курган кубаттуу тайпа пайда болгон" деп тастыкташат. Анын дагы бир айныксыз далили ошол замандарда Хуанхе дарыясынын алгачкы аталышы кытай тарых даректеринде "Яшил Өгүз" болуп жазылыптыр. (Л.Н. Гумилёв. "Хунны в Китае"). Кытай тарых жазмаларына катталган бул чындыкты тануу мүмкүн эмес.
Албетте, Кытай тарыхчылары гундардын баштоочу тайпасын "хун" (аныгы "hong" ) - деп жазат. Себеби, кийинки Чынгызхан чапкынына чейин кыргыздардын чач-сакалы кызгылтым түстө, өңү акжуумал болгондугун XI кылымда ирандык жылнаамачы Гардизи жазган. Кымыз жана айран ичкен кишинин өңү деле кызылдуу болору чын. Кытайча "хуң" же "хоң" деген сөз кызыл түстү түшүндүрөт. Англис тилинде "hong" болуп турган туюнтманы орустар негедир "хунн" деп жазып коюшкан. Археологдор Кытайдагы алгачкы түзүлгөн Шаң падышалык династиясынын көрүстөн белгилери хундардыкына же андроновдук деп аталган кыргыз көрүстөндөрүнө окшош экендигин тастыкташат. Демек, Египеттен кийинки Улуу цивилизациянын очогу болгон Кытай маданиятын биздин аталарыбыз түптөгөндүгү чын.
Анын далили катары Немец окумуштуусу археолог Гартвиг Хаусдорфтун 1964-жылы жарык көргөн "Ак пирамида" деген китебинде Кытайда, Шенси провинциясында тургузулган пирамидалар жөнүндө баяндалат. Ак пирамиданын бийиктиги 70 метрден кем эмес экендиги, анын айланасында 17 пирамида ирээттүү жайгашканын жазып, фотосүрөткө тартып алган. Борбордук кытайда, Кин Линь Сян деген тоонун үстүндөгү Цян шаарына жакын жердеги пирамиданын бийиктиги 300 метр, айланасы 500 метр экендигин жазып, Америкалык аскердик учкуч Джеймс Гауссман 1945 -жылы фотосүрөткө тартып алган. Ал байыркы Египет пирамидаларынын алпы Хеопстан эки эсе чоң экендигин белгилеген. Демек, таштарды сомдотуу азабынан кутулган аталарыбыз топурагы кенен жерге келгенде ошондой пирамидаларды курдурган.
Дүйнө элдеринде өлгөн падышаларына алтын беткап (маска) кийгизип көмүү адаты жок. Ал адат Египет фараондорунда жана андровдук маанайда бийик дөбө кылып көмүлгөн кыргыз көрүстөндөрүндө гана учурайт. Биздин тарых музейибизде Кыргыз жергесинен табылган андай алтын беткаптан сезизи турат. Демек, Египет пирамидаларына шайкеш курулган көрүстөн дөбөлөр биздин гана аталарыбыздан калганы чын.
Эгерде андай болбосо кандай себеп менен 7000 жыл ашуун мурдагы сибирь жергесиндеги андроновдук маанайдагы кыргыздын көрүстөн белгилер ошол калыбында Египетке барып калат? Египеттен куулуп чыгар менен эле андроновдук маанайдагы көрүстөн дөбөлөр Кытай жергесине келип калат? Ал белгилер келери менен Кытай маданияты башталып калышын кандай түшүнсө болот? Кандай себеп менен мурда эч бир урунттуу өсүш байкалбаган Кытайда б.э.ч. 1800 жыл мурда курулган алгачкы "Шаң Иң" падышалыгы орноп, так эле Египет маданиятынын белгилерине айкашып пирамидалар курулуп, алгачкы жазуу-сызуу иштери башталып, өкмөттүүлүгү түзүлүп калат? Ага кошумча Шаң династиясынын падышаларынын археологиялык белгилери кандай себеп менен кыргыз көрүстөн белгилерине окшоп калат? "Шаң" жана "Иң" ("Эң") деген туюнтма деле бизге тийиштүү. Демек, ошондой белгилер жана улуу иштер аталарыбыздын улуу касиетинен кабар берип тургандыгы чын.
Андай улуу иштерди баштаган же жасаган адамдын ысымы түбөлүккө сакталуусу турган иш.

............

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Кылымдардын кыйырынан кабар!

  • 400Сом


Сунушталган китептер

Каганат

Каганат

ЭнеСайдагы улуу кыргыз каганаты жөнүндө китеп ..

270Сом

Кыргыздар (14 томдук)

Кыргыздар (14 томдук)

Кыргыздар жөнүндө көптөгөн тарыхий маалыматтар, санжыра, мурас, салт, рухий маданият, элдик билимдер..

3 500Сом

Кыргыз ким болгон? Ким болду? Ким болуш керек?

Кыргыз ким болгон? Ким болду? Ким болуш керек?

Кыргыз ким болгон? Ким болгон? Ким болуш керек? түзгөн Салтанат Кыдырмаева Өзүн тааныбаган адам-ө..

250Сом

Кыргыздын мамлекеттүүлүгү жазма булактарда

Кыргыздын мамлекеттүүлүгү жазма булактарда

Кыргыздын мамлекеттүүлүгү жазма булактарда. Автор бул тарыхый-илимий чыгармасында кыргыз элинин м..

400Сом

Кыргыз даанышмандыгы

Кыргыз даанышмандыгы

Кыргыз даанышмандыгы: Кыргыз улуту кылымдарды карыта ыйык барктаган , сактаган табериктер топтому. ..

250Сом

Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы

Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы

Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы, кыргызчага которгон Айдарбек Сарманбетов. Санжыргалуу ..

300Сом

Байыркынын издери

Байыркынын издери

Байыркынын издери. Кеңеш Жусупов Бул китепте байыркы кыргыз элинин б.з.ч 3-кылымдан биздин заманд..

450Сом

Кыргыз тарыхы

Кыргыз тарыхы

Бул китепте байыркы кыргыздардын тарыхый жолу, Оң, Сол, Ичкиликке бөлүнгөн толгон учуру, ээлеген жер..

600Сом

Кызыл Кыргыз тарыхы

Кызыл Кыргыз тарыхы

Кыргыз элинин чыгаан тарыхчысы, адабиятчысы Белек Солтоноев колуңуздардагы бул эмгегин 1895-жылдан б..

700Сом

Кыргыздар (20 томдук)

Кыргыздар (20 томдук)

Кыргыздар жөнүндө көптөгөн тарыхий маалыматтар, санжыра, мурас, салт, рухий маданият, элдик билимдер..

5 500Сом

Теги: Кылымдардын кыйырынан кабар, Нурак абдрахманов, Улуу баян, тарых, кыргыз эли