Кыргыздын мамлекеттүүлүгү жазма булактарда.
Автор бул тарыхый-илимий чыгармасында кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн пайда болушун ж-а болуп өткөн окуяларды Кытайдын ж.б. элдердин жазма булактарына, бир катар аалымдардын пикирлерине таянып, тарыхый фактылар менен негиздеп сунат. Окурман мындан байыркы кыргыз каганатынын, башка хандыктар өз мамлекетин түптөөдө опол тоодой иш кылышкан тарыхый инсандар менен таанышып, өз ата-тегинин түптүү эл болгондугуна ишенимин бекемдеп, сыймыгы артат.
Бул чыгарма өзүнүн лексикологиясы, тарыхыйлуулугу жана өз алдынчалуулугу менен баалуу.
китептен үзүндү..
Кытай жазмаларындагы ырасмий маалыматта, Кыргыз мамлекетинин баш кишилери булар болгон:
- Какей хан (583-жылы). Кыргыздардын эң эртеде кагаз бетине түшкөн баш кишиси Какей хан аталып, ал биздин санактын 583-жылынан 603-жылына чейин 20 жыл мансап кармаганы жазылган (Түндүк тарыхы 99-ором. «Түрктөр баяны»).
- Элтебер Ишбара ажо (643-жылы). Жазма тарыхка караганда, Элтебер Ишбара ажо 643-жылы Кыргыз бийлигинин ажосу болгон. Ал Кытай менен биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде байланыш түзгөн кыргыздын хаганы экени тарыхый жазмаларда кенен жазылган. Ажо 648-жылы Таң падышалыгынын ордосу Чаң-Анга өзү элчилик тобун баштап келип, императордун кызуу кабылдашына ээ болгон. Ажого сол канат сангун, Кыргыз тутук мекемесинин тутугу деген мансаптарды берген. Ажо да сый дасторкондо кенен сүйлөп: «Кыргыздардын бир тайпасы байыркы Ли лың сангундун тукумдарынан болобуз» деген сөздү айткан. Бул Кытай падышасы үчүн күтүлбөгөн сүйүнүч болуп: «Теги-түбүбүз бир экен» деген сөздү айтып, ажону абдан урматтаган. Элтебер Ишбара ажо 37 жыл тактыда олтурган деген маалымат жазылган.
- Тачам кутлук (681-жылы). Кытай жазма булактарында, кыргыз хаганы Тачам Кутлук деген гана маалымат жазылган. Бирок ал боюнча баяндар али изилденип жатат. Тачам Кутлук 681-жылдан 693-жылга чейин тактыда олтургандыгы жөнүндө маалымат жазылган. Тачам Кутлук бийлик башында 12 жыл турган.
- Жетисан Бекбай Багачор (693–708) Кыргыз бийлигинин Тактысында 14 жыл чамасы отурган. Бул кыргыз хаганынын ысмы жана мансабы кытай тарыхында айкын жазылып гана калбай, анын таштан сомдолгон айкели да таң падышалыгынын байыркы ордосу «Чаң-анда» ушул күнгө чейин турат. Кытай тарыхында, бул кишинин өз аты «Жетисан» экени, ал өз кезегинде «бек» болгону жана «бай» деген атагы бар экени, ошол кездеги мансабы «багачор» аталган деп чечмеленген. Ал эми таң падышалыгы аны «сол канат сангун, кыргыз коргоочу мекемесинин тутугу» деген наам менен атаганы жазылган. Кыргыздын бул баш кишисинин байыркы ордо Чаң-Анда (азыркы "Ши-анда") таш айкелинин тургузулушунун мындай чечмелеген: биздин санактын 683-жылы Таң падышасы Таң Гавзоң (Ли Жие) каза болгондо, анын кара ашына келген чет элдик төрөлөдү эстеликкке алуу үчүн, 684-жылы таң падышалычыгынын тактысына чыккан аял падыша Ву Зытыян буйрук берип, ал кара ашка келген чет элдик төрөлөрдүн айкелин таштан ойдуруп, падыша көрүстөнүнө тургузууну чечет; ошону менен, азыркы Ши-Ан шаарында, 61 мамлекет жана бектиктердин төрөсүнүн таш айкели.......
- Барс бек (708-жыл). Тарыхта жазылган маалыматка караганда, Барс бек кыргыз хандыгына 708-жылы баш киши болуп турган. Мансап аталышы «Бек» болгон. Ал бийлик тактысында 4 жыл олтурган. Барс бектин баяны чыгыш түрк хандыктарынын ташка чегилген баяндарында, атап айтканда, «Тунюкук», «Колтегин», «Билге хаган» ташка тамга басылган баяндарда жазылып калган. Барс бектин таш тулу Чыгыш Түрк хагандарынын бейитине коюлгандыгы жөнүндө айтылат. Барс бек Чыгыш Түрк хаганы кыргыздарды түн уйкуда бастык, хаганын өлтүрдүк деген баяндагы хаган ошол Барс бек болмогу убакытка шай келип турат.
- Кутлук Билге (711-жыл) хагандын баяны 718-жылкы түрктөр менен Таң падышалыгынын согуш окуясында баяндалып, кыргыз хаганы өзү черүү тартып, Таң падышалыгы менен бирге согушка катышканы, кыргыз хаганы баштаган кошууну абдан баатырлык көрсөтүп, Таң падышалыгы жагынан: «Атканын жазбаган, беттеген жагынан кайтпаган» кошуун деген даңаза алганы жазылуу турат. Ал кыргыз хаганына: «Оң канат ноён сангун, Кыргыз тутук мекемесинин тутугу» деген мансапты берген. Кутлук Билге хаган тактыда 11 жыл олтурганы жазылган.
- Ишбара Шайжо Баш эркин (722-жыл). Тарыхый булактардагы жазмада, кыргыздын Ишбара Шайжо Баш эркини 722-жылы кийинки түрк хагандары менен чогуу Таң падышалыгы ордосуна келгендиги, Таң кыргыздын хаганын өзгөчө сыйлап, ага ноён сангун атагын бергендиги жөнүндө баян жазылган. Ишбара Шайжо Баш эркин тактыда бир жыл гана олтурган.
- Чолпон Бага Чоң эркин (723-жыл). Тарыхый жазмада, кыргыздын дагы баягыл эле кийинки түрктөрдүн хагандары менен чогуу Таң падышалыгынын ордосуна келгендиги боюнча маалымат жазылган. Ал баш кишиге да ноён сангун атагын берген. Чолпон Бага Чоң эркин тактыда 35 жыл отурганы жазылган.
- Билге Тон эркин (758-жыл). 758-жылдан 790 жылга чейин 32 жыл бийлик жүргүзгөн. Анын бийлиги тушунда кыргыздар уйгур бийлигине каранды болуп турган кез болгон. Ал тарыхта жазылышынча, Тон эркин кезинде, арабдардан абдан оор кебез була олпоктор ташылып келгендиги, ар бир олпокту 24 унаага жүктөп келүүгө боло турганы жөнүндө баяндалат.
- Кыргыз хан (790-жыл). Кыргыздарды карандысына алып турган уйгур бийлиги алсырай баштаганда, кыргыздын баш кишиси Эр өзүн кыргыз хан деп жарыялаган. Ал хандык тактыда 32 жыл олтурган. Ал уйгурлар менен 20 жылга жакын согушкан. Кийин уйгурдун ордосун кыйратып, олжого түшкөн Таң императорунун ханыш кызын куткарып чыгып, аны Таң ордосуна элчилик тобу менен коштотуп жолго салганда, жолдон уйгурлардын калдык жоокерлери элчисин, коштогон жоокерин өлтүрүп, ханыш кызды тартып алып кеткен окуя жазылган. «Худуд ал аалам» аттуу эмгекте кыргыздардын баш кишиси «Кыргыз хан» аталат деп да жазылганы бар.
- Бойла Кутлук жаркан (822-жыл). Кыргыздын баш кишилери жөнүндө Кытай тарыхый жазмаларында эң көп баяндалган хаганы, 822-жылдан 863-жылга чейин 41 жыл тактыда олтурган. Тарыхтан караганда, тактыда олтурган убакты да эң узун хаган болуп, бул хаган Кыргыздын улуу каганатын курган хаганы деп айтууга болот. Бул каганды «Яглакар хаган» деп атаган изилдөөчүлөр да көп. Асиресе, өзүнө койдурган «Сужи дабандагы» тул ташка: «Мен Бойла Кутлук жаркан…» – деп баштап, керээзин ташка чектирген. Ал керээзи ушул күндүн изилдөөсүндө «Сужи эстелиги» деген ат менен дүйнөгө таанылуу болуп келет. Бойла Кутлук жаркан кыргыз бийлигинин башында турганда, Кытайдын Таң падышалыгы жана анын падышасы менен өтө тыкыс байланыш орноткону, өзүнүн территориялык чөлкөмү Энесайдан баштап, Тян-Шан–Памирге чейинки аймактар экени тарыхый булактарда кенен жазылган. 840-жылдан 847-жылга чейин Кытай падышасы менен 15 жолудан көп кат алышкан, ал каттары азыр да сакталуу турат. Ошол эле 7 жыл ичинде Таң падышалыгына үч жолу элчи жибергени, эң эле атактуусу 843-жылы Жоокусол алп баштаган 300 адамды элчиликке жөнөткөнү, ал элчилиги Чаң-анга келгенде, падыша өтө жакындык менен тосуп алганы жазылган. Тарыхый жазмада, кыргыз элчиликтин бул жолку тобу да бүт эле кыргыздын этнографиясын алып келип, атап айтканда, куш-тайганы менен келгендиги жөнүндө баян жазылган. Падыша вазирине буйруп, бул жолу келген кыргыз элчилик тобун сүрөткө чийдирип, «Кыргыздардын ордого келгендиги жана тартуулары» аттуу баянын жаздырган. Ал китепти ордонун бүтүкчүсү Лү шу аттуу киши жазып бүткөн. Китепке Ли дийү деген окумуштуу вазир баш сөзүн жазган. Азыр бул китеп али бар экени жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга ээбиз. Бирок китепти колго тийгизүү мындан кийинкинин жумушу катары турат. Ал Кытай падышасынын кыргыз хаганы Яглакарга жазган каттары «Ли дийү чыгармалар жыйнагы» деген ат менен сакталуу. Ошол китепте кыргыздардын элчилигин сүрөткө чийген сүрөттөрдүн кээ бирөө да табылды. Бойла Кутлук жаркан хаганга, атап айтканда, Яглакар хаганга 847-жылы Таң императору өтө салтанат менен атайын элчи жиберип, «Бабасынан бери акылман, баатыр хаган» деген атакты тапшырткан. Бирок ошол жылы хаган кайтыш болгон.
- Орус инал (1207) кыргыздарды моңгулдар каратып алганда, анын карамагындагы бийлик жүргүзгөн кыргыздардын баш кишисин «Инал» мансабы менен атаган. «Юан тарыхында» кыргыздын Орозду (Орус) инал, Каркатай инал деген сыяктуу бир нече баш кишилеринин аты айрым-айрым доорлордо аталганын окуйбуз.
- Мөңкө Темир хан (1399~1415) тарыхта Огачы Кашка, Бурят Огачы деп да аталган. Моңгол бийлиги тушунда ооматы келип, Атсо, артай уруулары менен биргелешип, ойрот ханын жеңип, кандык тактыда олтурган. Юан падышалыгынын наамын ногой (татар) деп өзгөртүүгө жетишкен. Бийлик жүргүзгөн кезде «ойротто жок» баш киши болуп өкүмүн жүргүзгөн.
- Эскей хан (1415~1425) Мөңкө Темир хандын баласы. Аны эл ичинде Отор хан деп да атаган. Атасы Мөңкө Темир хан (Огачы Кашка) ойроттор жагынан өлтүрүлүп, бир мезгил бийликти ойроттор алган. Эскей эр жетип, Миң падышалыгынын колдоосу менен моңгол талаасынын бийлигин кайрадан алып, 10 жыл тактыда олтурган. Кийин бийликти кайра батыш ойроттор алуу менен кыргыз бийлиги колдон кеткен. Ошондон соң кыргыздардын батышка көчүүсү басым болуп, моңгол талаасы кыргыздын колунан кеткен.
Кыргыздын мамлекеттүүлүгү жазма булактарда
- Автор: Макелек Өмүрбай
- Жанры: Тарых
- Жылы: 2016
- Басмакана: Улуу тоолор
- Барагы: 260
- ISBN: 978-9967-470-43-9
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
400Сом
Сунушталган китептер
Теги: Кыргыздын мамлекеттүүлүгү жазма булактарда, Тарых, кытай булактары, Макелек Өмүрбай, жазма тарых китеп, кыргыз тарыхы