Кыргыз ким болгон? Ким болгон? Ким болуш керек? түзгөн Салтанат Кыдырмаева
Өзүн тааныбаган адам-өмурдөгү өз багытын, ордун таппайт. Демек, ал өзүн таппайт. Өзүн таппаган адамдынарышы кенен, басыгы түз, кадамы бекем болбой, ар тараптан акыл издеп, өзөгүн канаатандыруучу азыгын тилеп, "Мен" деген баасын улам жоготуп жүрүп олтурат. Ал эми , ар бир адам сыяктуу эле, ар бир улуттун да өзүнүн өзөгү, тамыры тагдыры бар эмеспи...
Бир мезгилде өзүнүн зор кубатту Каганатын түзгөн, миңдегенжылдар бою жоокердик дух менен жашаган , эл жер дегенде ойлонбой туруп жанын берген кыргыз улуту, акыркы эки кылымда солгундай түшкөн өзөгүбүздү күчтөнтө албай жатканыбыз, азаттыкка чыкканыбыздагы 26 жыл ичинде болсо өз алдынча улуттук саясатыбызды жүргүзө албай адашып кыйналганыбыз-тамырыбыз болгон ата-бабалардын улуу руханий жолун улабаганыбыздан, өзөккө кайрылбаганыбыздан , демек, өзүбүздү тааныбаганыбыздан улам болуп жатканын аңдаганыбыз келбейт.
Ушундай өкүттү абалды эске алуу менен, "Кыргыз ким болгон? Ким болду? Ким болуш керек?" деген аталыштагы китепти даярдап, улуттун уңгусун изилдеп жүргөн мекенчил жазмакерлердин ой-толгоолору менен кошо жол багыттап, атайы жаштарга, саясатчыларга жана жалпы эле коомчулукка даректедик.
Кыргыз ким болгон? Ким болду? Ким болуш керек?
- Автор: Кусейин Исаев
- Жанры: жыйнак
- Жылы: 2017
- Басмакана: Улуу тоолор
- Барагы: 236
- ISBN: 978-9967-477-19-3
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
250Сом
Сунушталган китептер
Теги: Кыргыз ким болгон, Ким болду, Ким болуш керек?, Кусейин Исаев, кыргыз жолу, салт-санаа, каада, жөрөлгө, китеби, тили, маданияты, манас эпосу