Шамбала (2-том), Сулайман Рысбаев
Китепте автордун ар кыл жылдарда жазган жалаң жомоктору, уламыштары, жомок пьеса жана тамсилдери топтоштурулду. Мында автор өзүнүн жан дүйнөсүнөн жаралган жомоктору аркылуу балдардын тилин-дилин таап, элпек, чебер калеми менен, бай турмуштук керемет окуялар, сүйүктүү образдар аркылуу балдарга дүйнөнү таанытууну, адеп-ыйманга үйрөтүүнү, дүйнөгө көз карашын калыптандырууну, кыял чабыттарын өстүрүүнү, изги мүнөзүн бекемдөөнү көздөйт. Аруулукка, тазалыкка чакырат. Сергек болууга жана адамга адамгерчиликтүү мамиле жасоого үндөйт, ички дүйнөнүн сулуулугун баалап-барктай билүүгө, жалпы адамзаттын тагдыры тууралуу ой жүгүртүп, өз улутун сүйүүгө жана да жомоктордун ажайып дүйнөсүнө балдардын кызыгуусун арттырат.
Китепке кирген бул чыгармалар балдарды, мектеп мугалимдерин жана жалпы эле жомок сүйүүчүлөрдү кайдигер калтырбайт.
Шамбала
- Автор: Сулайман Рысбаев
- Жанры: жомок
- Жылы: 2014
- Басмакана: Бийиктик плюс
- Барагы: 308
- ISBN: 978-9967-33-031-3
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
500Сом
Сунушталган китептер
Теги: Шамбала, жомоктор, Сулайман Рысбаев, балдарга арналган, жомок китептер