Сүйлөөчү китеп, Сулайман Рысбаев

Сүйлөөчү китеп (3-том), Сулайман Рысбаев

С.Рысбаевдин бул китебинде балдарга арналган эки повести кирген. «Сүйлөөчү китеп» аттуу повестте сүйлөөчү китеп тууралуу балдардын кыялынан улам айтылган чоң атанын эзелки жомогу, андагы элдик акылман китептен улуттун акыл-эси, адеп-ахлагы сакталып, элдүүлүгүн жоготпой келгени айтылат. Ал эми экинчи «Умай бала» жомогунда бүгүнкү күндөгү оош-кыйыштуу заман, андагы айрым криминалдуу топтордун балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна жасаган зордук-зомбулуктары, заманга жараша балдарга билим-тарбия берүүнүн түйүндүү маселелери, алардын өмүрүн, балалыгын коргоп калуу жана өнүктүрүү үчүн акыл-эстүүлүктүн күрөшү чагылдырылган.

Жомок-повесттин окуясы Жашыл-Нурабат аттуу шаарда бүгүнкү эле күндөрдө болуп өтөт. Ошол шаарда балдарды түрдүү криминалдуу жана кырсыктуу кырдаалдардан сактап калууда автор тарабынан табылган поэтикалуу жомоктук карман Умай бала зор аракеттерди жасайт. Адамдарды акыл-эстүүлүккө үндөө менен, бала тагдыры үчүн улууларды ойлонууга чакырат, дилин тазартууга жетелейт. Акылтайдын образы аркылуу автор бүгүнкү күндөгү кыргыз баласынын жаңы бейнесин тартууга жана аны издөөгө кыйла аркеттенген.

Окуясы кызыктуу, чебер тил менен жазылган бул повести автордун жаңы поэтикалуу табылгалары менен коштолуп, балдарыбыздын жүрөгүнөн орун тапкан сүйүктүү китебинен болуп каларында шек жок.

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Сүйлөөчү китеп

  • Автор: Сулайман Рысбаев
  • Жанры: жомок
  • Жылы: 2014
  • Басмакана: Бийиктик плюс
  • ISBN: 978-9967-33-031-3
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 500Сом


Сунушталган китептер

Кыргыз эл жомоктору (кереметүү жомоктор)

Кыргыз эл жомоктору (кереметүү жомоктор)

Китепке эл оозунда айтылып, бүгүнкү күнгө чейин жеткен турмуштук мааниси чоң, кызыктуу жомоктор кирд..

280Сом

Шамбала

Шамбала

  Шамбала (2-том), Сулайман Рысбаев Китепте автордун ар кыл жылдарда жазган жалаң жомоктору,..

500Сом

Баланын канаты

Баланын канаты

Баланын канаты (1-том), Сулайман Рысбаев Китепте автордун бөбөктөргө, тестиер жана жеткинчек балд..

500Сом

Нускалуу жомоктор

Нускалуу жомоктор

Китепте автордун ар кыл жылдарда жазган  жомоктору балдарга таалим тарбия берет, маани маңызына..

300Сом

Менин жомокторум

Менин жомокторум

Филология илимининк кандидаты Жээнбай Мукамбаев кыйла жыл арасында эл арасында ар кыл уламыштарды, ж..

250Сом

Теги: Сүйлөөчү китеп, Сулайман Рысбаев, жомок китеп, Умай бала