Жашоонун ажары сүйүүдө, Бүбүкан Жусупова

Эл агартуунун отличниги Бүбүкан Жусупованын бул эмгеги жашоонун билимине негизделип өзүн-өзү тааныйын, жашоосун өзгөртөйүн деген адамдарга багыт берет. Мындагы нарк-нускалуу насааттар жан дүйнөнү өзгөртүү, ойду таза кармоо, сөздү туура сүйлөө, мамилени баалоо, көңүлдү бийик тутуу жана башка ушул сыяктуу адам жашоосуна эң керектүү болгон билимдерди камтыйт. Негизги булак катары ата-бабаларыбыздан калган мурас сөздөр жана "Бакдөөлөт" коомунун "Жашоо сабагы" аттуу окууларындагы маалыматтар, ошондой эле "Бакдөөлөт", "Ак нур", "Тууралык", "Акыйкат", "Негиз","Тумар", "Аталардан келген мурас" деген китептеринен алынган акыл саптары пайдаланылды.

китептен үзүндү.

.....................................

Тилек.

Адам таза, жакшы ойлорду багып, жакшы тилектерди тилеп алдыга умтулса, адашуулары аз болот. “Жакшы тилек -жарым ырыс, ак  бата толук ырыс” деген улуу сөз бар. Жакшы тилек адамга тирек болуп, чоң кубат берип турат. Ал кубат  адамга  канат болуп, дайыма алгалатып турат. Ал үчүн тилек айтууда ар бир сөздү талдап, тандап так, таамай айтыш керек. Тилектеги ар бир сөз туура нукта айтылса, адамга кубат берет, ошондой эле жашоонун нурун таанытат.

Тилек тилегенде сарсанаада, коркунуч сезимде болбой, көңүлдүн токтугун, тынчтыгын карманып, башка нерсеге көңүлдү алаксытпай чын жүрөктөн тиленсе – ошол тилек күчтүү болот. Тилекти жан дүйнөдөн, көкүрөктүн тереңинен тилениш керек. Адамдын тилеги кубатсыз болсо, орунсуз болсо, ал тилек ааламга жетпейт, кубат ала албайт, демек, мындан улам иш жүзүнө ашпайт. Ошондуктан, тилек күчтүү, кубаттуу болушу зарыл. Кубаты алсыз адам өтө узак мөөнөттө тиленип жүрүп тилегине жетет. Кубаттуу, демдүү адамдын тилеги күчтүү болот, андай адамдын тилеги бат эле орундалат. Тилекти тилеп жатканда адамда терең ишеним болуш керек. Адам нааразычылыкта болбой, “Кудай тилегимди угуп жатат, мага жардам берет” деген терең ишенимде туруш керек. Эгерде адам тилегин бага билсе, дайыма ошол тилекти ойлоп, башка нерсеге бурбаса, тилегин кудай орундатканга шарт түзүп берет. Адам бир нерсени тилеп, анан башка тилекке ооп кетсе, биринчи тилеги болбой калышы мүмкүн экен. Адамдын тилеги, ою бир нукта болгону оң. Тилекти бир күндө бир эле жолу айтып койбостон, күнүнө бир нече жолу чын дили менен кайталап турса, орундалышына жакшы мүмкүнчүлүк берет.....

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Жашоонун ажары сүйүүдө

  • Автор: Бүбүкан Жусупова
  • Жанры: Кеңеш
  • Жылы: 2018
  • Барагы: 220
  • ISBN: 978-9967-477-91-9
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 350Сом


Сунушталган китептер

Ойлон Ойгон

Ойлон Ойгон

Кыргыз тилинде жазылган Роберт Кийосакинин китептеринен кем калышпаган, Касымбек Жунусалиевдин ийгил..

150Сом

Кыргыз боз үйү

Кыргыз боз үйү

Авторлордун "Кыргыз боз үйү "  аттуу бул китеби ата-бабабыздын калтырган улуу мурасын  жай..

800Сом

Ниеттин күчү

Ниеттин күчү

Ниеттин күчү, кыялдарды жана каалоолорду кантип ишке ашырыш керек. Валерий Синельников. Ниет кылу..

300Сом

Купуя сыр

Купуя сыр

Силер колуңарда Улуу сырды кармап турасыңар...... Бул  Сыр кылымдан кылым карытып өтүп келге..

350Сом

Укмуштуудай ийгиликке жетүүнүн он ыкмасы

Укмуштуудай ийгиликке жетүүнүн он ыкмасы

Укмуштуудай ийгиликке жетүүнүн он ыкмасы, автору Билл Ньюмен Ийгиликтүү жашоонун күчү! Эгер ук..

170Сом

Беш аял - беш тагдыр

Беш аял - беш тагдыр

Бул китепте чыныгы турмуш-жашоодон алынган беш аялдын тагдыры, алардын махабаты менен кайгысы, кубан..

300Сом

Байлыкка жеткирүүчү илим

Байлыкка жеткирүүчү илим

Байлыкка жетүүнүн илими бар, ал илимди бул китептен ала аласыз. Автору  Уоллес Делоис  Уот..

170Сом

Жашоонун сыры кайда катылган?

Жашоонун сыры кайда катылган?

Бул китепте адамзаттык казынадан алынган икаялар топтолгон "Кадырлуу окурман! Ар улуттагы элдерге..

350Сом

Теги: Жашоонун ажары сүйүүдө, Бүбүкан Жусупова, багыт, дем, күч кубат, нарк-нускалуу насааттар, жан дүйнөнү өзгөтүү, ойду таза кармоо, сөздү туура сүйлөө, мамилени баалоо, көңүлдү бийик тутуу