Азыркы тапта атагы таш жарган инсандардын бири - Жеки Чан. Ал оомал-төкмөл дүйнөнүн катаалдыгы менен алпурушуп өз ден-соолугуна бир топ залал келтирсе да, талыкпаган эмгеги жана аруу сезимлеринин аркасында жеңишке жетип, чыгармачылыктын туу чокусуна чыга алды.
Жараткан картиналары аркылуу дүйнө элине күлкү чачып, жашоону шаңданткысы келген киноактер, режиссер жана каскадер Жеки Чан ушул китебинде баскан жолуна саресеп салып, башынан өткөргөн азабы менен жыргалын көркөм баяндап берет. Бу китеп эки томдон турат. Эки китеп биригип сатылат . Редактору Медер Бишкек.
...........
Биз бир нече саат бою үн катпастан төбөдөн жанган айга, анан бири-бирибизге гана карап отура бердик.
-Юань Ло, мен кетейин! Түн ортосу болуп калды!-деди ал. Мен каршы болгон жокмун. ансыз деле бул окуя мен үчүн аябагандай чоң жаңылык болду. Мен кедей жана жүдөмүш бала. Ал болсо, бай жана абдан сулуу кыз!
- мен сени дагы көргүм келет! - деди ал.
........
Трюк коючу менин ийниме колун коюп:
- Ийгилик каалайм! -деди. - Денеңди бош кой. Жерге түшөөрүң мене тоголонуп кет. Кандай гана болбосун башы же аркаң менен түшпөгөнгө аракет кыл. мен сени ооруканага алып барууга даярмын. Бирок, сени көрүстөнгө алып барганды эч каалабайм!
.............
Брюс Ли менин бел курчоом кадрда көрүнбөй тургандыгына көзү жеткен соң кулагым шыбырады:
- Ак жол, сага чоң жигит!
Мен -Жеки Чан
- Автор: Жеки Чан
- Жанры: Эскерүү
- Жылы: 2014
- Басмакана: Улуу тоолор
- Барагы: 308
- ISBN: 978-9967-13-983-1
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
400Сом
Сунушталган китептер
Теги: Жеки Чан, Медер Бишкек, кыргызча китеп, алдыга умтулуу, ийгиликке жетүү жөнүндө