Кыргыз тилинде жарык көргөн Алексей Дороховдун “Сенин өзүң жөнүндө” китебин балдарыңызга, досторуңуздун балдарына белекке тартууласаңыздар болот.
Бул китепти окуган окурман адамдын түзүлүшү кандай экенин, биздин организмибиз кандай иштерин биле алат.
Санжарбек Данияров 1980-жылы кыргыз тилине которгон бул китепти биздин Фонд Санжарбек Бакирович Данияровдун 90 жылдыгына арнап кайра басып чыгарды. Китеп аябай керектүү жана кызыктуу. Бул адамдын организминин кыскача энциклопедиясы кенже класстын окуучуларына арналган, бирок жогорку класстын балдарына жана ошондой эле ата-энелерге да аябай пайдалуу экени талашсыз. Андан тышкары, кыргыз тили боюнча билимин өркүндөткүсү келгендерге адамдын дене бөлүктөрүнүн аталыштарын жана организмдин касиеттерин кыргыз тилинде жакшылап билип алууга көмөктөшөт.
Илимий-көркөм адабият/ Алексей Алексеевич Дорохов; Орус тилинен которгондор: С.Б.Данияров, А.А.Ашырбаев; Сүрөтчүлөр: Н.Мищенко жана В.Освер. — Басмакана.: Санжарбек Данияровдун фонду, 2018. — 52 бет
Сенин өзүң жөнүндө, Алексей Дорохов
- Автор: Алексей Дорохов
- Жанры: Энциклопедия
- Жылы: 2018
- Басмакана: С_Данияров КФ
- Барагы: 52
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
300Сом
Сунушталган китептер
Теги: Сенин өзүң жөнүндө, Алексей Дорохов, энциклопедия, балдарга, адам организми, кыргыз тилинде, китеп