БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ,Орузбаева-Даниярова К.Б., Даниярова А.С.

Китеп өзүнүн пикирлештери менен бирге Кыргызстан маданиятынын жана билим берүүсүнүн көрүнүктүү ишмерлеринин бүтүндөй плеядасын жана  алгачкы окуу  программаларын жана окуу китептерин даярдоо менен бирге, өлкөбүздүн башталгыч, орто жана жогорку билим берүүсүнүн башатында турган педагог-агартуучу Базаркул Данияровдун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналды.

...

Бул китептен сиз тарыхчы Ж.Жунушалиев таасын аныктаган, тарыхый ченемдер боюнча кыска мөөнөткө туура келген – 20-кылымдын биринчи кырк жылында бүтүндөй “жаралуу жана трагедиялар»доорун камтыган укмуштуу окуялар жөнүндө биле аласыз же эсиңизге саласыз.

Көрүнүктүү жол көрсөтүүчү көсөмдөр – кыргыз агартуучулары ХХ кылымдын башында балдарга жана чоңдорго эң негизги билимди негизинен орус, татар жана казак тилдеринде, негизинен стандартташтырылган программасы жана окуу китептери жок эле берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Бул китеп кыргыз тарыхындагы мугалимдердин, маданияттын жана илимдин кызматкерлерин тарбиялоонун башатында турган биринчи кесипкөй мугалим Базаркул Данияровдун тагдыры тууралуу. Базаркул Данияровдун өмүрү жана чыгармачылыгы кыргыз тилиндеги алгачкы окуу китептеринин жана көркөм адабияттардын пайда болушу, алгачкы басма органдарынын жаралышы менен тыгыз байланышта болгон, ал өз доорундагы ири маданий-агартуу долбоорлорунун катышуучусу, атап айтканда, жаңы латын алфавитин киргизүүгө катышкан.

Бул китепте ошол кездеги маданий-агартуу чөйрөсү, окуялар жана инсандар, насаатчысы – Эшенаалы Арабаев, Петр Кузьмич Юдахин, достору – Касым Тыныстанов, Мухтар Ауэзов, Осмонкул Алиев, анын чыгаан шакирттери, жан аябас жары Гафифа тууралуу баяндалат.

Бир сөз менен айтканда, урматтуу окурмандар,

_________________________________

  1. Китепте укмуштуудай инсандар – чоң саясий жана коомдук толкундоолор доорунда жашаган, кымбат баалуу унааларды, сарайларды эмес, элдин эркиндигин, агартуусун кыялданган жаратуучулар тууралуу баяндалат. Китеп кыргыздардын эгемендүү эл катары таанылышына жетишкен инсандар, мамлекеттүүлүгүбүздү куруу идеясына жан оту менен берилген мекенчил инсандар жөнүндө. Сиз алгачкы окуу жайларын түзгөн, жазма адабиятты басып чыгарган, фольклордук шедеврлерди чогулткан, окуу китептерин жазган, көп нускада китептерди чыгарган ошол кыялкечтердин жана баатырлардын өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныша аласыз.
  2. Китеп Кыргызстан мамлекеттик-административдик өлкө катары картада биринчи жолу өзүнүн азыркы чек арасында качан жана кантип пайда болгонун эске салууга мүмкүндүк берет. Бул тарыхый окуяга чейин эле биздин аймак аны мекендеген элдер менен бирге кайсы мамлекеттин курамында болгонун эсиңизге саласыз.
  3. Китепте миң жылдыкта кыргыз тилинде жарык көргөн алгачкы китептер жана аларды жазып, басып чыгаргандар, биринчи гезит, биринчи журнал жана алгачкы окуу китептери тууралуу маалымат берилет.
  4. Бул китептен колониялык мезгилде, андан кийин монархия кулатылгандан кийинки алгачкы жылдарда, акырында, совет доорунда элибиздин өкүлдөрү кайда окууга мүмкүн болгондугу тууралуу биле аласыз.
  5. Китепте Кыргызстандагы биринчи жогорку окуу жайлары, биринчи институт, биринчи мамлекеттик университет кандай негизде пайда болгон деген суроого кеңири жооп алууга болот.
  6. Китепти окугандан кийин биздин интеллигенция, тактап айтканда, чыгармачыл инсандар, жазуучулар, акындар, сүрөтчүлөр, музыканттар, артисттер, мугалимдер, илимпоздор, саясатчылар кандай калыптанганы жөнүндө кеңири түшүнүк аласыз.
  7. Китепте бул инсандар репрессиялык сталиндик машина тарабынан кандай мыкаачылык менен жок кылынганы – куугунтук жылдары, “партиялык тазалоо”, андан кийин – өлүм жазасына тартуу жана лагерлер сүргүнгө айдоо аркылуу жок кылуу жөнүндө баяндалат. Бул китептен мамлекеттик кылмыштын масштабын ошондой эле бизге мурас катары калган нерселер жөнүндө элестете аласыз деп ойлойм.

________________________________

Бул китеп архивдик документтерден алынган ФАКТЫлардын негизинде жазылган, анда авторлордун фантазиясына негизделген бир дагы маалымат жок. Ошол эле учурда китепке кирген КҮБӨЛӨРДҮН ЭСКЕРҮҮЛӨРҮНҮН аркасында «жаратуунун жана трагедиянын» укмуштуу доорун дагы даана элестете аласыз.

Сиз китепке кирген төмөнкүдөй тарыхый сүрөттөрдү өз көзүңүз менен көрүп, бул маалыматтардын анык экендигине ынана аласыз:

__________________________________

  1. Китепке 154 ТАРЫХЫЙ СҮРӨТТӨР киргизилди, ал сүрөттөрдүн ичинен алгачкы жолу жарык көргөн уникалдуу сүрөттөр бар.
  2. Бул китеп тарыхый документтерин негизинде жазылган, алардын ичинде скан болуп көчүрүлгөн 79 ДОКУМЕНТ камтылган.
  3. Сталиндик лагердеги (ГУЛАГ түзүмү) саясий туткун БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВДОН бизге жеткен 17 КАТТЫН ТҮП НУСКАСЫНЫН скан болуп көчүрүлгөн көчүрмөсү. Латын алфавити менен кыргыз тилинде жазылган каттарды өзүңүз окусаңыз да болот, кээ бир каттар араб алфавитинде жазылган (ал балким, лагерь күзөтчүлөрү жана почта кызматкерлери окуй албашы үчүн жазылса керек), бирок китепте бул каттардын толук тексттери камтылган.

__________________________

Автору
Асел Даниярова

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ

  • 650Сом


Сунушталган китептер

БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – ПЕРВЫЙ ПЕДАГОГ Портрет на фоне эпохи

БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – ПЕРВЫЙ ПЕДАГОГ Портрет на фоне эпохи

Книга посвящена жизни и деятельности педагога-просветителя Базаркула Даниярова, стоявшего у истоков..

650Сом

Теги: БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ, ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ, Асель Даниярова