Кара чүмбөт (1-2 китеп)кыргызча детектив

Кызыктуу кыргызча детектив.

Китептен үзүндү...

...........................

Кандуу ордонун сыры жана кара чүмбөт баяны
Кандуу Ордо. Бул Союз мезгили али күчүндө турган, он беш республика бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, азыркы кездегидей башаламан кризис, базар экономикасы баштала элек кезде эле пайда болгон. Ордо Алматы шаарынан анча алыс эмес түндүк тарабындагы "Япон тайпакчасы" деген ото деле бийик, өтө жапыс да эмес арчалуу тоолордун арасында жайгашкан. Аларды айланта тикенектүү зымдар курчап, сыртынан солдаттар кайтарып тургандыктан, алыс жактан келгендер түгүл, жергиликтүү аймактын жашоочулары да бул өрөөнгө кире алышчу эмес. Бул эмне болгон жай, убагында эч ким анча деле кызыгышпаган. Күнүнө бир-эки маал атылган автомат менен пистолеттердин үнүнө солдаттар өздөрүнчө атканды үйрөнүп, машыгып жатышат болуш керек деп көп анча деле маани беришчү эмес. Сыртынан анча билинбегени менен бул сырдуу, жашыруун жайдын ичинде бейиши да, тозогу да бар болчу.
Союз мезгилинде оор кылмыш кылып "өлүм жазасына" тартылгандардын баары ушул жерге алынып келчү. Аттыргандарын аттырып, атуудан калгандарды жер алдындагы шахтадан иштетишчү. Бул жерге он беш республиканын эң жогорку жаза менен жазаланышкан ар кайсы улуттардын кишилери алынып келинчү. Аны менен бирге тартип да ушунчалык катуу кармалчу. Эгер кылмышкерлердин бирөө эле анча-мынча тартип буза турган болсо, дароо эле эч сураксыз атып салууга уруксат берилген. Мындай катуу кысымга чыдай алышпай жашыруун кылмышкерлер тобу өздөрүнчө көтөрүлүш чыгарып жиберишкен, бирок эки сааттын ичинде ошол топтун бири дагы калбай мөндүрдөй жааган автоматтын огунун астында жер менен жексен кылынган. Башка кылмышкерлерге сабак болсун деп ар кайсы жерде кызыл ала болуп жаткан өлүктөрдү бери жакта карап турушкандардын өзүлөрүнө жүктөткөн машинеге. Алардын үстүнөн көзөмөлдөгөн "жалданма жоокерлер" ушунчалык адамдан башкача сапаттары болушкандыктан киши өлтүргөндү чымчык өлтүргөндөй эле көрүшчү. Ал желдеттер кимдер эле? Ар кайсы улуттан топтолгон тубаса канкор, мыкаачы, жүрөгү таш, эч кимди аябаган, эч нерседен коркпогон ырайымсыз жигиттер атайын тандалып алынган. Союз мезгилинде эле аларга эң жогорку айлык, андан тышкары киши өлтүргөндүгүнө жараша сыйлык берилчү. Алар үчүн атайын эс алуучу жайлар, дачалар, бассейн-сауналары бар болчу. Керек болсо аларга атайын сулуу кыздар алынып келинчү. Алардын "кругуна" аралашкан кыздар оңою менен кайра чыга алышчу эмес. Ошол себептен бул аймак өтө эле жашыруун кармалчу.
Атуу жазасына келгендерди ар кандай түр менен атып өлтүрүшчү. Жалданма жигиттерге пистолетти огу менен беришчү да атыла турган кишини көрсөтүп коюшчу, аларды кандай ыкма менен өлтүрөт өз эрктери болчу. Көзүн таңып бет маңдайына тургузуп коюп, чекеге атышчу, же чөгөлөтүп дубалга отургузуп коюп желкесинен атышчу. Мээсинен өтүп дубалга чачыраган канга алар өздөрүнчө ырахат алышчу, ал кызматы үчүн аларга көптөгөн "гонорарлар" төлөнчү. Алар киши өлтүрүүнүн ар кандай ыкмаларын пайдаланышчу. Адегенде өлүм жазасына тартылган адамга да, аны өлтүргөнү жаткан жоокерге да ичкилик берилчү. Кылмышкерлер узун кууш коридордо кетип баратканда, же бир жерде иштебей жалкоолонуп отурганда, же туура эмес иш жасап койгондо алыс жактан дүрбүсү бар снайпер мылтыгы менен чекеге атып өлтүрүшчү. Эгер көздөгөнүн дал тийгизе албай калса булар үчүн минус болчу. Ошондуктан көздөгөн буталарын жаза атышчу эмес.
Жалданма жоокерлер үчүн бир күндө эки жолу ар кандай спорттун түрлөрү менен машыгуу өткөрүлүп турчу. Алар үчүн атайын республиканын ар кайсы бурчтарынан дасыккан чебер машыктыруучулар жалданып келип иштешчү. Каратэ, бокс, эркин күрөш, таэквандо, кунфу, бычакты он метр аралыкка чейин ыргытып саюу, пистолет-автомат менен "бутага" таамай атуу, андан сырткары оор жана жеңил атлетика менен айына эки жолу норматив тапшырып турушчу. Эгерде ушунун баарын жакшы тапшырган жигиттерге "спорттун мастери" деген наам сыяктуу эле "ардактуу гладиатор" деген наам ыйгарылчу. Ар күн сайын жасалма кишилерди атып, машыгышчу жана ошого жараша баа коюлуп, акча берилчү. Ар бир жекшемби күнү саунадан чыккан соң өздөрүнүн кыздарын ээрчитип алып, калаадагы Алматы ресторандарынын эң жакшы жерлерине барып, эс алып көңүл ачышчу. Бирок "жалданма жоокерлер" бул жактан башка жакка өз алдынча кетип калууга, бул сырды башка бирөөлөргө айтууга, суранып кетсе айткан мөөнөтүнөн кечигип келүүгө тыюу салынган. Биринчи жолу кечигип келсе, кечиримдүү болгон, бирок катуу эскертүү алып турушчу, эгер ал экинчи жолу кайталана турган болсо, бериле турган акчаларынан кур калышчу. Дагы кайталанса бир жумадай жалгыз кишилик камерага отуруп чыгышчу. Эгер суранып кеткен боюнча эч себепсиз бир айга чейин таптырбай кетсе, кандай болсо да аны таап, өлүгүн же тирүүлөй алып келип, "өлүм жазасына" тартылган кылмыш -керлерге аралаштырып салышчу. Убагы келгенде аны да аяшчу эмес, атып ташташчу. Бирок "жалданма жоокерлерде" эч убакта, бир да жолу андай тартип бузуулар болгон эмес. Ар бири кандуу ордонун мүчөсү болушканына аябай сыймыктанышчу. Ошол себептен ак дилдеринен кызмат өтөшчү. Алардын көңүлүн ачып, эс алдырып жүргөн сулуу, чырайлуу кыз-келиндер да бул топтон эч жакка кете алышчу эмес.
Бир жолу Алматы ресторанына ошол кыз-келиндер менен барганда Хасиятхан деген уйгур кыздын акырын сыртка чыгып кетип, ошол боюнча таптырбай качып кетиши "Кандуу Ордонун" жалданма жоокерлери үчүн күтүлбөгөндөй окуя болду. Аны эч жерден издеп таппай коюшкан соң, бул шалаакылыктары үчүн ар бир жоокер өздөрүнө тиешелүү жазаларын алышкан. Керек болсо ал кыздын үйүнө чейин издеп барып, таппай келишкен. Уйгур кыз ошол боюнча дайынсыз жоголду. Бирок өздөрү менен чогуу жүрүшкөн ал кыздарга жоокерлер "Кандуу Ордо" жөнүндө эч нерсе айтышчу эмес. Ошентсе да көңүл ачыш үчүн аларга акчаны каалагандай сапырышчу. Бул жашыруун ордонун сыры ушул убакка чейин эч кимге билинбей келген. Кийин бирдиктүү Союз өз дооранын сүрүп бүтүп, туш-туш жакка шурудай чачырап, ар бири өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп кеткенде аны менен кошо түрмөлөр да өз-өзүнчө бөлүнүп кетти. Мурункудай өлүм жазасына тартылгандар бул жакка анча көп келбей калды. Бара-бара ар бир мамлекет өз жерлерине көптөгөн түрмөлөрдү ачып, кылмышкерлер бул жакка жиберилбей калганда "Кандуу Ордо" да өз дооранын сүрүп бүттү. Жогору жактагылардын буйругу менен "жалданма жоокерлер" өз эрктери менен жер-жерлерге, өз мекендерине кое берилди. Бирок алар жөндөн жөн эле кетишкен жок. Беш-алты жыл өзүнө жетишээрлик акча, аны менен бирге жашыруун автомат менен пистолеттерди ала кетишти. Ал эми окторду болсо каалаганынча топтоп алышкан болчу. Аны менен бирге чыгыш элинин мушташуу, согушуу, бычак саюу, таамай атуу андан сырткары башка көптөгөн ыкмаларын үйрөнүшүп, профессионалдык деңгээлге жетишише, ар бири "ардактуу гладиатор" деген наамга татыктуу болушуп анан кетишти.
Сымаптай чачыраган мамлекеттерди базар экономикасы менен кризис алкымдап, сырьёнун жоктугунан завод-фабрикалардын баары токтоп, жумушсуздук күч ала баштаган мезгилде бул "жалданма жоокерлер" ишсиз калышкан жок. Кээ бирөөлөрү мамлекеттердин жогорку чиновниктерине "телохранитель" болуп иштеп кетишсе, кээлери өздөрүнүн аймактарына бат эле "авторитеттик" наамга татыктуу болушту. Дээрлик көпчүлүгү "рэкеттикти" атайын кесип кылып алышты. Союз боюнча эң алгачкы чет элдик машинелерди мингендер да, тутамдаган долларларды уучтагандар да ушулар болду. Ушунча жыл бою жалаң кишинин өмүрү менен ойноп келген немелер киши өлтүрүү булар үчүн чымын өлтүргөнчөлүккө да татыбайт болчу. Атүгүл жергиликтүү мыйзамга да баш ийишчү эмес.

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Кара чүмбөт (1-2 китеп)

  • Автор: Саадатбек Мырзакул уулу
  • Жанры: Детектив
  • Жылы: 2017
  • Басмакана: Бийиктик плюс
  • Барагы: 360
  • ISBN: 978-9967-33-219-5
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 400Сом


Сунушталган китептер

Чоочун киши (1-2 китеп)

Чоочун киши (1-2 китеп)

2 китептен турган Зуура Сооронбаеванын "Чоочун киши" романы . ..

800Сом

Бөрү киши

Бөрү киши

"Бөрү киши" романында бөтөнчө тагдырга, башка адамга мурда бериле бербеген сырдуу касиетке капысына ..

350Сом

Бриллиант жылан

Бриллиант жылан

Бриллиант жылан, курч окуялуу роман.  Толук басылышы 1-2-3 китеп, автору Чолпонбек Абыкеев ..

300Сом

Теги: Кара чүмбөт, кыргызча детектив китеп, Мырзакул Саадатбек