Шекерден теңирге, Ашым Жакыпбековдун студенттик күндөлүктөрү.
22-23-январь, 1955 жыл
Эне тили – улутубуздун улуу сыймыгы. Бирок, ушуну түшүнбөгөн кээ бирлер бар. Өзгөчө шаарда өскөн кыргыз жаштары, аларды тарбиялаган ата-энелери. Орус тилинде сүйлөшүп, эне тилине жогорудан карашат. Ошондуктан, жаштары да кыргызча түшүнүп турушса да, “кыргызча берилген суроого орусча жооп беришет”, муну бир зор жетишкендик катары көрүшөт.
Албетте, орус тилин үйрөнүү – зор сыймык, бирок, кыргыз –эне тилин “четке кагуу” өзүнүн кыргыз экендигин тануу. Кыргыз – эне тилин сүйүш керек, аны пайдалана билиш керек, ошону менен бирге башка тилдерди жакшы үйрөнүп, орду менен колдонуу керек!...
Кызык, өз эне тилибизди толук үйрөнө албай, анын тереңине татыктуу боло албай жатсак, кээ бирлер ага кыйыр карашат... Ушуга байланыштуу бүгүн-азыр “ Орусча сүйлөгөн сулуу” деген ыр жаздым –өз оюмча түзүк чыкты.
Бүгүнкү күн бекер өлдү... Экзаменге даярданыш керек эле.
Шекерден теңирге
- Автор: Ашым Жакыпбеков
- Жанры: Эскерүү
- Жылы: 2004
- Басмакана: Учкун
- Барагы: 384
- ISBN: 9967-413-71-9
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
500Сом
Сунушталган китептер
Теги: Шекерден теңирге, Ашым Жакыпбековдун студенттик күндөлүктөрү, эскерүү