Кубатбек Жусубалиев

Кубатбек Жусубалиев

Кубатбек Жусубалиев

Кубатбек Жусубалиев

Жусубалиев Кубатбек - жазуучу.
 

Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы 30-октябрда Алай районундагы ндагы Кердегей айылында туулган.
1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп,
1965–1967-жж. Москвадагы дагы Жогорку сценарийдик курстун угуучусу болгон.
Эмгек жолун 1957-жылы колхоздо иштөө менен баштаган.
1953-жылдан баштап Чоң-Алай айылындагы «Кыргызстан» сегиз жылдык мектебинде мугалим болгон.
1964-жылдан облустук «Ленин жолу» гезитинин адабий кызматкери,
1965–1985-жж. «Кыргызтелефильм» студиясында редактор болуп иштеген.
 

Чыгармачылык ишмердүүлүгү 1963-жылдан башталып, биринчи аңгемелер жыйнагы «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген ат менен 1967-жылы басылып чыккан. Бир катар толук метраждуу көркөм жана даректүү фильмдердин сценарийлерин жазган.
1975-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун, 1981-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
 

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Күн автопортретин тартып бүтө элек: Повесть, аңгемелер.– Ф.: Кыргызстан, 1967. – 110 б.

Толубай сынчы: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1981.– 184 б.

Муздак дубалдар: Романдар жана повесть.– Б.: Адабият, 1990. – 432 б.

Жети сөз жана Конфуций: Көркөм чыгармалар.– Б.: Учкун, 2003. – 488 б.


Бул тизмеде китепжок.