Аңгемелер
Тобоо кылам, азыр айткан сөзүмө чындап тобоо кылам балам. Ал күч барында, акча деген адамды бат азгырат тура. Ал кезде мен аябай күчтүү, сөзүм өткүр курч, байдын байбичеси болуп турсам, баары менден айбыгып тике карап да сүйлөй алчу эмес. Өзүмүн кыз келиндерим эмес , тууган уруктун, колу коңшунун келиндери да ыйбаа кылып турушчу.
Убакыт келип эң кичүү уулумду үйлөр мезгил келип, аябай кыз издедик. Колдо кала турган келин деп аябай сураштырып, көрүп билген жерден алалы деп аракет кылдык. Биз канчалык аракет кылбайлы, Жараткан Алла Таала эчаак эле бирөөнү маңдайына жазып койгонун ал кезде кайдан билейин.
Биз тапкан кыздар уулума жакпай , көкүрөк күчүгүбүз кенже уулубуз болгон үчүн , акыры өзү тапкан кызга куда түшүп, сөйкө салып келдик. Биздей бай болбогон менен , сыйга аябай жакшы экен кудалар. Дасторконун жайылтып колунан келишинче сыйлап, тойду өткөрүп , келинди үйгө киргизип алдык.
“Эшек!”, “Кебетең кантет, чочко!”, “Ары турчу, колуңан бок да келбейт!”, “Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” ж.б. Бул сөздөрдү бир күндө миң жолу укчумун. Ата-энем турса да, мээримге зар болуп чоңойдум. Алар мени эркелетип, жакшы көрөрүн айтышчу эмес.
Кичинемде көз жашымдын баарын төгүп койгон окшойм, азыр ыйлай да албайм.
Кокустан чыны сындырсам же тамак төксөм, дароо бекиткенге шашчумун. Байкалбай калсам, кудай сактады, болбосо токмок жечүмүн. Бара-бара жалган сүйлөчү болдум. Атайылап эмес, алардан коркконум үчүн калп айтчумун.
Илгери бир жолу Чындык менен Жалган жолугушуп калышкан экен.
Жалган «бүгүн күн жакшы болуп турат» деп Чындык менен учурашыптыр. Чындык асманды карап айланасына көз чаптырып чын эле бүгүн жакшы күн экендигине ишенет экен.
Алар чоң кудукка чейин чогуу барышат. Жалган колун сууга салып, «жагымдуу жана жылуу экен, эгерде кааласаңыз чогуу чөмүнсөк да болот» деп Чындыкка кайрылыптыр. Чындык дагы шекшип калыптыр да колун сууга салып көрсө жагымдуу экени анык экен. Алар чогуу чөмүнүшүп жатышканда
Кудайдын дүкөнүндө.
Карапайым жашаган аял бир күнү түш көрөт. Түшүндө дүкөнгө барса, Кудайдын өзү сатуучу экен.
- Оо, кудурети күчтүү Кудайым! Сиз өзүңүз сатуучу болуп жатасызбы?- деп кыйкырып жиберет ал сүйүнгөнүнөн.
- Ооба, менмин, - деп жооп берет Кудай.
- А сизден эмне сатып алсам болот?
- Менден баардыгын сатып алсаң болот, деп жооп узатат Кудай.
- Андай болсо, мага Сүйүү, Бакыт жана Ийгилик бериңизчи...- дейт аял кубанычы койнуна батпай.
Кудай мээримдүү жылмайып....
Акбаранын адам турактаган жерге мынчалык чукул кирип келгенинин жөнү бар болчу: өткөн түндөн бери кашардын ичи тынчыды да калды, кишилердин да, иттердин да үнү угулбайт. Көкүрөгүндө бала дегенде өчпөгөн үмүтү бар, күйүтү жанына тынчтык бербеген эне-бөрү ээн калган кашарлардын ичин бүт абайлап карап чыкты, бөлтүрүктөрү эч жерде жок, бир болсо ушерде болбосун дегендей чабандардын там-ташы, сарайлары турган жерге акырындап жакындады. Эми баланын маңдайында турат.
Генералдарды бир жылы офицерлер мейман кылып калышыптыр Бишкекте. Жылкы союшуп катуу тосушуптур. Жылкынын этин бышырганы бир жаш майорго тапшырышыптыр. Бардыгы мас, тантана катуу болуптур. Ошол убакта Баткен окуясынан кийин эле убак экен. Офицерлердин досу бир подполковник аты Учкун, экен, аны кыскартып «Уча» деп чакырышчу. «Уча» Баткенге командировкада болгон убакка туш болуптур бул окуя. Жанагы жылкынын этине жоопкерчиликтүү майор кашайып, ичимдиктен акырын ичип атып оттун жанында уйкуга тартылып кетиптир. Бир убакта бир генерал «этти тарткыла, кеч болуп кетти, биринчи «учаны» алып келгиле» деп буйуруптур.
Бир күнү мага өзгөчө кат келди. Окуп ойго баттым, жашымды тыялбадым. Кат ээсинин өтүнүчү менен иштеп чыгып жарыялоону туура көрдүм.
"Саламатсызбы эжеке, сиз менен сырдашып өзүмдү жеңилдетпесем, батпай турам. Макул десеңиз, айтайын да жеңилдейин".
- Саламатчылык кызым. Макул сырдашалы.
-Сизге түшүнүктүү болуш үчүн башынан жазайын ээ.
-Макул, кызым.
"Биздин үй алыскы райондордун биринде, чоң айылда жайгашкан. Чоң айыл, чоң үй - бүлө дегендей, биздин үй-бүлө да ошол чоң үй- бүлөнүн бир бутагы. Чоң ата, чоң эне, чоң коргон баары менен биз бактылуу элек.
-Кайненем бала баккандан качып кызыныкына кетип калган. Өз неберелерин карагысы келбейт, алтын тапчуудан бетер иштейм дейт, үйдө балпайып отура берсе биз багабыз да, тынчы жок да -бир палатада, маңдайлаш керебетте баласы мн жаткан келин дагы бир топ сөз сүйлөдү . Келгенден бери "кайненем бала карабайт " деп үч төрт курдай айтты.
Бул жолкусуна жооп кайтардым:
- Ар ким өз баласын өзү багышы керек. Кайненең өз балдарын багып чоңойтуп койгон, небере багууга милдеттүү эмес .
Бул сөзгө келин бир топ терикти.
Улгайган бир кемпир акырын бөлмөсүнөн чыкты. Конок бөлмөсүнөн небереси менен келининин үндөрү угулуп жатты: - "уулум, дасторкон даяр, сорпоңду куюп койдум; кел, муздап кала электе ичип ал". Муну уккан чоң эне бөлмөнүн бурчуна айылдан кошо көтөрө келген жер төшөктүн үстүнө отурду. Небереси, чоң энесин көрө калып: - " Чоң эне, келиңиз чогуу ичели"- деди. Кемпир маанилүү үшкүрүнгөн соң: "үйдүн эркеги келгиче кечки тамакка отурулбайт. Атаңар келсин, чогуу тамактанабыз, Кудай буюрса"- деди. Келини: " Ай коюңузчу апаке, илгери ошондой экен го! Азыркылар ачка болгондо, дасторконго отура берет, атабыз келгенде жейт да. Кемпир: " кызым, адамдардын кандай адеби бар болсо , үйлөрдүн да намысы жана адеби болот". Небереси чыдабай, мазактагансып сөзгө кошулду: " апеей да чоң апа, үйдүн намысы деген эмне экен? айтып берчи, кана, кызык болуп атат",
Бирөөнүн "балдарыма жылына мектебине доллар төлөйм, аскерде бирөөнүн картошкасын казабы деп чочулайм "- дегенин окуп заманам куурулду. Бар болсо баары эле төлөгүсү келет. Ойго батып отуруп, бир окуя эске түштү.
Бала үчүн баарына кайылсың го чиркин. Балам бактым - балам базарым дегендей балалуу үй базар эмеспи. "Бардыкы барман менен, жоктукку арман менен"- дегендей жашоо эриш - аркак өтө берет экен. Менин айтайын дегеним, көчөдөн мотурайган балдарды көргөндө, эзиле карап, эркелете көзүң менен өөп аласың. Бооруңа кысып алайын дейсиң, бирөөнүн баласы ыңгайсыз анткенге. Бир күнү шаардын маршруткасынан жүрөк ооруткан окуяга туш болдум. Аны мен эле сездимби, же башка дагы сездиби билбейм. Марштуркада бажырайган кызын жетелеген татына кийинген келин, күйөөсү экөө сапарлаш болду. Кызынын кытылдаган күлкүсү, түгөнбөгөн суроолору жан дүйнөңдү ээлейт. Ата - энесине көз жүгүртсөң, бир татына үй-бүлөлөр экенинен кабар берет.
Көрсөтүлдү 11 - 20 чейин, жалпы 35 (баардыгы 4 барактан)