"Табыпчылык-улуу сыр " табып , элдик дарыгер Дүйшөнбек Чомо уулу

"Табыпчылык-улуу сыр "  китептин автору табып , элдик дарыгер Дүйшөнбек Чомо уулу

китептен үзүндү

Уй беде (Клевер луговой) (Tripolum nratense)

Көп жылдык жапайы өсүмдүк, дарылыкка гүлү , жалбырагы колдонулат. Бул өсүмдүк суу  баскан арык жээктеринде, эски беде аңыздуу, нымдуу кыртыштуу өрөөндөрдө өсөт. Май айынан август айына чейин жаңырып өсүп гүлдөй берет, бою 20-30 см. үч иликтүү болот.

Дарылыгы: кан аздууулукка, нерв оорусуна, жалпы кандын айланышынын жана ошондой эле тамакка кошуп чүчбара жасап жесе болот. Гүлүн кайнак сууга 3 саат демдеп суусундук кылып ичсе бардык ан тамырлардагы уютманы ошондой эле денедеги тузду (шлакты) тазалайт.

Даярдалышы: кан басымды көтөрүү үчүн 5 л. Кайнак сууга 300 гр. Уй беде гүлүнөн демдеп бир кайнатып , 150 гр. Бал кошуп аралаштырып бал даамы чыгып муздагандан кийин 200 гр. Таза спирт кошуп, 3 сутка бөлмө жылулугунда коюп анан 3-4 маал 2000 граммдан тамак алдында ичүү керек. Бузулуп кетпес үчүн орточо муздаткычка  сактап суу кошпой ичиш керек.

..............................

Кызгалдак (Мак-самосемейка- Papaver rhaeas)
Уругун алып, анын бир аш кашыгын жанчып, 1 аш кашыгын 0,5 кг. балга аралаштырып, күнүгө бир чай кашыктан үч жолу жесе жатындын кагынуусун айыктырып, жаш аялдын бала төрөөсүнө пайдасын тийгизет.  Эркек кабылдаса бойго кубат берип, көңүлүн сергитет. Уктабай кыйналып жүргөн адамды тынчтандырат

Кызгалдактын сабагы жалбырагы менен оруп алып, көлөкө жерде соолутуп, сууга салып кайнатып баш жууса шакыйнасын айыктырып, чачтын түбүндөгү какачты кетире, жүзгө түшкөн ар түрдүү так менен сепкилди жоготот.

 Кызгалдактын тамырын жаштайынан майдалап туруп, анын 200гр. 0,5 литр аракка кошуп, 15 күн тургузуп, беттеги сепкилди жана ар түрдүү тактарды сүртсө, 7 күндө жоголот. Ошондой эле элдик медицинада кызгалдактын сабагы өпкө туберкулезуна, балдардын диабетине , ар түрдүү шишиктер менен тери ооруларына каршы колдонулат.

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

"Табыпчылык-улуу сыр " табып , элдик дарыгер Дүйшөнбек Чомо уулу

  • Автор: Дуйшөнбек Чомо уулу
  • Жанры: Кеңеш
  • Жылы: 2008
  • Басмакана: Бийиктик
  • Барагы: 204
  • ISBN: 978-9967-13-446-1
  • Жеткиликтүү: Түгөнүп калган, алдын ала заказ
  • 250Сом


Сунушталган китептер

Дары чөптөн, акыл көптөн

Дары чөптөн, акыл көптөн

Дары чөптөн, акыл көптөн ..

220Сом

Улуулардан таберик

Улуулардан таберик

Китеп жалпы эле элибиздин салттуу өнөрлөрүнө кызыккан окурмандарга арналат. Түзүүчүлөр С.Рысбаев, К...

300Сом

Жашоо сабагы

Жашоо сабагы

"Жашоо сабагы" - бул "Бакдөөлөт" коомунун иштеп чыккан өздүк окутуу программасынын негизиндеги билим..

400Сом

Акылдын күчү чексиз

Акылдын күчү чексиз

Акылдын күчү чексиз, Жон Кехо. Канадалык белгилүү жазуучу, филантроп Жон Кехонун бул китебинде ад..

200Сом

Беш аял - беш тагдыр

Беш аял - беш тагдыр

Бул китепте чыныгы турмуш-жашоодон алынган беш аялдын тагдыры, алардын махабаты менен кайгысы, кубан..

300Сом

Теги: Табыпчылык улуу сыр, китеп, табып, элдик дарыгер, Дүйшөнбек Чомо уулу, китеби, дары-чөптөр