"Жашоо сабагы" - журналы"Бакдөөлөт" коому

"Жашоо сабагы" - бул "Бакдөөлөт" коомунун иштеп чыккан өздүк окутуу программасынын негизиндеги билим.

...............................

Адамдын ыргагы 3 түргѳ бѳлүнѳт:

1.Нааразылык

2.Шүгүрчүлүк

3.Ыраазычылык

Шүгүрчүлүк келтирген адамдын жашоосу бирде ѳйдѳ, бирде ылдый болот.

Ыраазычылык келтирген адамдын жашоосу тѳмѳндѳн бийиктеп кетет. Ыраазычылык келтирген адамдын тѳмѳндѳ турган жашоосу создукса да аркасынан сѳзсүз түрдѳ бийиктѳѳ, эс алуу, ѳргүү келет.

Эмне үчүн ѳргүү болуп турат?

Ѳргүүдѳ адам жайлап күч топтоп, кайра жаңы бийиктикке бет алат.

Ѳргүүнүн мѳѳнѳтү бирде узун, бирде кыска. Мѳѳнѳт ѳзгѳчѳ себептерге байланыштуу.

Ыраазы болгон адамдын ыргагы кубаттуу, күчтүү.

Нааразы болгон адамдын ыргагы ортодон тѳмѳн.

Шүгүрчүлүк келтирген адамдын ыргагы ортодон жогору жана күчтүү (кубаттууга жетпейт).

Ыраазычылыктагы адам кѳп нерсеге ыраазы, азга нааразы.

Шүгүрчүлүктѳгү адам кѳп нерсеге ыраазы жана ошондой эле кѳп нерсеге нааразы.

Нааразычылыкта турган адам кѳпкѳ нааразы, ѳтѳ азга ыраазы.

Мисалы, нааразычылыкта турган үч башка адамга бирдей эле учурда жардам берсе:

1.Ыраазычылыкта турган аябай ыраазы

2.Шүгүрчүлүктѳ жалпысынан ыраазы

3.Нааразычылыкта турганы кѳп эле бербейт беле дейт.

Эгер табылга тапса кѳчѳдѳн:

1.Нааразычылыктагы – алымсынбайт

2.Шүгүрчүлүктѳгү – ушуга да шүгүр

3.Ыраазычылыктагы – аябай ыраазы.

Ошентип, ыраазычылыкта турган адам ѳзүнүн ыргагы менен, ыраазычылыгы менен кѳп жакшы нерсени ѳзүнѳ буйуртат: жакшы мамилени, Кудайдын жакшы белектерин, Кудайдын мээримин жана сүйүүсүн.

Ыраазы болгон адамга жардам берген адам дагы деле бере берет экен.

Ар бир адам ѳзүнѳ, ѳзүнүн калпыстыгына кичине болсо да нааразы болсо, ѳзүн кичирейтип коет экен, энергетикалык жактан.

Ѳзүнѳ ыраазы болуп турса чоңоюп турат. Ѳзүнүкү ѳзүнѳ катуу тийет (нааразычылык).

«Мен эмкиде кайталабайын» деп Кудайдан суранып коюш керек. Ѳзүн-ѳзү жебеш керек. Балдарга карата: мен силерден ушуну күттүм эле деп ѳзүнүн таарынычын мээрим, сүйүү менен  айтыш керек. Мээрим менен сүйлѳп жатканда дооматы жок айтыш керек.  Ымыркай кандай ыйлаак, чыр болсо деле эне чыдап, мээрим менен эле карап бага берет эмеспи. Бала чоңойгондо эне менен баланын ортосунда ажырым болуп баштаганда – баягы мээримди эстеп, ошол мээрим менен түшүндүрүш керек нааразычылыкты.

.................

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

"Жашоо сабагы"

  • Автор: Журнал
  • Жанры: Кеңеш
  • Жылы: 2016
  • Барагы: 56
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 400Сом


Сунушталган китептер

Табыпчылык-улуу сыр

Табыпчылык-улуу сыр

"Табыпчылык-улуу сыр "  китептин автору табып , элдик дарыгер Дүйшөнбек Чомо уулу китептен ү..

250Сом

Ата-бабалар табериги

Ата-бабалар табериги

Ата-бабалар табериги кыргыздын бүт каада салт,ырым-жырымдары толук камтылган китеп ..

800Сом

Асыл ойлор

Асыл ойлор

Асыл ойлор  (Рубаилер ). төртүнчү басылышы, автору Качкыналы Сыдыгалиев. Рубаи төрт сап ыр. ..

350Сом

Учкул ойлор

Учкул ойлор

Учкул ойлор, Асан Жакшылык Нур. "Учкул ойлордон" турмуштун көп тарамдуулугун сезесиз; Жараткан, ж..

450Сом

Бата

Бата

Бул китепке мааниси терең, сөзү нуска, саптары жарыкка толгон баталар камтылып, өсүүгө келечекке арн..

250Сом

Аталардан келген мурас

Аталардан келген мурас

Аталардан келген мурас. Берикбай кызы Гүлнур Бул китеп өсчү адамга белек, Адашкан адамга багыт..

250Сом

Тибетте жашаган кыргыздар

Тибетте жашаган кыргыздар

Тибетте жашаган кыргыздар, Темирбек Токтагазиев. Бул китепте Тибет тууралы маалыматтар чогултулуп..

400Сом

Жашоонун сыры кайда катылган?

Жашоонун сыры кайда катылган?

Бул китепте адамзаттык казынадан алынган икаялар топтолгон "Кадырлуу окурман! Ар улуттагы элдерге..

350Сом

Теги: "Жашоо сабагы" - журналы"Бакдөөлөт" коому, эс тутум, акыл, бабалардан калган насаат, жаңы жашоо, кеңеш,