Асыл ойлор (Рубаилер ). төртүнчү басылышы, автору Качкыналы Сыдыгалиев.
Рубаи төрт сап ыр. бул жанр чыгыш элдеринин классикалык поэзиясында кеңири орун алган. ал кыска болгону менен окурмандардынга терең философиялык ой калтырат. Белгилей кетчү нерсе, төрт саптан турган ар кандай ыр рубаи боло бербейт, ал үчүн жалпылаштырган философиялык ойдун болушу зарыл.
Автордон: Мен окурмандарга сунуш кылган рубаи китеп ааламга аты чыккан белгилүү илимпоз, акын Омар Хайямды туурагандыкка жатпайт. Жогоруда айтылгандай ар кимдин өз оюу, өз жолу тагдыры бар. Мен да чубалган көчкө кошулуп, көп менен аралашып келатам. Максатым кыргыз элинин кылымдап келаткан ата салтын, адеп ахлагын, акыл сөзүн, ыйман ырыскерлигин рубаи жанры аркылуу окурмандарга жеткирип, ойуна ортоктош болуу.
Рубаи жанрынын үстүндө эмгектенгенде, турмуштун көрүнгөн-көрүнбөгөн татаал суроолоруна жооп издөөдө, жаратылыштын жандуу агымынан, доордун топураган калың катмарына, тумандаган турмуштун арасынан асыл ойду издеп таап элге тартуулаш мен үчүн сыймык, чексиз бакыт.
Рубаи башка ырга окшоп шыдыр окуганды жактырбайт. Рубаи токтоп, ойлонуп окушту талап кылат. Жаңыртылган жаңы рубаи китеп окурмандарды кайдыгер калтырбай кызыгуусун арттырарга ишеним чоң....
китептен үзүндү:
1064
Бул дүнүйө турса дагы болуп жарык,
Ууруга кең дүйнө турат тарып.
Калп айтып кутулам деп ойлобогун,
Чындыкка такаласың акыр барып.
1984
Сүйүү кумар, кумарланып ойнойсуң.
Канча болсо, сен сүйүүгө тойбойсуң.
Өмүр бою жаштык мезгил турса деп,
Атаганат айрым кезде ойлойсуң
2590
Ыйласаң да, туйласаң да өмүр өтөт,
Жамандыкты жакшылы кууп өтөт.
Бир сөздү кайталаса кайра -кайра,
Ал сөздүн соолуган гүлдөй баркы кетет.
2707
Аял сүйсө куштар кылат эркекти,
Кошо ичет арак менен шербетти.
Акырында ичкиликке алдырып,
Бырыш басат бетиндеги берметти.
2711
Тарта ич деп айласыздан айтылат сөз,
Такыр ичпе дейт элем көзмө-көз.
Ичкен үйдө ишенип кой тынчтык жок,
Ичсең ташта, болсо сенде акыл-эс.
3106
Адамга абийир деген өтө керек,
Көрбөйт деп ууру кылба, Кудай көрөт.
Тирүүңдө колго түшпөй аман калсаң,
Өлгөндө сазайыңды Кудай берет.
Асыл ойлор (Рубаилер )
- Автор: Качкыналы Сыдыгалиев
- Жанры: Ырлар
- Жылы: 2016
- Басмакана: Улуу тоолор
- Барагы: 428
- ISBN: 978-9967-170-36-9
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
350Сом
Сунушталган китептер
Рубаилер Омар Хаям
Мейлиң жүз жыл, мейлиң миңге жашагын, Бирок чындык, көр алдында жатаарың. Падыша бол, кайырчы бол,..
350Сом
Омор Султанов
Акын Омор Султановдун ырлар жыйнагы эми бир китепте. .................................. КУСАЛЫ..
380Сом
Учкул ойлор
Учкул ойлор, Асан Жакшылык Нур. "Учкул ойлордон" турмуштун көп тарамдуулугун сезесиз; Жараткан, ж..
450Сом
Чыгыш берметтери
"Чыгыш берметтери" орусчадан которгон Басылбеков Кубанычбек. Сиз бул китептен чыгыш ойчулдары Абу..
280Сом
Бата
Бул китепке мааниси терең, сөзү нуска, саптары жарыкка толгон баталар камтылып, өсүүгө келечекке арн..
250Сом
Аталардан келген мурас
Аталардан келген мурас. Берикбай кызы Гүлнур Бул китеп өсчү адамга белек, Адашкан адамга багыт..
250Сом
Жашоо сабагы
"Жашоо сабагы" - бул "Бакдөөлөт" коомунун иштеп чыккан өздүк окутуу программасынын негизиндеги билим..
400Сом
Теңирсөз-көчмөндөр акылы
Вахаб-Бостон окурмандарга балдар жазуучусу катары белгилүү. Бул эмгегинде ал көп жылдык турмуштук ба..
360Сом
Кун Фу Зы (Конфуций)
Китепте дүйнөлүк даанышмандардын жана ойчулдардын бири Конфуцийдин өмүр таржымалы кыскача берилип, а..
300Сом
Адамдын асыл ойлору (Өң менен туштөгү элестер)
"Жаңы эч нерсе жаратпадым, болгону элдикин алып элге бердим" Конфуций **** "Акылмандыкты издеп..
400Сом
Жашоонун сыры кайда катылган?
Бул китепте адамзаттык казынадан алынган икаялар топтолгон "Кадырлуу окурман! Ар улуттагы элдерге..
350Сом
Теги: Асыл ойлор, Рубаилер, Качкыналы Сыдыгалиев, ырлар, аял, сүйүү, бакыт, дин, бейиш, тозок, мансап, ата-мекен, адеп, жөнүндө ырлар