Омор Султанов

Акын Омор Султановдун ырлар жыйнагы эми бир китепте.

..................................

КУСАЛЫК

Чарчоонун биринчи ыры

жазылган күн

эсимде

турат бүгүн...

Баарыбыз жаш бала элек

түшүнө элек,

экинчиби

үчүнчүбү класста элек.

Каникулга тарагандын эртеси болсо

керек,

эч кимге айтпай
качып чыккан Мцыридей
сагынчым кусага өтүп
жүдөп жедеп
жөнөдүм апамды издеп...
Убакыт — күн чыга элек.
Алыстан

же бийиктен караганга
жердин бити сыяктуу
болсом керек.
Колумда таягым бар
өзүмдөн чоң
жол билбейм

бирок, барам тоо аралап —

апамды издейм...

Апам болсо көкүрөк оорулуу эле.

Жан талашып

жылкычынын жанына

тигип алып

бир алачык,

кымызга барган эле...

Кусалык — коркунучтан

жырткычыраак.

Чоң кайкы ашып

узунду күн жол басып

(билбептирмин, жол дагы ушунчалык

болобу ыраак?)

калган кезде көз байланып

өзүмдөн чоң таягымды

колума алып
алачыкка кирип барып
бир «баа-а» деп жыгылыпмын
апама канат жайып...

Бар эле анда
коркунуч да,
кубаныч да

бир өмүргө созулган ошол «ба-а» да

Мени оорулуу көкүрөккө кысып алып
апам дагы ыйлап жатты
кусалыктын бугун жарып.
Ошондо чарчаптырмын ушунчалык —
эстей калсам азыр да
баардык жолду басып өткөн
таманымдын алдында
зуу-зуу этип жер зуулдайт
башка нерсе угулбайт...

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Омор Султанов

  • Автор: Омор Султанов
  • Жанры: Ырлар
  • Жылы: 2011
  • Басмакана: Турар
  • Барагы: 408
  • ISBN: 978-9967-15-012-6
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 380Сом


Сунушталган китептер

Көл толкуну

Көл толкуну

Улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун ырларын, поэмаларын бул китептен таба аласыз. Түзүүчү Т.Кожомбердиев..

300Сом

Байдылда

Байдылда

Эне тилин билбеген, Эси жогун аныктайт. Эне тилин сүйбөгөн, Элин сүйүп жарытпайт.  Дег..

250Сом

Мидин

Мидин

Мидин Алыбаевдин ырлары бир китепте! Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай. Жүралбаймын күндө сени сагы..

250Сом

Карайлаба, Кан Манастын урпагы!

Карайлаба, Кан Манастын урпагы!

Акын, журналист Гүлжамила Шакированын мыкты чыгармалары топтолгон китеп сиздин назарыңызда. .......

400Сом

Сүйүнбай Эралиев (ырлар жыйнагы)

Сүйүнбай Эралиев (ырлар жыйнагы)

Бул китепке акын Сүйүнбай Эралиевдин ырлары, котормолору кирди. Эне Дүлөй болуп калса да- үнүң..

350Сом

Асыл ойлор

Асыл ойлор

Асыл ойлор  (Рубаилер ). төртүнчү басылышы, автору Качкыналы Сыдыгалиев. Рубаи төрт сап ыр. ..

350Сом

Теги: Омор, Султанов, ырлар жыйнагы, акындар,