Мидин Алыбаевдин ырлары бир китепте!
Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай.
Жүралбаймын күндө сени сагынбай.
Мээ сергитет менде жүргөн элесиң,
Мелмиреген Ысык-Көлдүн таңындай.
Көзүң укмуш–ак чыныда карагат,
Көп караба, жүрөгүмдү жаралап,
Көөнүң болсо, бир белгиңди түшүндүр
Киши жалдап, сүйө албаймын паралап!
Эч пайдасыз ээрчип жүрөм эринбей.
Жооп берчи, же жок дечи керилбей.
Кээ бир түштө беттен сылап коесуң,
Июлдагы көк конуштун желиндей.
Сүрдөп кетем капыс жерден кабылсам.
Кечирип кой, мен сүйүүдөн жаңылсам!
Жалгыз сага жарашкансып көрүнөт
Кайсы күнү–кандай жоолук салынсаң…
Жайдын түнү… Аба салкын, ай жарык,
Көп жүрдүк го бак аралап айланып.
Бир мезгилде мындай сунуш киргиздиң:
“Болдучу эми, түн ортосу, кайталык…”
Дедиң дагы мага карап токтодуң,
Колду сундуң коштошчуга окшодуң.
“Эсен тур”–деп оң колумду бек кысып,
Ич жылытып жүрөгүмдү козгодуң.
Кучактадым. Мен сен жакка ыктадым,
Сен да ыктадың, кучагымдан чыкпадың.
Шылтоо кылып, чочубасын дегенсип,
Жакаңдагы кызыл гүлдү жыттадым.
Мидин Алыбаев
- Автор: Мидин Алыбаев
- Жанры: Поэзия
- Жылы: 1996
- Басмакана: Кыргызстан
- Барагы: 220
- ISBN: 5-655-01121-2
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
250Сом
Сунушталган китептер
Көл толкуну
Улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун ырларын, поэмаларын бул китептен таба аласыз. Түзүүчү Т.Кожомбердиев..
300Сом
Байдылда
Эне тилин билбеген, Эси жогун аныктайт. Эне тилин сүйбөгөн, Элин сүйүп жарытпайт. Дег..
250Сом
Издейм сени
Качандыр бир жаралам деп ойлоном, Бул чеги жок табийгаттын колунан. Аалам кези айланыштуу жол ..
100Сом
Мен тоолордун уулумун
Мурутума муз тоңсо да шыңгырап, Мурчуйса да мансаптуулар зыңгырап... ...Жүгүнбөймүн, жүзүм сат..
100Сом
Омор Султанов
Акын Омор Султановдун ырлар жыйнагы эми бир китепте. .................................. КУСАЛЫ..
380Сом
Карайлаба, Кан Манастын урпагы!
Акын, журналист Гүлжамила Шакированын мыкты чыгармалары топтолгон китеп сиздин назарыңызда. .......
400Сом
Алыкул Осмонов (тандалган чыгармалар 2 китеп)
Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналып чыккан бул китептерге тандалган чыгармалары кирди. Акы..
1 400Сом
Райкан Шүкүрбеков тандалма чыгармалары ( 2 томдук)
Сиз бул китептерден классик акын Райкан Шүкүрбековдун ырларын, тамсилдерин, термелерин, драмаларын, ..
800Сом
Жусуп, тандалган чыгармалар
Бул жыйнакка залкар акындын тандалган чыгармалары топтолду. Мисалы, быйыл 100 жылдыгы белгиленип жат..
200Сом