Райкан Шүкүрбеков тандалма чыгармалары ( 2 томдук) , ырларын, тамсилдерин, термелерин, драмаларын, интермедияларын жана аңгемелерин окуй аласыз, кыргызча китебин издөө

Сиз бул китептерден классик акын Райкан Шүкүрбековдун ырларын, тамсилдерин, термелерин, драмаларын, интермедияларын жана аңгемелерин окуй аласыз.

"Жинди суу" үзүндү

Акындар төгөт термени,
Түгөнбөс ырдын кендери.
Эми уккула, жолдоштор,
Термени жаңы мендеги.

Терменин башы арактан,
Айланып кетсин тамактан,
Силерге айтып жатамын,
Качсын деп жаман адаттан.

Карабайт кары-жашыңа,
Капаны үйөт башыңа.
Жүргөн жери ызы-чуу,
Эч кимге жакпайт жинди суу.

Берметтей болуп жылтылдайт,
Түлкүдөй болуп кылтылдайт.
Бөтөлкөдө жай жатат,
Ичиңе кирсе чаңдатат.

Жалгыз эмес жинди суу,
Анда ага да бар, ини бар.
Спирт, пиво, винолор,
Ар кимисин билип ал.
Бардыгынын жини бар,
Өздөрүнчө тили бар.

Эч кимге кылбайт жакшылык,
Жетелеп кетет азгырып.
Жамандык менен жакшылык,
Каршы болот турбайбы.
Жамандыкка жинди суу
Жарчы болот турбайбы.
Айтып коюш парс экен,
Жаш, карыга мындайды,

Айтарым алыс, жакынга,
Айтканымды макулда.
Тумандатып башыңды,
Зыяны тиет акылга.

Адеп ичип жүргөндө,
Ойнотот түрлүү гүлдөргө.
Жашчылык ырын ырдатат,
Ай жарык сулуу түндөрдө.

Шек билгизбейт жымыңдап,
Көзүн ымдайт кымыңдап.
Кез-кезде гана азырак,
Башың коет зыңылдап.

Анан өзү келет акылга,
Аракка арак макул да.
Бир күнү башты жазасың,
Пахмелдин даамын татасың.

Анан түгөнбөс пахмел башталат
Баш ооруйт кайда качасың.
Бир стакан ичкенде,
Арстан кылат өзүңдү.
Өзүңө жанды теңебей,,
Арбытат айткан сөзүңдү
Кекеттирет сүйлөтүп,
Аңтарылтат көзүңдү.
Арстандыктан өткөзүп,
Анан мышык кылат жинди суу.
Бирине бирин апчытып,
Ошондо кызык кылат жинди суу.
Отсуз, майсыз күйгүзүп,
Сызык кылат жинди суу.

Чакырган үйдү жадатат,
Отурган элди таратат.
Эртесинде шылкыйтып,
Уялтып жерди каратат.

Жолобой калат билгендер,
Алыстайт бирге жүргөндөр.
Бирок, арактан өзүң качпайсың,
Жалгыздап сого баштайсың.

Баткактарга оонатып,
Чочко кылат жинди суу,
Адам жебес, ит жебес,
Сени ботко кылат жинди суу.
Дайым эле ошентпейт,
Кээ бир кезде билги суу
Обу жок кээ бир киши бар,
Оозуна албайт аракты,
Бирдемең барбы кана деп,
Коньяксыз ичпейт тамакты.
Коньякты таштап ичпеске,

Карыялардан бата алат.
Бирок, пивону согот чакалап,
Мен ичкенди койгом деп,
Көрүнгөндү жакалап,

Айтамын сөздү баарыңа,
Салгыла кулак жабыла.
Жарашпайт экен ичкилик,
Айрыкча көк ала сакал карыга.
Тамактай көрбө бозону,
Тарта ичкиле ошону.

Балбанды аттан оодарган,
Баатыр болот жинди суу.
Көйнөгү жок төшүндө,
Жакыр болот жинди суу.

Акын болсо үнүн жейт,
Жаштын терип гүлүн жейт.
Чечендердин сөзүн жейт,
Сөзүнөн кийин өзүн жейт.

Айтылуу сулуу келиндин,
Көрөсүң көркү кеткенин.
Өзүңчө туруп кейийсиң,
Көргөндө мастын өпкөнүн.
Ак шайы көйнөк эми жок,
Ак тубар жоолук деги жок.
Кийип калган этине,
Апасынын чепкенин,
Ырдап калат тийишип,
Абийиринин кеткенин.
Мастардын бүтпөс сөзү ошол,
Сөз кылат айым өткөнүн.

Бирин-бири макташат,
Бирин бири жакташат.
Элдин баарын тилдешет,
Көңүлүңдү зилдетет.
Бирин-бири өбүшөт.
Анан бирин-бири сөгүшөт.
Кайра баштан сыйлашат,
Жин тийгенсип ыйлашат.

Куран окуйт мас болуп,
Күйгөндөн ырдайт жаш болуп,
Эстеп ыйлайт атасын,
Илгерки өлгөн апасын.
Карап турсаң мастарды,
Чоң кызыкка батасың.
Жаралып эки келбейсиң,
Жаркыраган ааламга.
Акыл, эс, уят, ар намыс,
Чоң касиет адамга.
Түбөлүк жашап каласың,
Эмгегиң сиңсе заманга.
Көрктөнөт киши жумуштан,
Элиие кызмат кылыштан.
Кээ бир, кээ бир көпкөндөр,
Адашат жүрүш-туруштан.
Алы жетпейт арбайып,
Бөтөлкөдөн чыгыштан.
Душман көрөт өзүңдү,
Ичпе деп жардам кылышсаң:

Айткан тилди албайбы,
Кубалаш керек андайды.
Азыраак айтып мастардын
Кылыгын санап талдайлы.
Акындар айтпайт бизди деп.
Алардын көңүлү калбайбы.

Жинди болот мас киши,
Элүүсүндө жаш киши.
Элдин баарын үркүтөт,
Кутуруп жүргөн өз киши,
Чындыгында кемпайлар,
Өзүнө өзү кас киши.
Адегенде ал ичкич,
Мекемеден куулат,
Кекиртектен кетти деп,
Ал, кыргызга бүтүн угулат.
Боору ооруган начальник,
Аны кайра алат ишке калкалап.
Ашып кетсе алты күн,
Араң жүрөт чалкалап,
Ичпейм деп айтат күчтөнүп,
Үч күн жүрөт тиштенип.
Кылжыңдап келет бир күнү.
Шляпасы бүктөлүп.

Кызматчылар жабылып,
Башын чайкап турушат.
Столдорго чалынып,
“Соомун” деп кайра урушат.
Акыл айтса өзүңө,
Ошондо куйкаң курушат.

Эми койдум анык деп,
Түгөнбөгөн убада.
Учу-кыйры билинбейт,
Убада байкуш убара.

Жан-жагыңды карасаң,
Күлүп турат жарашып.
Кыз-келиндин бардыгы
Сүйгөндөй сени карашып.
Башка сөзгө көчөсүң,

Барып калат айлына,
Баардыгын салат кайгыга.
Көк мээ кылып көп сүйлөп,
Көз көрүнөө айлына.

Орусча сөгөт энесин,
Ыйлатат жакын жеңесин.
Бээлерди үркүтүп,
Быт-чыт кылат желесин
Жакының болсо ичкичтен,
Уялып элден өлөсүң.

Көркүнө чыгып гүлдөгөн,
Жериң менен иши жок.
Көкөлөп өсүп бараткан,
Элиң менен иши жок.
Жакындатат кылмышка,
Жабыркатат турмушта.
Өнөрүң болсо өргө чап
Ашыгып иште, күн кыска.

Кең Ала-Тоо керилген,
Келберсиген жериңден.
Атыр аба, агын суу,
Баары бизге берилген,
Ойноп-күлүп көрүп өт.
Кутулуу жок өлүмдөн.
Оюн-күлкү болбойбу,
Ичмейинче аракты?
Асманатып сыздырбай,
Сындырат арак канатты.
Жөн эле жегин тамакты,
Карматпай эски адатты.

Азамат болуу аста-аста,
Айран болуу бир паста.
Ууртап-татып көнбөгүн,
Миң таштаба, бир ташта.
Сөз кадырын сыйлаган,
Бир сөз жетет бир башка.

Койгун деп элиң асылат,
Койбосоң бир күн басылат,
Жымыя күткөн ырыскы,
Томсоро качып жашынат,
Эн тамгасын бөлөктөп
Салып коет жинди суу.
Акыры менден өлөт деп,
Алып коет жинди суу.
Чөнтөгүнө култуйтуп,
Салып коет жинди суу.

Ичкичтердин түрү бар,
Алардын түрүн билип ал.
Чатагы жок шимирген,
Жүк көтөргүч пили бар.
Бирок, көйнөгү арак жыттанып,
Күйүп кеткен түрү бар.
Элден-журттан бөлүнгөн,
Бечара тарткан үйү бар.

Тандабай кызыл агынан,
Табылса соккон таңынан.
Кызыл мурун деген бар,
Мына, ошолор жаман баарынан.

Каны тарткан ичине,
Жутуп алса кичине,
Эртесинде шишиме,
Ичсе кирген күчүнө.

Тартипсиз болот чачтары,
Тайтаң-туйтаң басканы.
Аракка кетет ар дайым,
Антип минтип тапканы.

Арканы жок, жиби жок,
Байлап алат жинди суу.
Жылаңайлак-жылаңбаш,
Айдап алат жинди суу.
Анан өзүңдү өзүң билесиң,
Өөдө төмөн жүрөсүң.
Куш сайрабас, күн тийбес,
Түнт токойго киресиң.
Ачуу-ачуу кыйкырып,
Аржаңдап жалгыз күлөсүң,
Айлыңа жакпайт мүнөзүң.

Анын эч ким жетпейт түбүнө,
Ал жетет сенин түбүңө.
Көзүңдүн агы жоголуп,
Коркурак кирет үнүңө,
Өз балаң коркуп бекинет,
Көргөндө сенин түрүңө.
Агайын-тууган бириксе,
Сөз бербейсиң бирине.
Таамай-таамай сайрайсың,
Тибиртке чыксын тилиңе.

Бүчү менен топчуңду,
Буфеттерде үзөсүң,
Ысык-Көлдө жүргөнсүп,
Кургак жерде сүзөсүң.

Калтыратат колуңду,
Ийри кылат жолуңду.
Жайдын күнү кийгизет,
Кышындагы тонуңду.

Күн кайнаган жайында,
Июль, август айында,
Кийиз өтүк бутуңда,
Мына, анык күлкү ушунда.
Суу кечкен теке кейптенип,
Плащчан коет кышында.
Батинкесиз, өтүксүз,
Эски галош бутуңда.
Айылдан ичсең аракты,
Көрсөтөт түрдүү санатты.
Мугалим болсоң бир жерге,
Окуттурбайт сабакты.

Эл базарга барганда,
Сен да калбай барасың.
Көйнөксүз эрдин бир тобун,
Көк базардан табасың,
Ок тийгендей оп этип,
Аттан кулап каласың.

Өткөн, кеткен күлүшөт,
Жанында иттер үрүшөт.
Күүгүм кире күн бата,
Чөнтөгүңө киришет.

Таппайсың туруп атыңды,
Чеңгелдейсиң башыңды.
Бутуңда жок өтүгүң,
Суу болуп жатат көчүгүң.

Сай-сөөгүң сыздап жүлүндөйт,
Чылпактап көзүң ириңдейт.
Оозу-башың бүлкүлдөп,
Сүйлөгөн сөзүң билинбейт.

Оолукма кылат өзүңдү,
Опсуз кылат сөзүңдү.
Ата-энеден тилдетип.
Акшыңдатат көзүңдү.

Тамактан такыр каласың,
Суусап күйүп жанасың.
Ичкиң келсе айла жок,
Бир сомдук арак аласың.

Стаканды карайсың,
Бир тамчы болсо жалайсың.
Тааныш издеп сандалып,
Беш сом акча самайсың.

Ашаткан тери жыттанат,
Үстүңдөгү кийгениң,
Жинди бойдон өлөсүң,
Кызыгын көрбөй дүйнөнүн.

Ит каппайт сени адам деп,
Кыз сүйбөйт сени жаман деп.
Милицияда жатасың,
Штраф кайдан табам деп.

Айтканымды ойго алар,
Акылы бар жаш бала.
Ардактуу асыл башыңды,
Аракка кылба маскара.

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Райкан Шүкүрбеков тандалма чыгармалары ( 2 томдук)

  • Автор: Райкан Шүкүрбеков
  • Жанры: Жыйнак
  • Жылы: 2013
  • Басмакана: Учкун
  • Барагы: 380
  • ISBN: 978-9967-17-030-8
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 800Сом


Сунушталган китептер

Байдылда

Байдылда

Эне тилин билбеген, Эси жогун аныктайт. Эне тилин сүйбөгөн, Элин сүйүп жарытпайт.  Дег..

250Сом

Мидин

Мидин

Мидин Алыбаевдин ырлары бир китепте! Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай. Жүралбаймын күндө сени сагы..

250Сом

Алыкул Осмонов (тандалган чыгармалар 2 китеп)

Алыкул Осмонов (тандалган чыгармалар 2 китеп)

Алыкул Осмоновдун  100 жылдыгына арналып чыккан бул китептерге тандалган чыгармалары кирди. Акы..

1 400Сом

Эстебес Турсуналиев, Тандалмалар

Эстебес Турсуналиев, Тандалмалар

Эстебес Турсуналиев, төкмө акындын бул китебине тандалма чыгармалары , айтыштары, башынан өткөн окуя..

300Сом

Теги: акын, классик, Райкан Шүкүрбеков, тандалма чыгармалары ( 2 томдук), ырлары, тамсил, терме, драма, интермедия, аңгемелерин, окуу, жинди-суу