Издейм сени

Качандыр бир жаралам деп ойлоном,

Бул чеги жок табийгаттын колунан.

Аалам кези айланыштуу жол менен,

Мен жашоого кайра баштап жолугам...

Аз, бирок нускалуу өмүр сүргөн акындын бул китебинде эң мыкты чыгармалары топтоштурулду. Китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз

Издейм сени арасынан элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга издөө үчүн келгенмин.

Акпы, көкпү же сарыбы жоолугуң,
Жоолугуңдун түсүн билбей оорумун.
Күзгө калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан азууда ден соолугум.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Гүлзарынан күндөй кооз жерлердин.
Сен ааламга кыйноо үчүн жаралсаң,
Мен түбөлүк кыйналууга келгенмин.

Кызыл бекен, пушту бекен көйнөгүң,
Мынча оңой алоолонтуп ойнодуң.
Мүмкүн ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою бир көрүнбөй койгонуң.

 

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Издейм сени

  • Автор: Жолон Мамытов
  • Жанры: Ырлар
  • Жылы: 2010
  • Басмакана: Бийиктик
  • Барагы: 116
  • ISBN: 978-9967-13-743-1
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 100Сом


Сунушталган китептер

Көл толкуну

Көл толкуну

Улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун ырларын, поэмаларын бул китептен таба аласыз. Түзүүчү Т.Кожомбердиев..

300Сом

Байдылда

Байдылда

Эне тилин билбеген, Эси жогун аныктайт. Эне тилин сүйбөгөн, Элин сүйүп жарытпайт.  Дег..

250Сом

Мидин

Мидин

Мидин Алыбаевдин ырлары бир китепте! Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай. Жүралбаймын күндө сени сагы..

250Сом

Мен тоолордун уулумун

Мен тоолордун уулумун

Мурутума муз тоңсо да шыңгырап, Мурчуйса да мансаптуулар зыңгырап... ...Жүгүнбөймүн, жүзүм сат..

100Сом

Теги: Жолон, Мамытов, ырлары, китеби, издейм, сени