Турар-Кожомбердиев

Мурутума муз тоңсо да шыңгырап,

Мурчуйса да мансаптуулар зыңгырап...

...Жүгүнбөймүн, жүзүм сатпайм эч кимге

Жүрөгүмдөн агып турса ыр булак.

  Акындын бул китебинде эң мыкты чыгармалары топтоштурулган. Китеп окурмандарды, поэзия сүйүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз

ЭНЕ ЖАНА ОТ

Мейли кышта, бурганактын шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын таңында,
Коломтону элестетсем, энекем,
Күйпөлөктөп олтургансыйт жанында.

Куурай терип, тезек терип жакканы,
Камданчуубуз казанга нан жапканы.
Эмнегедир от биздики дечүмүн –
Апамдардын өздөрү ойлоп тапканы.

Казан шуулдап, түбү көөлү карарган,
От күчөөчү коломтодо таралган.
Эмнегедир от бир буюм сезилчү,
Апакемдин колдорунан жаралган.

Эстен кетпейт өткөндөрдүн элеси,
Малчылардын күнгө күйгөн денеси…
А мен отту бир туугандай сезчүмүн,
Апам болчу анын дагы энеси.

Тиштеринде карсылдап тоо ышкыны,
Атам мага мингизчү көк быштыны.
Тентек кылсам дүңкүлдөтчү жонумду,
Апакемдин нандай жумшак муштуму.

Көмөч ысык. Оф! Фу! Кантем, калакай,
Коломтого топтой ыргып малакай.
Энем кайра алып көрүп колуна
Айтчу мага: — Ай, тентек ай, жалакай!

Уктап жатса, адетиңдир тук этмей?
Жымжырт. Жоопсуз, Кузгун дагы кук этпей.
Сен сурасаң үзүп алып очоктон
Күйгөн отту сунаар элем букеттей!

Мейли кышта, бурганактын шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын таңында,
Коломтону элестетсем, энекем,
Күйпөлөктөп олтургансыйт жанында.

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Турар-Кожомбердиев

  • Автор: Турар Кожомбердиев
  • Жанры: Ырлар
  • Жылы: 2010
  • Басмакана: Бийиктик
  • Барагы: 104
  • ISBN: 978-9967-13-744-8
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 100Сом


Сунушталган китептер

Көл толкуну

Көл толкуну

Улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун ырларын, поэмаларын бул китептен таба аласыз. Түзүүчү Т.Кожомбердиев..

300Сом

Байдылда

Байдылда

Эне тилин билбеген, Эси жогун аныктайт. Эне тилин сүйбөгөн, Элин сүйүп жарытпайт.  Дег..

250Сом

Мидин

Мидин

Мидин Алыбаевдин ырлары бир китепте! Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай. Жүралбаймын күндө сени сагы..

250Сом

Издейм сени

Издейм сени

Качандыр бир жаралам деп ойлоном, Бул чеги жок табийгаттын колунан. Аалам кези айланыштуу жол ..

100Сом

Теги: Турар, Кожомбердиев, ырлары, китеби, Мен, тоолордун, уулумун, поэзия