Акын, журналист Гүлжамила Шакированын мыкты чыгармалары топтолгон китеп сиздин назарыңызда.
.........................
Агылышып туш тушунан кир, чаңы,
ар тараптуу арам дүйнө курчады.
Ат Журттун канын соруп киришти,
жерге тийип жегичтердин курсагы.
Байкабасаң уруп кетип жүрбөсүн,
бабалардын мүрзөсүнүн турпагы.
Канча жылдан өрүш алган элимди,
каңгытпасын каар замандын бул чагы.
Калбаат туруп, канатыңды кырктырбай,
Карайлаба, кан Манастын урпагы!
Карайлаба, Кан Манастын урпагы!
- Автор: Гүлжамила Шакирова
- Жанры: Ырлар
- Жылы: 2012
- Басмакана: Бийиктик
- Барагы: 388
- ISBN: 978-9967-13-152-9
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
400Сом
Сунушталган китептер
Теги: Карайлаба, Кан Манастын урпагы!, кыргызча китеп, Гүлжамила Шакирова,