Жусуп Турусбековдун, тандалган чыгармалары

Бул жыйнакка залкар акындын тандалган чыгармалары топтолду. Мисалы, быйыл 100 жылдыгы белгиленип жаткан Улуу Үркүндөгү Жусуп өзү да баштан кечирген трагедиялуу окуялардын негизинде жазылган «Ажал ордуна» драмасы. Бул пьеса алгач ирет 1934-жылы сахнага коюлган. Композиторлор А. Малдыбаев, В. Власов жана В. Фере музыкасын жазып, буга ылайык чыгарма дагы кыйла иштелген. Узак жылдар бою Кыргыз опера жана балет театрынын секисинен түшпөй, өздүк көркөм чыгармачылык топторунун да көп аткарган чыгармасына айланган. Акындын көзү тирүүсүндө (1938-жылы) чыгарылган соңку басылышына карап, пьесанын ушул жыйнактагы тексти даярдалды.

Китепке акындын эң таанымал ырлары тандалды. Мунун ичинен айтылуу Атай Огонбаев обонун жараткан «Эсимде» менен Абдылас Малдыбаев музыкасын жазган «Кызыл жоолукчанды» азыркыга чейин ырчылар ырдап, эл жактырып угуп келет.

Жусуптун кан майданда фашисттер менен кармашып жүрүп жазган   «Каракчынын трагедиясы» поэмасы 1942-жылы жарык көргөн. Бул китепке адабият боюнча мектеп программасына камтылган «Энем» поэмасы да киргизилди.

Китеп "Санжарбек Данияровдун Коомдук Фонду" тарабынан  басылып чыкты

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Жусуп, тандалган чыгармалар

  • Автор: Жусуп Турусбеков
  • Жанры: жыйнак
  • Жылы: 2016
  • Басмакана: С_Данияров КФ
  • Барагы: 127
  • ISBN: 978-9967-472-40-2
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 200Сом


Сунушталган китептер

Мидин

Мидин

Мидин Алыбаевдин ырлары бир китепте! Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай. Жүралбаймын күндө сени сагы..

250Сом

Алыкул Осмонов (тандалган чыгармалар 2 китеп)

Алыкул Осмонов (тандалган чыгармалар 2 китеп)

Алыкул Осмоновдун  100 жылдыгына арналып чыккан бул китептерге тандалган чыгармалары кирди. Акы..

1 400Сом

Окуучунун китеп текчеси сериясынан (10 томдук)

Окуучунун китеп текчеси сериясынан (10 томдук)

Окуучунун китеп текчеси сериясынан (10 томдук) китептеринен, сиз Карачев Сыдык, Касым Тыныстанов, Кө..

3 500Сом

Каныбек (1-2 том)

Каныбек (1-2 том)

 Касымалы Жантөшевдин калемине таандык "Каныбек"  романын окуй аласыз. Китеп 2 томдон тура..

1 000Сом

Теги: Жусуп Турусбековдун, тандалган чыгармалар, Ажал ордуна, Энем поэмасы, китеби