Жусуп Турусбеков

Жусуп Турусбеков

Жусуп Турусбеков

Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, акын жана драматург Жусуп Турусбеков 1910-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында дүйнөгө келген. 1916-жылкы Үркүндө ата-энеси менен кошо Үч-Турпанга чейин барып кайткан Жусуптун балалыгы алгач жокчулукта, кийинчерээк ага кошул-ташыл жетимчиликте өтүп, ар кайсы туугандарынын колунда чоңойгон экен. Ал ошол кездеги билимге умтулган үмүт-тилеги чоң жаштардын катарында турган. 1921-жылы таякеси Чортонбай Каракол жаарындагы балдар интернатына тапшырып, кийин ал интернат айыл-чарба техникумуна айланганда да болочок акын ошол жерде окуйт.

1928-жылы ал Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына келип, “Эркин-Тоо” газетасынын редакциясында иштейт. Жусуптун адабиятка кызыгуусу, чыгармачыл аракеттери дал ошол жылдары башталып, гезит беттерине айрым ырлары чыгат.

1929–1930-жылдары Комсомолдун мүчөсү катары Тверь шаарына жолдомо менен барып билим алган. 

Окуусун аяктап келгенден кийин "Кызыл Кыргызстан", "Ленинчил жаш" газиттеринде, Кыргызстан мамлекеттик басмасында редактор, Жазуучулар Союзунун кеңешчиси, Кыргыз мамлекеттик драма театрында директор болуп иштеп, чыгармачылыгын да жемиштүү уланткан. 

1932-жылы Жусуп Турусбековдун "Жусуптун ырлары" деген биринчи ыр жыйнагы жарык көрөт. 

1934-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. 

Акындын көзү тирүүүсндө жарык көргшөн китептерине "Шайыр жаштар" жыйнагы (1933), "Ажал ордуна" драмасы (1935), "Тандалган ырлар" жыйнагы (1935) "Беш-Мойноктогу окуя" драмасы (1937), "Мекен" (1938) ырлар жыйнактары, "Каракчынын трагедиясы" (1941) аттуу поэмасы кирет.

Жусуп Турусбеков кыргыз драматургиялык адабиятынын түптөөчүсү боулп эсептелет. Анын "Ажал ордуна" музыкалык драмасы алгач 1934-жылы коюлуп, беш жылдан кийин, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында комиссия тарабынан, искусство чеберлери жана жалпы эле көрүүчүлөр тарабынан эң жогору бааланган. Жусуптун кесиптеши, совет жазуучуларынын бири Александр Корнейчук чыгарманы чоң драмалык деми бар элдик дастан деп атаган. Негизи чыгармада кыргыз элинин башынан өткөргөнү, 1916-жылдагы кандуу көтөрүлүш, эл эрки, кайгы-мүдөөсү көркөм жана ынанымдуу берилген. "Кыргыз тилин түшүнбөсөм да, драмадагы окуялар менен образдар мени толкундатпай койгон жок. Кыргыз эли ушул жаркыраган, таланттуу чыгармачы үчүн анын авторуна татыктуу алкышын айтат" – деген Корнейчук. Чыгарма улуу режиссерлор Станиславскийди, Данченкону да таң калтырган. 

 

Ошол эле декадада чоң ийгиликке ээ болгон "Айчүрөк" операсынын либреттосунун авторлорунун бири да Жусуп болгон. Ал аны кыргыз жазуучулары Кубаныч бек Маликов жана Жоомарт Бөкөнбаев менен бирге жазган. Бул эки чыгарма тең азыркы убаккка чейин сахнага коюлуп келет. 

Жусуп Турусбеков менен катар кыргыздын алгачкы операларынын бири "Айчүрөктүн" либреттосунун да автору. 

Акын Пушкиндин "Таш коногун", Гейненин жана башкалардын ырларын кыргызчага которгон.

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда акын өз ыктыяры менен согушка кетип, 1943-жылы Калинин облусунда кармашта курман болгон.

Жусуп Турусбековдун ысмын республиканын айыл-шаарларында көчөлөр, китепканалар менен мектептер алып жүрөт. 

Чыгармачылыгындагы өзгөчөлүктрө жана адамдык касиети

Жусуп Турусбековду кыргыз адабиятында акын катары салттуу санат, арман ырларынан четтеп, жаңы стилде чыгармаларды жараткан акын катары аташат. Анын "Ук жер жүзү" аттуу ыры орус акыны Владимир Маяковсккийдин чыгармаларына үндөш деп айтылат: 

Ук жер жүзү, 

Далай гигант салынды! 

Өлкө бети, 

Өзгөрүлдү, жаңырды. 

Кечээ күнкү, 

Күрпүлдөгөн 

Долу суу, 

Эпке келип, 

Бүгүн бизге багынды. 

Акындын замандаштары анын талантын гана эмес, адамдык сапаттарын да жогору баалашкан. Согуш талаасында курман болуп, өз калемдешеринен эрте кеткен Жусуп жөнүндө Алыкул Осмоновдун мындайча жазган саптары бар:

Күүлдөгөн кош канаты бороондоп, 

Байкаганга кыраан бүркүт өзү окшоп. 

Бул олтурган көп курдаштын ичинде, 

Кайран гана Жусубумдун орду жок. 

Анын ыры шекер-шербет бал эле, 

Бул замандын бактылуу бир жаны эле. 

Күлүктүгүн салыштыра келгенде, 

Күлүктүгү Көк аладай бар эле. 

Ал эми дагы бир замандашы Түгөлбай Сыдыкбеков: "Жыйырма экиге жаңы толгон жашында аны көрүнбөс касиет ээрчиген сүйкүмдүү келбети менден көп улуу өңдөндү. Бирок, ал болгону эки гана жаш улуу экенин билгенимде ага теңтуш, курбу болоюн десем да, анын таланты, адамгерчилик сапаты дайым менден улуу бойдон калды. Себеби, Жусукем көп окуган, көптү көргөн, көптү билген элинин турмушунун кайгы-муңун кылдат сезген, тили бай, ички дүйнөсү кенен, өтө ак пейил адам экендигин мага бат эле байкатты. Мен Жусукемдин таланттуу акын гана эмес, адамдык жакшы сапаттарга бай, жүрөгүндө назик сезимдин күүсү бар экендигин байкаганымда аны бир тууганымдай сүйүп кеттим", — деп эскерген. 

Ошондой эле белгилүү акын жана адабий сынчы Салижан Жигитов Жусуп Турусбековдун "Энем" аттуу поэмасы жөнүндө накта турмуштук фактыларды өзүнүн бийик билими, кайталангыс акындык ыгы менен жазылган бул поэма өзү менен тең жаралган башка поэмалардан өз мезгилинин идеялык маанайын жана сезим ыргактарын таамай чагылдырганы менен айырмаант деп жазган. Ырда өз мезгилинин чыныгы коомдук жана тиричилик турмушу, анык жашоо ыргагы. келечекке үмүттүү караган жаштардын бейнеси, жалындуу күчү берилген. Поэма ошол мезгилдеги чыгармалардын басымдуу бөлүгүнөн айырмаланып, каармандардын бейнелери калыптанышы, сюжеттин өрчүп-чечилиши жагынан жаңы жолдорду таап, салтка айланган фольклордун ыкмаларды пайдаланбаганын белгилеген.

Кезинде мектеп окуучулары акындын мезгилдин коомдук-саясий турмушуна шайкеш "Ленин жолу" аттуу ырын жатка билчү экенин улуу муундар айтат. Ал эми Атай Огомбаевдин обонуна салынган лирикалык мазмундагы "Эсимде" деген чыгармасы бүгүнкү күндө эл сүймөнчүгүнөн чыкпаган, нукура кыргыз кыялын, табияттын түбөлүктүү көркүн даңазалаган кайталангыс, уккулуктуу ыр катары жашап келет. 

Эсимде:

Жайдын бир толук кезинде,

Адырлуу тоонун бетинде.

Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн

Жайдары селки эсимде…



булак: sputnik.kg , wikipedia


Буюмдарды салыштыруу (0)


Жусуп, тандалган чыгармалар

Жусуп, тандалган чыгармалар

Бул жыйнакка залкар акындын тандалган чыгармалары топтолду. Мисалы, быйыл 100 жылдыгы белгиленип жат..

200Сом

Көрсөтүлдү 1 - 1 чейин, жалпы 1 (баардыгы 1 барактан)