Бул китепке акын Сүйүнбай Эралиевдин ырлары, котормолору кирди.
Эне
Дүлөй болуп калса да- үнүңдү угат,
Сокур болуп калса да – сени көрөт.
Сен жок болсоң санаа жеп калып куурап,
Сен келгенде алгансыйт кайра төрөп?
Күтсө болот энеден укмуш жорук,
Мүмкүн болсо сен үчүн турмак ооруп.
Ал гана эмес “Муну кой, мени алгын!” деп,
Ажалга да бармак ал сени коруп.
Биз бүткөнбүз эненин боор этинен,
Бизге бөлүп берген ал жарты жанын.
Бирок кантип кутулуп мээнетинен,
Кантип актап келебиз карзын анын?!
Сүйүнбай Эралиевдин ырлары
- Автор: Сүйүнбай Эралиев
- Жанры: Ырлар
- Жылы: 2009
- Басмакана: Бийиктик
- Барагы: 380
- ISBN: 978-9967-13-582-6
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
350Сом
Сунушталган китептер
Сага айткан сыр
"Төрөлөт, жашайт, өлөт адамдар. Демек, бир дүйнө келет да, бир дүйнө кайра кетет, түнкү асманда учка..
350Сом
Омор Султанов
Акын Омор Султановдун ырлар жыйнагы эми бир китепте. .................................. КУСАЛЫ..
380Сом
Мунарым
Аалы Токомбаевдин бул китебине ашыктык, жарандык ырлары кирди. Мунарым Сүт эмген бала жыттанга..
200Сом
Теги: Сүйүнбай Эралиевди, ырлары, котормолору, чыгармалары, китептери