Мунарым, Аалы Токомбаев

Аалы Токомбаевдин бул китебине ашыктык, жарандык ырлары кирди.

Мунарым

Сүт эмген бала жыттанган,
Илебиңди сагындым.
Мойнумду сылап артылган,
Билегиңди сагындым.

Талпынсам таппайм айласын!
Талаада калган өңдөнөм,
Таалайым Мунар кайдасың?

Кучактап турсам туйлаган,
Жүрөгүңдү сагындым.
Эңкейсең эрке чайпалган,
Күбөгүңдү сагындым.

Муңаям таппай айласын!
Муңканып жалгыз отурам,
Муңдашым Мунар кайдасың?
Балбылдап карап оштонуп,
Күлгөнүңдү сагындым.
Керүүдөн чыккан маралдай,
Жүргөнүңдү сагындым.

Талпынам, таппайм айласын!
Таң атат дагы күн батат,
Тагдырым Мунар кайдасың?

Гүлбурак жийде жыттанган,
Илебиңди сагындым.
Мойнума жумшак оролгон,
Билегиңди сагындым.

Көксөймүн таппай айласын!
Көңүлгө төтө кылайын,
Түшкө кир Мунар! Кайдасың?

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Мунарым, Аалы Токомбаев

  • Автор: Аалы Токомбаев
  • Жанры: Ырлар
  • Жылы: 2004
  • Басмакана: Учкун
  • Барагы: 224
  • ISBN: 9967-413-71-9
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 200Сом


Сунушталган китептер

Алыкул Осмонов (тандалган чыгармалар 2 китеп)

Алыкул Осмонов (тандалган чыгармалар 2 китеп)

Алыкул Осмоновдун  100 жылдыгына арналып чыккан бул китептерге тандалган чыгармалары кирди. Акы..

1 400Сом

Сүйүнбай Эралиев (ырлар жыйнагы)

Сүйүнбай Эралиев (ырлар жыйнагы)

Бул китепке акын Сүйүнбай Эралиевдин ырлары, котормолору кирди. Эне Дүлөй болуп калса да- үнүң..

350Сом

Теги: Мунарым, Аалы Токомбаев, ырлары, кыргызча, китеп, классика, чыгармалар