Камус Наама: Араб, иран, кытай, монгол, орус тилдеринен оошуп келген сөздөр жана көөнөргөн сөздөр.
Кыргыз элинин гана эмес, жамы түрк калкынын улуу илимпозу, залкар акылманы, даанышман ойчулу, улуттук туңгуч лексикограф жана лексоколог, ардактуу академик ыраматылык Хусаин Карасаевдин (1901-1998) эгемендүүлүк замандын шарапаты менен окурманга алгач 1995- жылы сунуш этилген бул "Карасай сөздүк" деген элдик аты бар "Камус наама" аттуу баа жеткис мурасы, арадан туура 20 жыл өткөн соң, дагы да ошол калың окурман журтунун өтүнүчү менен экинчи мертебе басылып жатат.
“Алладан тилегеним үчѳѳ гана:
Биринчи ден соолукта эсенчилик,
Экинчи-берекелүү кененчилик,
Үчүнчү-жалпы элиме бейпилчилик!”
Камус Наама
- Автор: Хусейин Карасаев
- Жанры: Сөздүк
- Жылы: 2016
- Басмакана: Салам
- Барагы: 856
- ISBN: 978-9967-12-611-4
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
800Сом
Сунушталган китептер
Теги: Камус Наама, Карасай сөздүк, китеп, Хусаин Карасаев, Кусейин Карасай уулу