Хусейин Карасаев

Хусейин Карасаев

Хусейин Карасаев  1902-жылы Түп районундагы Кен-Суу (Токтаалы) айылында туулган. Кыргыз тилчиси. Профессор (1966-ж). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек синирген ишмери (1992-ж.).  Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын ардактуу академиги (1992-ж.). « Манас» эпосун изилдөөчүлөрүнүн бири. 1931-жылы улуу мансачы Саякбай Карала уулунун айтуусунда “Манас» эпосун жазып алууну уюштургандардын катарында болгон.         “Манас” деген терминди биринчилерден болуп манастаанууга киргизген. Х.Карасаев «Накыл сөздөр» аттуу эки китебинде «Манас» эпосундагы көптөгөн накыл сөздөрдү чечмелеп, аларга түшүндүрмө берген. Өздөштүрүлгөн сөздөрүндө башка тилдерден ( орус, араб, иран, монгол, кытай  ж.б.) кыргыз тилине кирип, жана «Манас» эпосунан жолуккан сөздөрдүн маанисин ачып түшүндүргөн.       1990-жылы жарык көргөн  «Камус наама» (Манас сөздүгү ) эмгегин эпостогу көөнө сөздөргө түшүндүрмө берүүгө арнаган.
        Карасаев Хусейин    (1902-2001-жж.) Кыргыз Совет адабиятчысы, профессор, Кыргыз  Илимдер  Академиясынын  ардактуу академиги, Кыргыз алиппесине орусча-кыргызча сөздүктөрдү түзүүдө,  «Манас» эпосун изилдөөдө жана жазып алууда эмгеги зор .
     Колдонулган адабияттар:
     С. Алиев, Т. Кулматов “Манасчылар жана изилдөөчүлөр”  Б.1995ж. 184 б.


Буюмдарды салыштыруу (0)


Камус Наама

Камус Наама

Камус Наама: Араб, иран, кытай, монгол, орус тилдеринен оошуп келген сөздөр жана көөнөргөн сөздөр. ..

800Сом

Көрсөтүлдү 1 - 1 чейин, жалпы 1 (баардыгы 1 барактан)