Сөз жөнүндө дастан, Сулайман Рысбаев
Бул жерде тилдин адам рухундагы орду, анын адамдын жан дүйнөсү, жүрүм-турум маданияты менен ажырагыс бирге экендиги сыпатталып берилген. Элдик түшүнүктөр менен коштолгон автордук афоризм сөздөрү да аталган эмгектин ажарын ачып турат. Элдик этиканын жандуу үлгүлөрү эсептелинген бата-тилек, тыюу, буюруу жана ырым сөздөрү да эне тилибиз боюнча окумуштуу, мугалим жана жаш илимпоздорду гана эмес, жалпы эле тил дүйнөсүнө кызыккан окурмандарды кайдыгер калтырбайт.
Педагогикалык окуу жайлардын студенттери,мектеп мугалимдери, ЖОЖдордун окутуучулары жана аспирант изилдөөчүлөр үчүн кошумча окуу куралы
китептен үзүндү
СӨЗ-ЫЙЫК, СӨЗ-КЕРЕМЕТ
Сүйлөп жатканы эле болбосо, бардык адам эле сөз биле бербейт. Сөз билген адам анын ички поэтикасын, тышкы музыкасын сезет, туят. Сөз билген адам сүйлөсө – ал ырдап тургансыйт!
Сөз, адамдын ички жигерин аныктап билгизет. Сөз билген, анын баасын, күчүн туйган адам таасын, так сүйлөйт, тандап, таап айтат. Өз учурунда гана айтат. Ага ошол акырын айткан бир ооз сөзү жетиштүү болот. «Cөз билген адам таап сүйлөйт, билбеген адам каап сүйлөйт» деген ошо.
Керек учурда гана айтылган сөз өз угуучусун табат. Ал сөз-дарыга, алтынга тете. Ошол үчүн «айтар сөзүң – алтын болсо, унчукпай тек турганың - күмүш» - деген эмеспи элибиз.
Сөз – адамдын маданияты. Куучирендиги эмес, адамдын сөзү, жүрүм-туруму гана анын маданияттуулугун айгинелейт.
Адамды адам менен бириктирген – сөз, аны ажыраткан дагы - сөз.
Сөз – улуу тарбиячы, акылман насааатчы, мыкты мугалим. Жоокердин куралы – кылыч, соттун куралы – түрмө, жасоолдуку – айбалта. А тарбиячынын куралы – сөз. Ал курал баарынан күчтүү, курч да, баарынан өткүр. Сөз кандай болсо - тарбия да ошондой. Демек, сөз баарынын башаты да, баарынын натыйжасы дагы.
Сөз - адамдын өзү, автопортрети. Эл билген аким сөз билген чеченге башын ийиптир. Эл билген – улуу эмес, сөз билген – улуу. Эл билген акимдин артында бийлиги калбайт. Сөз билгендин артында сөзү калат.
Ошол үчүн элибиз: «Жылуу сөзгө жылан ийнинен чыгат», «Ачуу да сөз, таттуу да сөз», «Сөз менен жаралайт, сөз менен айыктырат», «Өнөр алды – кызыл тил», «Сөз өлтүрөт, сөз тирилтет», «Ок жарасы бүтөт, сөз жарасы бүтпөйт» - деп бекер айтпаган.
Бөскө таарынган дос эмес, дос сөзгө таарынат. Дарыгердин биринчи дарысы – сөз. Баатырдын кылычы да, элчинин күчү да – сөз. Адамдын бактысы да, шору да сөз. Адамдын жүрөгүнө сөз менен гана жол таап кирет. Сөз – керемет ачкыч.
Падыша өлсө анын алтын тагы башка кишиге өтөт, а даанышман өлсө, анын сөзү өзүнүкү бойдон калат. Кийген киймиңе эмес, сүйлөгөн сөзүңө жараша ызат-сый көрөсүң. Эл көзүңө эмес, сөзүңө карап ишенет.
Адамдан жан кеткени - сөздүн кеткени, а сөздүн кеткени – жандын тирүү туруп кеткени. Жаның туруп сөзүңдүн жоктугу – жаныңдын жоктугу – ошо, - дей бер. А жаныңдын бар экенин сөзүң менен далилде.
Сөз жөнүндө дастан
- Автор: Сулайман Рысбаев
- Жанры: Жыйнак
- Жылы: 2016
- Басмакана: Бийиктик плюс
- Барагы: 184
- ISBN: 9967-22-929-2
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
250Сом
Сунушталган китептер
Теги: Сөз жөнүндө дастан, Сулайман Рысбаев, китеп, кыргызча китеп