«Кыргыз тили, адабияты мугалимине жүз кеңеш», Сулайман Рысбаев
Китепте кыргыз тили жана адабиятыбоюнча окуутучуларга жана мектеп мугалимдерине жардам иретинде илимий-методикалык жана жалпы педагогикалык багыттагы талаптар, андан соң күндөлүк практикада эске алууга тийиш болгон предметтик-методикалык негизги компетенциялар, үлгү болуучу көрсөтмөлөр, тарбиялык сабактардын иштелмелери камтылган.
Ушулар менен бирге, китепте алгач ирет Кыргызстан мугалиминин анты, Кыргызстан мугалиминин ар-намыс кодекси, мугалимдин этикалык принциптери, инсандык жана кесиптик сапаттары тууралуу ойлор менен сунуштар да киргизилген.
Китеп жалпы эле кыргыз тили жана адабияты боюнча кесиптенген мугалимдерге, методисттерге, мектептин окуу бөлүмдөрүнүн башчыларына, айрыкча, жаш мугалимдерге жардам тиери шексиз.
Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин 2012-жылдын 28-ноябрындагы № 8 отурумунун чечими менен басууга сунушталган
Кыргыз тили, адабияты мугалимине 100 кеңеш
- Автор: Сулайман Рысбаев
- Жанры: Методика
- Жылы: 2016
- Басмакана: Бийиктик плюс
- Барагы: 272
- ISBN: 978-9967-31-088-9
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
250Сом
Сунушталган китептер
Теги: Кыргыз тили, адабияты мугалимине 100 кеңеш, Сулайман Рысбаев, мектеп, мугалимдерге методикалык, китептер