Креативдүү мектептер, Кен Робинсон

Аталган китепте адамдын потенциалы менен чыгармачылыгын өнүктүрүүдө дүйнөгө таанымал эң таасирдүү адис Кен Робинсондун билим берүү тармагын трансформациялоо боюнча пикирлери камтылган. Автор, индустриалдык доордун өндүрүмү эскилиги жеткен бүгүнкү билим берүү системасын замандын талабына жараша өзгөртүүгө убакыт келгенин жана аны ишке ашырууга болоорун далилдейт. Кен Робинсон өзүнүн тажрыйбалары, байкоолору, мектептердин мыкты үлгүлөрү жана билим берүүнүн жаңычыл ыкмалары менен кеңири бөлүшөт. Окуучуга мектепти кызыктуу, жагымдуу кылуу менен баланын жөндөмдөрүн өнүктүрүп, мектептен кийинки жашоосуна даяр болуп жетилүүсүнө жол көрсөтөт. Китепте келтирилген үлгүлүү мисалдар жана пикирлер баласынын келечегин ойлогон ар бир адамды билим берүүнүн маңыз-максаты тууралуу кайрадан ойлонууга түртөт.
Автор Кен Робинсон Англия, Шотландия, Сингапур өлкөлөрүндө билим берүү реформаларын натыйжалуу ишке ашырып, бул тармактын глобалдык лидери катары таанылган. Адамдын потенциалын жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча New York Times бестселлер китептеринин автору. Fast Company тарабынан креативдүүлүк жана инновациялар боюнча дүйнөнүн эң алдыңкы 50 ойчулу тизмесине кирген. Европа менен Азиядагы өкмөттөрүнө, Fortune журналы аныктаган 500 эң ири компанияга жана эл аралык уюмдарга чыгармачыл ойлонуу, инновациялар боюнча консультант болгон. Улуу Британиянын Уорик университетинде сабак берип, азыр ардактуу профессор болгон кези. Престиждүү TED конференциясындагы “Do schools kill creativity?” (Мектептер талантты бууйбу?) аттуу лекциясын 150дөн ашык өлкөдө 300 миллиондон ашык киши көрүп, TED тарыхында эң көп көрүлгөн тасма болуп келет. Кен Робинсон 1950-жылы Ливерпулда туулган. Англияда Сэр наамын алган. Азыркы учурда Лос Анжелесте жашайт.

Кыргызчага которгондор Бакытбек Абдуллаев, Кутманбек Мазарипов . “Кереге” жалпы адамзаттык баалуулуктар фонду

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Креативдүү мектептер

  • Жанры: Изилдөө
  • Жылы: 2018
  • Басмакана: Глобал принт
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 350Сом


Сунушталган китептер

Мугалимдерге кеңеш

Мугалимдерге кеңеш

Жантен Каянын "Мугалимдерге кеңеш" китебин колдон келсе  ар бир мугалим жана ар бир ата-эн..

250Сом

Макал-Лакаптар, нуска сөздөр, накыл кептер, залкар ойлор

Макал-Лакаптар, нуска сөздөр, накыл кептер, залкар ойлор

Кыргызча макал-лакаптар, нуска сөздөр, накыл кептер, залкар ойлор. Китепти түзгөндөр Жумаш Койчумано..

350Сом

Акыл эмгегинин маданияты

Акыл эмгегинин маданияты

Акыл эмгегинин маданияты, автору Гапыр Мадаминов. Китеп  мугалимдер, окуучулар , студенттер, үч..

250Сом

 Баланын китеп окуусун уюштуруу  технологиялары

Баланын китеп окуусун уюштуруу технологиялары

 Баланын китеп окуусун уюштуруу  технологиялары , башталгыч класстардын мугалимдери үчүн м..

200Сом

Молдо Кылыч, Казалдар

Молдо Кылыч, Казалдар

Бул китепте Молдо Кылычтын ырлары, тамсилдери, казалдары жана акын жөнүндө кызыктуу изилдөөлөр жана ..

600Сом

Теги: Баланын жөндөмүн өнүктүргөн, Креативдүү мектептер, Кен Робинсон