Кыргызча макал-лакаптар, нуска сөздөр, накыл кептер, залкар ойлор. Китепти түзгөндөр Жумаш Койчуманов жана Ысмайыл Кадыров
китептен үзүндү.
Кеменгер ачуууланат, кек сактабайт.
Тайкы акыл тереңге чабыттаса да, ал тайкы боюнча калат. Себеби анын чабаты тайкы.
Бычак канча өткүр болсо да, өз сабын жонбойт.
Кырсык аяк астынан табылгандай, бакыт да кишиге айттырып келбейт.
Бабалар өтөгөн бардык жакшы иштер аталарга , аталардын өтөгөн жакшы иштери балдарга сабак... Ошол жакшы иштерди тануу - колдогу шам чыракты өчүрүп, алга карай басуу менен барабар.
Түгөлбай Сыдыкбеков
Адамдын башкаларга кылаар эң чоң жакшылыгы эле үйүнөн адам болоор балдарды тарбиялап өстүрүү экен.
Тил - ар бир элдин каны, жаны.
Тилге кыянатчылык кылуу -демек , ал улутка кыянатчылык кылган менен тең катар бааланышы керек.
Чыңгыз Айтматов
"Манасчылык" кесибин тутканда ушул өнөрү менен элдик өнөрпоздордун кадырлуусу эсептелет. Манасчы, жомокчу деген атак эл тарабынан берилет (кандайдыр бир уйум жагынан эмес), эл берген атак чыныгы жана зобололуу болот.
Макелек Өмүрбай
Максат менен эмгек чырмалышканда, адам бардык мүдөөсүнө жетет. Максатсыз жашаган адамдын башка тирүү жандыктан айырмасы жок.
Сарт аке Доскулу уулу
Макал-Лакаптар, нуска сөздөр, накыл кептер, залкар ойлор
- Автор: Жумаш Койчуманов
- Жанры: Адабият
- Жылы: 2012
- Басмакана: Бийиктик плюс
- Барагы: 544
- ISBN: 978-9967-13-899-5
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
350Сом
Сунушталган китептер
Улуу мурас
Улуу мурас китеби Түзгөн Самат Көчөрбаев. Бул китептен кыргызы элинини мурасы болгон эпосто..
450Сом
Улуулардан таберик
Китеп жалпы эле элибиздин салттуу өнөрлөрүнө кызыккан окурмандарга арналат. Түзүүчүлөр С.Рысбаев, К...
300Сом
Ата-бабалар табериги
Ата-бабалар табериги кыргыздын бүт каада салт,ырым-жырымдары толук камтылган китеп ..
800Сом
Кыргыз элинин чечендик өнөрү
Кыргыз элинин чечендик өнөрү. Бул китепте кыргыз элинин чечендик өнөрү, чечендик айтыш өнөрүнүн улуу..
450Сом
Учкул ойлор
Учкул ойлор, Асан Жакшылык Нур. "Учкул ойлордон" турмуштун көп тарамдуулугун сезесиз; Жараткан, ж..
450Сом
Теңирсөз-көчмөндөр акылы
Вахаб-Бостон окурмандарга балдар жазуучусу катары белгилүү. Бул эмгегинде ал көп жылдык турмуштук ба..
360Сом
Адамдын асыл ойлору (Өң менен туштөгү элестер)
"Жаңы эч нерсе жаратпадым, болгону элдикин алып элге бердим" Конфуций **** "Акылмандыкты издеп..
400Сом
Креативдүү мектептер
Аталган китепте адамдын потенциалы менен чыгармачылыгын өнүктүрүүдө дүйнөгө таанымал эң таасирдүү ад..
350Сом
Сынган Кылыч
Сынган Кылыч, Төлөгөн Касымбеков. Бул китепти биздин интернет дүкөнүбүздөн сатып алсаныз болот. К..
1 100Сом
Теги: Кыргызча, макал-лакаптар, нуска сөздөр, накыл кептер, залкар ойлор