Китепте 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн кыргыз прозасында көркөм чагылдырылышы иликтенген. Автор аталган окуяга кайрылган чыгармалардагы көркөм чындыктын тарыхтагы факты-маалыматтарга айкалышы, ал чыгармалардын идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрү жана образдардын турмуштук негиздүүлүгү өңдүү маселелерди талкууга алган. Улуттук адабиятыбыздын тарыхында мурда белгилүү деңгээлде чектөөлөрдүн карамагында иликтенип келген барактары талданып, эгемендик мезгилине чейинки идеялар менен көз караштар кайрадан каралган. Кыргыз жазуучуларынын чыгармалары казак, түркмөн, өзбек элдеринин адабиятындагы 1916-жылдагы көтөрүлүш тууралуу чыгармалар менен салыштырылып талданган.
Г.Станалиева 1916-жыл окуясынын кыргыз адабиятында чагылдырылышын изилдеп жүргөн окумуштуу катары белгилүү. Буга чейин автордун бул темада «Тарых жана тагдыр», «Тарыхый чындыкты чагылдырган роман» жана «Тарыхый чындыкты көркөм аңдоо» деген эмгектери жарык көргөн.
1916- жыл кыргыз прозасында
- Автор: Гүлзада Станалиева
- Жанры: Жыйнак
- Жылы: 2016
- Басмакана: Турар
- Барагы: 228
- ISBN: 978-9967-15-565-7
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
300Сом
Сунушталган китептер
Кыргыз адабияты (антология) 10 томдук жыйнак
Бул жыйнактарга Манас эпосу баштаган чоң эпостор, кенже эпостор, роман повесттер, драмалар, ба..
3 000Сом
1916.Күндөлүктөр.Сталинге кат
Сиздер үчүн коомдук ишмер Жусуп Абрахмановдун кызыктуу күндөлүгү, Сталинге жазган каттары, 1916 жылк..
350Сом
Эл душманы
Эл душманы, автору Эрнис Турсунов. Бул китепте 1916 жылдагы Үркүнгө чейин жана андан кийинки мезг..
400Сом
Теги: 1916- жыл кыргыз прозасында, Гүлзада Станалиева, үркүн, кыргыз адабияты, тарых, реферат