1916.Күндөлүктөр.Сталинге кат, Жусуп Адрахмановдун күндөлүгү китебин окуу,сатып алуу, издөө

Сиздер үчүн коомдук ишмер Жусуп Абрахмановдун кызыктуу күндөлүгү, Сталинге жазган каттары, 1916 жылкы окуяларга болгон көз карашы бул китепте келтирилди.

китептен үзүндү

Москва, 1928-жыл. 18/VIII.

"Тагдырдын" эрки менен улуу тарыхый окуялардын күбөсү болуп калдым. Андыктан сен күн сайын көргөндөрдү, сен баштан  өткөргөнжөрдү, сезгендерди белгилеп коюу тарыхый жактан кызык болбой койбойт. Муну күндөлүктүн жардамы  менен жасоого болот жана мен муну жасоого аракет кылам. Чындыгында, муну кечигүү менен жасап жатам, бирок "эч болбосо, кеч болсун".

Менин күндөлүгүмө... Ушул убакыттан тартып сен менин жалгыз, чыныгы, унчукпаган досумсуң. Убакты-сааты келгенге чейин. Сен менин колумда турганда гана ишенимдүүсүң, башка колдорго өтсөн, чыккынчыга да айланышың мүмкүн. Андай болушу да ыктымал, ошентсе да мен сенден эч нерсе жашыра албайм. Мен сага саясий ишмердин ойлорун жана баштан өткөргөндөрүн гана эмес, катардагы адамдын  да ойлорун айтып берем.

Бир гана өкүнүчтүүсү  жери– сен угасың, бирок жооп бербейсиң. Эмне экен, мага ар дайым кандай гана оор кыйын болбосун, жалгыздыкта болуу жана жолумду табуу буйрйк эткен, бирок да "мындай" тагдыр менен келишүүгө туура келет.

Досум! Сага айткан нерселердин баарысын сен  эч кимге айтпашың керек. Муну мен  тирүү турганда  сенден талап кылам, а качан мен жок болгонумда кимге кааласаң, кандай кааласаң айта бер. Ошентип менин  ойлорумду, эмне болгонун жана эмне болоорун тыңша.

11.11. 1930

Кечээ оор маанай менен уктадым. Эрте менен андан да катуу чыңалган абал, жан дүйнөмдөгү кандайдыр бир оору менен ойгондум. Эмне болду? Эмне үчүн? Түшүнбөйм. Мындай тынчсыздануу үчүн негиз деле жок, болгон да эмес. ЭКСке кыргыздар дан тапшыруудагы туура эмес тапшырмалар үчүн арызданып келишти. Алар малчылар. Алардан дан алуу үчүн малдарын саттырууга мажбур кылуу бул – максатсыз гана эмес, кылмыштуу дагы. Бул менин оор маанайымды андан бетер ырбатты. Мүмкүн, бул жакын арада досумдун жөнөп кетээринендир...

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

1916.Күндөлүктөр.Сталинге кат

  • Автор: Жусуп Абдрахманов
  • Жанры: Күндөлүк
  • Жылы: 2016
  • Басмакана: Улуу тоолор
  • Барагы: 412
  • ISBN: 978-9967-470-07-1
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 350Сом


Сунушталган китептер

Айтматов жөнүндө күндөлүктөн

Айтматов жөнүндө күндөлүктөн

Улуу инсаныбыз  Чыңгыз Айтматов жөнүндө кызыктуу маалыматтарды бул күндөлүктөн окуй аласыз. ..

300Сом

Ата журт

Ата журт

Ата журт Эрнис Турсуновдун китеби ..

450Сом

Агындылар -1-2-3 китептер

Агындылар -1-2-3 китептер

"Агындылар " 1-2-3 китеп  Шайлообек  Дүйшеев. китептен үзүндү *** Сүйүү көп балдард..

2 000Сом

Аялдын күндөлүгү

Аялдын күндөлүгү

"Аялдын күндөлүгү" -  аялдын ички жан-дүйнөсүн, ойлорун, сүйүүсүн жашоо- образын, мыкты чагылды..

170Сом

1916- жыл кыргыз прозасында

1916- жыл кыргыз прозасында

Китепте 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн кыргыз прозасында көркөм чагылдырылышы иликтенге..

300Сом

Агындылар -3 китеп

Агындылар -3 китеп

"Агындылар " -3 китеп  Шайлообек  Дүйшеев. китептен үзүндү Зейне экөөбүз баш кошуп, ..

750Сом

Эл душманы

Эл душманы

Эл душманы, автору Эрнис Турсунов. Бул китепте 1916 жылдагы Үркүнгө чейин жана андан кийинки мезг..

400Сом

Теги: 1916, Күндөлүктөр, Сталинге кат, Жусуп Адрахмановдун күндөлүгү, кыргызча китебин, окуу, сатып алуу, издөө