Таттыбүбү Турсунбаева, Ракыя Жусупова

Сулуулугу  менен таланты дал келген, көпчүлүктүн кумирине айланган, кыргыз элинини таланттуу актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө кызыктуу маалыматтарды   жана буга чейин эч жерде жарыяланбаган сүрөттөрү камтылган өзгөчө китеп эми биздин интернет дүкөндүн окурмандарынын назарында. 

Китептин автору Ракыя Жусупова.

Окуучу кезинен Таттыбүбү Турсунбаеваны көрүүгө дилгир болгон Ракыя Жусупова алыскы айылдан борборго окууга келип, студенттик күндөрүнүн биринде Кыргыз драма театрына актрисаны издеп барып таанышат. Ошол күндөн тарта экөө эже-сиңдидей ээрчишип, алты жыл бою ынак жүрүшөт.
Ал күндөр кечээ эле болуп өткөндөй элестеп, Ракыя Жусупованын көз алдынан улуу актрисанын жарык жүзү өңүнөн да, түшүнөн да кетпейт. Мына ошол түштөрүндө актрисанын бирде муңайым, бирде жадырап, бирде жаш, бирде ак саамай болуп киргенинин сырлары автордун китебинде чечмеленип берилет. Китептеги залкарлардын эскерүүлөрү Таттыбүбү Турсунбаеванын канчалык назик жан, баладай таза ойлуу, ишенчээк, адамгерчилиги бийик, ички дүйнөсү бай адам экендигин ачып берип, мындай талант убагында баркталбай калганына “аттиң...” дедиртип өкүнүчкө салат.

“Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндөгү жазылган көп жылдардан берки изилдөөмдү, ой-толгоолорумду “Таттыбүбү” китеби аркылуу окурмандарга сунуштап, актрисанын өзү жана чыгармачылыгы тууралуу жаш муундарга аздек аңгеме куруп берүүнү парзым катары эсептейм. Китептин мазмунун Таттыбүбү эже жөнүндө 20-кылымдын 70-90-жылдары кыргыз адабияты, маданияты жана искусствосунун залкар таланттары менен уюштурган маектерим, замандаштарынын, кесиптештеринин, шакирттеринин, урук-тууган, балдарынын жана өзүмдүн эскерүүлөрүм, театр жана кино сынчыларынын, күйөрмандарынын пикирлери жана каттары, алардын актрисанын чыгармачылыгына карата ой-чабыттары түзөт. Китепте буга чейин эч жерде жарыяланбаган сүрөттөрүнүн баары камтылган” дейт “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Ракыя Жусупова. P.S. “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Ракыя Жусупова менен болгон маектен кыскартылып алынды (“Көк асаба”, 8-июль, 2015-жыл)

.....................

китептен үзүндү

Сабира КҮМҮШАЛИЕВА, Кыргыз эл артисти:
“Эркелеп турганы адамды элжиретип жиберчү”

— Бул актриса сахнада болсун, турмушта болсун өтө мээримдүү, кыргыз элинин жакшы сөзү менен айтканда мээр чөбү бар актриса эле. Жашым бир топ өтүп кетип, мен элдик артист болгондо Таттыбүбү театрга келди.

Аябай суктанчу элем. “Атаңын гөрү, же мойун жок, же бой жок менде” деп койчумун ичимден. Бул актрисадан элди билбейм, мен сүрдөп кетчүмүн. Адам сүрдөй билиш керек. Адам ошондон коруна билиш керек. Адам ошол актрисаны сыйлай билиш керек. Корунуп, жүдөп калганың, ошондон үйрөнөйүн дегениң. Сахнадагы жашоо менен турмуштагы жашоо эки башка нерсе болот. Бул актрисанын сахнадагы жашоосу өтө кызыктуу, өтө мээримдүү, өтө таң калтыра турган бөлөкчө эле. Тянь-Шань Ала-Тоолоруна чак келе турган эч нерсе жок эмеспи! Абасы да, суусу да таза, мөңгүлөрү аппапак. Ошонун суусун ичип ыракаттанып олтурабыз. Актриса нак ошол Ала-Тоодой залкар эле.

“Мен муну ойноймун” деп бирөө менен роль талашканын, бирөө менен айтышып жатканын, бирөөгө бир ичи тарлык кылганын эч бир уккан жокмун. Анткени бул өзүнүн талантын, өзүнүн бийиктикте экенин билчү. Таттыбүбү бала кыял, ичи кенен, бардык адамга жакшылык кылган, эч кимге эрегишпеген адам эле. Мунун бир оозун кыйшайтып туруп эркелеп турганы адамды элжиретип жиберчү. Аткарган ролдоруна карата ачууланып сындап койгон учурларда таарынып, тултуйтуп калгандын ордуна негедир эркелеп, адамды ээритип сүйлөп жиберчү жагымдуу мүнөздөрү бар эле. Бул актриса кайра келбес жакка эрте кетип калды. Мына ушуга биз өкүнөбүз.

Актриса кинодо өлбөс-өчпөс образдарды жаратты. “Атадан калган туякта” менин келиним болуп ойноду. “Отко таазим”, “Кызыл алманы” алалы, “Ак Мөөр”, “Ак куулар конгон айдың көлдү” алалы – баарында ролдорун укмуштуудай ойноду. Уркуя — Таттыбүбүнүн кинодо түзгөн образдарынын эң алдыңкысы. Актрисанын оргуштап төгүлүп турган таланты, көрк-келбети Уркуянын образынын тереңдеп ачылып берилишине өбөлгө түзүп, фильмдин көркөмдүк деңгээлин жогорулатты. Аз күн жашаганына карабай искусствонун даңгыраган жолунда өз изин калтырып кете алды. Аны акыркы сапарга узатуудагы актриса менен коштошууга келген элдин көбүн айтпа. Ошол учурда ичимден “жаш болгону менен аз эле убакыттын ичинде ушунча элди өзүнө багынтып тартып алган азамат экен, “Эмгеги бар – элге таандык, эли бардын – эмгеги бар” деген ушул да деп койдум. “Отко таазим” фильминде обкомдун секретары (Б.Бейшеналиев) менен арабада кетип бараткан жерин тартып жатканда атайын көргөнү бардым. Ал эпизод тартылып жаткан учурда Таттыбүбүгө суктанып тамшанбаган адам калбады. Таттыбүбүнүн ойногон ролдору өзүнчө бөлүнүп-бөлүнүп турчу. Ар бир образды ар кандай алып чыкчу. Сахнага чыгып, аны тең жарып басып өткөнүндө эле өзүнчө образ түзүлүп калчу.

Бир жолу биз Оштогу жибек комбинатына барып, жумушчулар менен пикир алмашуу иретиндеги жолугушуу уюштурдук. Ошондо элдин арасынан бир жумушчу кыз: “Сиз “Отко таазим” фильминде Уркуянын (Т.Турсунбаеванын) энеси болуп аткардыңыз эле. Бизге Таттыбүбү эже жөнүндө айтып берсеңиз?” деген суроо берип калды. Таттыбүбү жөнүндө айтып жатып ыйлап жибергенимди сезбей калыптырмын. Элдин жүзүнөн жылтырап жаш куюлуп жатканын көрүп, Таттыбүбүнү бир гана биз эмес, элдин бүт баары жакшы көрүшөрүн сездим. Мындай учур Ош шаарындагы Крупская атындагы орто мектептин окуучулары менен болгон жолугушууда да кайталанды. Менин 70 жылдык юбилейлик тоюмда фильмдерден үзүндү көрсөтүлгөн. Ошондо Таттыбүбү көрүнө калган жерлерде эл күрүлдөп ордунан туруп шартылдатып кол чаап жиберишти. Ушундан эле Таттыбүбүнү эл кандай деңгээлде жакшы көрөөрүн сезсек болот.

Мындай актриса эми биздин театр үчүн көп-көп мезгилдерден кийин жаралат. Ал биздин сахнабызга конуп калган көз тойгуз ак куу эле. Барктай албаганыбыздан соң көздөн кайым болуп эч кимге карматпай учуп кете берди.

 

 

 

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Таттыбүбү

  • Автор: Ракыя Жусупова
  • Жанры: Эскерүү
  • Жылы: 2015
  • Басмакана: Турар
  • Барагы: 140
  • ISBN: 978-9967-15-455-1
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 888Сом


Сунушталган китептер

Тоолор кулаганда

Тоолор кулаганда

"Тоолор кулаганда" залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун акыркы чыгармасы. китептен үзүндү .........

380Сом

Айтматов жөнүндө күндөлүктөн

Айтматов жөнүндө күндөлүктөн

Улуу инсаныбыз  Чыңгыз Айтматов жөнүндө кызыктуу маалыматтарды бул күндөлүктөн окуй аласыз. ..

300Сом

Эсимде

Эсимде

Абдан кызыктуу окуялар камтылган китеп эми биздин дүкөндө китептен үзүндү .................. ..

250Сом

Жамийла

Жамийла

"Жамийла" повести, бул китепте кыргыз жана орус тилинде берилген үзүндү " *Бригадир Орозмат ай..

200Сом

Теги: кыргызча, китеп, Таттыбүбү, Турсунбаева, жөнүндө, китептер, сүрөт, фото, Ракыя, Жусупова