Adobe Photoshop графикалык редактору , видеосабак, курс кыргыз тилинде

Adobe Photoshop графикалык редактору . Египетте пирамидалардын жанында сүрөткө түшкүңүз келеби, же Ниагара шаркыратмасынын жанындабы, а мүмкүн Айда жүргөн сүрөтүңүз керектир? Мына ушул сүрөттөрдүн баарын сиз үйдө компьютерде олтуруп алып эле оңой жазасаңыз болот. Ал үчүн сизге ушул видеодиск жардамга келет!

Күнүнө 30 мүнөт эле убактыңызды бөлсөңүз, сиз Photoshop CS5 графикалык редакторун 10-15 күндүн ичинде өздөштүрүп чыгасыз!

 

Саламатсызбы урматтуу замандашым! Сиз менен байланышта e-Mugalim долбоорунун негиздөөчүсү мен Жунусалиев Касымбек.

Жана Мен сиздерге дүйнө жүзүнө белгилүү болгон, ушул Photoshop CS5 графикалык редакторунда кандай иштөө керек экендигин өз алдынча үйрөнүүнүн 4 эффективдүү ыкмасы менен сизди тааныштыргым келип турат.

Adobe компаниясынын Photoshop графикалык редактору жөнүндө бардыгы уккан,бирок ошол эле учурда бул программада иштөөгө үйрөнө келгенде көптөрүнүн тиши өтпөй, үйрөнүү кыйынчылыкты жаратат. Жана мындагы эң негизги көйгөй бул, колдонуучулардын Photoshop то иштөөнү үйрөнүүгө кайсы жагынан киришүүнү билбегендигинде!

Андыктан көпчүлүгү анын негизин билбей туруп, "баскылоо" ыкмасын колдонуп үйрөнөйүн дешет, бирок жыйынтыгы эч кандай ийгиликке алып келбейт. Эмне кылыш керек? Негизи ар бир адамдын жөдөмүнө жараша төмөндөгү ыкмалардын бирин колдонсо болот:

№1-ыкма. Интернеттеги макалалар, сабактар!

Эң арзан жан көп убакытты талап кылган ыкма-бул интернеттен ушуь графикалык редактор тууралуу макалаларды, сабактарды окуп үйрөнүү.

Бул ыкманын оң жактары, бара-бара сиздин фотшоп графикалык редактор боюнча билим деңгээлиңиз жогорулай баштайт жана кайсы бир убакта сиз бул программада ишенимдүү иштей баштайсыз.

Ал эми терс жактры болсо, бардыгына эле тексттик сбактар жага бербейт, жана бардыгынын эле бул программаны үйрөнүү үчүн 4, 5 ай убакыт бөлгүсү келбейт.

№2-ыкма. Кагаз китептер!

Фотошоп графикалык редактору боюнча бир нече китеп сатып алып, ошол китептер аркылуу окуп үйрөнсө болот. Китеп сүйүүчүлөр үчүн бул ыкма албетте жакшы. Бирок терс жагы китеп окуп аны кайра практикада аткаруу өтө кыйынчылыктарды жаратат.

Ал аз келгенсип китептин көпчүлүгү ак-кара түстө. Ал эми ак-кара түс менен кантип фотошоптогу сүрөттөрдүн сапаты жөнүндө сүз кылууга болот?

№3-ыкма. Курстар же мугалимди табуу!

Ооба жогорудагы ыкмалардын ичинен бул ыкма эң эффективдүүсү, бирок ошону менен бирге эң кымбаты. Анткени фотошопту билген мастеден сабак алуу чындыгында саат менен эсептелип, Кыргызстанда мен билгенден саатына 200-300 сом төлөп окушат.

Бирок албетте мугалим менен бетме-бет баарлашып, түздөн-түз сабак алганга эч бир ыкма жетпейт. Юирок ошондой болсо да мен сизге 4-ыкма боюнча да айта кетейин.

№4-ыкма.ВИДЕКУРСТАРДЫН жардамы менен үйрөнүү!

Бул ыкманын маңызы мындай, сиз бир аз акчаүызды коротуп видеокурсту камтыган дискти сатып аласыз. Анда автор сиздин компьютердин экранында Adobe Photoshop CS5 графикалык редакторунун өзгөчөлүктөрү жана ар кандай иштөө ыкмалары жөнүндө башынан шашпай көрсөтүп жана ошону менен бирге үн менен коштоп, майда-чүйдөсүнө чейин айтып берет.

Ал эми сиз ал видеосабакты көрүп чыгаарыңыз менен, кайра артынан кайталап, практикалык ишти аткарасыз. Бул ыкма жогорудагы ыкмалардын барын кошкондо да эң эффективдүү ыкма болуп саналат, анткени сиз маалыматты үч канал боюнча аласыз, көрүү, угуу жана ишти аткаруу процесси.

Мындайча айтканда сиздин кызматыңызда витуалдуу мугалим(электрондук мугалим) иш алып барат. Ал мугалим эч качан чарчабайт, уктабайт, тамак жебейт жана эң негизгиси "ушун да билбейсиңби" - деп сизди жемелебейт!

Канча кайталап уксаңыз, көрсөңүз да өзүңүз билесиз. Бул виртуалдуу мугалимдин бир эле максаты сизди фотошоп мастер кылып чыгаруу!

Демек мына биз көргөндөй ушул вариант бардык көрсөткүчтөрү боюнча эң оптималдуу болду окшойт, андыктан бул вариантка кененирээк токтололу.

Эгерде сизди да чындап ушул вариант кызыктырса, анда менин сизге эң жакшы жаңылыгым бар. Таанышып коюңуз!

e-Mugalim долбоорунун кезектеги видеокурсу Adobe Photoshop CS5 баштапкы деңгээл!

Эмне үчүн бул курс ?

Биринчиден бул курстун артыкчылыктарын санап өтөйүн:

  • Видеокурс толугу менен кыргыз тилинде жазылган;
  •  Курс "жөнөкөйдөн-татаалга" ыкмасы менен түзүлгөн;
  •  Ар бир видеосабак түшүнүктүү, жеткиликтүү тил менен берилген;
  •  Жаш өзгөчөлүгүнө карабастан, бардык курактагы колдонуучуларга арналган;
  •  Убакытты жана каражатты үнөмдөйт;
  •  Атайын иш көндүмдөрдү талап кылбайт (Нөлдөн баштаса болот);
  •  Колдонууга ыңгайлуу "менюлар" менен берилген;
  •  Ар дайым кол алдыңызда;
  • Каалаган бош убактыңызда үйрөнсөңүз болот;
  •  Жана эң негизгиси 100% практикалык иштерге арналган!

 

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Adobe Photoshop графикалык редактору

  • 700Сом


Сунушталган китептер

Corel Draw вектордук графикалык редактору

Corel Draw вектордук графикалык редактору

Сorel Draw X6 вектордук графикалык редакторунда иштеп үйрөнүүнү самачыңыз беле? Анда сиз үчүн уни..

500Сом

Офистик, утилиталык программалар, интернет

Офистик, утилиталык программалар, интернет

"Офистик, утилиталык программалар, интернет" видеодиски офистик пакетке кирген программаларда(word, ..

500Сом

Delphi 7. программалоо тили

Delphi 7. программалоо тили

"Delphi 7. программалоо тили"дискинде,бул программалоо тилин үйрөнүү боюнча видеосабактар камтылган...

600Сом

Информатика мугалиминин портфолиосу

Информатика мугалиминин портфолиосу

Информатика мугалиминин портфолиосу . Эгерде сиз информатик мугалим болсоңуз анда бул диск сиз үч..

450Сом

Pascal ABC программалоо тили

Pascal ABC программалоо тили

Pascal ABC программалоо тили . Программалоо тилдерин жаңы үйрөнүп жаткан болсоңуз, үйрөнүүнү Pasc..

500Сом

Сайт түзүүнүн негиздери

Сайт түзүүнүн негиздери

Сайт түзүүнүн негиздери Азыркы маалымат кылымында, интернет технологиялар заманында виртуалдык үй(с..

700Сом

Видеосабактардын комплекси

Видеосабактардын комплекси

1) "Офистик, утилиталык программалар, интернет" видеодиски офистик пакетке кирген программаларда(wor..

2 600Сом

Теги: Adobe Photoshop графикалык редактору, видеосабак, информатика, курс, кыргыз тилинде, Касыбек Жунусалиев