"Delphi 7. программалоо тили"дискинде,бул программалоо тилин үйрөнүү боюнча видеосабактар камтылган. Windows операциялык системасында өзүңүздүн уникалдуу тиркемеңизди (программаңызды) түзгүңүз келеби? Мисалы өзүңүздүн калькуляторуңузду же болбосо өзүңүздүн браузериңизди. Анда бул видеосабактар сиз үчүн!
Компьютердик программалоо тилдеринин дүйнөсү сиз үчүн жакынбы?
Анда бир аз көңүлүңүздү буруп кулак төшөңүз, анткени мен сизди керемет маалыматтар менен тааныштырам!
Азыркы маалымат кылымында информация менен иштөөчү универсалдуу каражат болгон компьютердин жашообуздун бардык аймактарында кеңири колдонулуусу кадимки көрүнүшкө айланды.
Ар кандай кесиптеги адамдар, ар кандай программалардын жардамында өздөрүнүн күнүмдүк иш-аракеттерин ушул компьютерлердин жардамында ишке ашырып келишет.
Бирок ошол ар кандай максаттуу маселелерди чечүүгө арналган программаларды кимдер түзөт?
Албетте ал программаларды компьютердик генийлер-программалоочулар түзүшөт!
Бул адамдардын колунан укмуштуудай кызыктуу программалар, тиркемелер, оюндар жаралат.
Негизи программалоочулар да өз ичинде аткарган кызматтарына жараша бир нечеге бөлүнүп кетишет. Мисалы:
- сайт түзүүдөгү программалоочулар;
- оюндарды түзүүчү программалоочулар;
- уюлдук телефондорго тиркемелерди түзүүчү программалоочулар;
- компьютердик тиркемелерди түзүүчү программалоочулар;
- операциялык системаларды түзүүчү программалоочулар ж.б.
Бирок булардын баарын алардын ар максаттуу иштерине карабастан "программалоочу" деген бирдиктүү түшүнүк, сыймыктуу кесип жана терең чыгармачылык иш бириктирип турат!
Негизи программалоочулук кесип жөнүндө сөз болсо эле көпчүлүгү аябай кыйын, кызыксыз, компьютерден баш көтөрбөгөн, оор ишти элестетиши мүмкүн.
А бирок чындыгында бул кесип өтө кызыктуу, өтө сыймыктуу, ар бир адамдын фантазиясын, ой-максаттарын чындыкка айландыра турган "жаратмандык" касиетке ээ экендигин биле беришпейт.
Чындыгында программалоочулар дүйнөсү өтө кызык жана дүйнөлүк деңгээлде эң популярдуу кесип
Delphi 7. программалоо тили, видеосабак Касымбек Жунусалиев
- Автор: Касымбек Жунусалиев
- Жанры: мультимедиа
- Жылы: 2016
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
600Сом
Сунушталган китептер
Теги: Delphi 7, программалоо тили, видеосабак, Касымбек Жунусалиев, мектеп окуучусу, курстар, информатика