"Офистик, утилиталык программалар, интернет" видеодиски офистик пакетке кирген программаларда(word, excel, power point, Access) жана ошондой эле интернетте иштегенди, электрондук дарек ачканды ж.б. үйрөтүүчү кыргыз тилинде жазылган жеткиликтүү видеосабактарды камтыйт.
Урматтуу замандаш, азыркы кылым- бул информациялык кылым экенин сиз өзүңүз жакшы билесиз. Ал эми ушул информациялык кылымда ким күчкө ээ? Албетте информацияга биринчи ээ болгон адам!
Ал эми информацияга ким биринчи ээ болот? Албетте информациянын түгөнгүс булагын тапкан адам!
Бирок ошол азыркы маалымат кылымындагы информация менен иштөөчү негизги курал эмне?
Албетте компьютер!!!
А сиз экөөбүз болсо компьютерде иштегенди билбей олтурсак, анан кантип информацияга ээ болобуз да, кантип күчкө ээ болобуз замандаш? Мына негизги көйгөй кайда жатат.
Мүмкүн сиз буга чейин да компьютерди үйрөнүү үчүн ар кандай аракеттерди кылгандырсыз. Ар кандай курстарга барып, ар кандай китептерди окуп, ар кимден сурап дегендей. Бирок баары бир купулуңузга толоорлук деңгээлде компьютерди үйрөнүп чыга алган жоксуз, туура айтамбы?
Мен аны жакшы билем, компьютерде иштегенди үйрөнүүдө мен да сиз баскан тырмоокторду басып, чекеме далай шишиктерди жараткам. Мүмкүн кээ бир адам үчүн бул оңой эле болгондур, бирок мен үчүн убагында кыйын эле болгон.
Бул курстардын, китептердин баарынын бир нече кемчилик жактарын айтып кетсек болот:
Алар:
- Курстар 99% орус тилинде;
- Курстарда өзүңдү эркин сезип, каалаган суроолоруңду сурай албайсың;
- Баалары кымбат;
- Аз мөөнөттүк курстар;
- Практика азыраак;
- Керектүүсү да, керексизи да бериле берет;
- Индивидуалдык иштөө азга эсе ж.б.
Сиз да ушул сыяктуу кыйынчылыктар менен кармашкан болушуңуз керек. Аны мен абдан жакшы түшүнүп турам.
Ошол кыйынчылык, тоскоолдуктардын баарын жеңип олтуруп замандашым, компьютерди үйрөнүү үчүн мен сизге уникалдуу ыкманы сунуштаганы турам!
Ооба замандаш, бул керемет продукт сизди компьютер дүйнөсүнө саякат кылдыруучу жол көрсөткүч болуп саналат.
Убакыттын аз гана аралыгында сиз бул билимдерди колдонуп, компьютерди "баштапкы" үйрөнчүктөн "жогорку деңгээлдеги колдонуучуга" айланасыз! Буга мен толугу менен кепилдик бере алам!
Анткени практикада мындай ыкма өзүнүн супер натыйжалуулугун көрсөттү!
Анда эмесе таанышып коюңуз! Сиздин компьютерди үйрөнүүдөгү бактыңызга жаралган
"e-mugalim" долбоорунун Компьютердик Анти сабатсыздык видеосабактар диски!
Офистик, утилиталык программалар, интернет
- Автор: Касымбек Жунусалиев
- Жанры: мультимедиа
- Жылы: 2016
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
500Сом
Сунушталган китептер
Corel Draw вектордук графикалык редактору
Сorel Draw X6 вектордук графикалык редакторунда иштеп үйрөнүүнү самачыңыз беле? Анда сиз үчүн уни..
500Сом
Delphi 7. программалоо тили
"Delphi 7. программалоо тили"дискинде,бул программалоо тилин үйрөнүү боюнча видеосабактар камтылган...
600Сом
Adobe Photoshop графикалык редактору
Adobe Photoshop графикалык редактору . Египетте пирамидалардын жанында сүрөткө түшкүңүз келеби, же Н..
700Сом
Информатика мугалиминин портфолиосу
Информатика мугалиминин портфолиосу . Эгерде сиз информатик мугалим болсоңуз анда бул диск сиз үч..
450Сом
Pascal ABC программалоо тили
Pascal ABC программалоо тили . Программалоо тилдерин жаңы үйрөнүп жаткан болсоңуз, үйрөнүүнү Pasc..
500Сом
Сайт түзүүнүн негиздери
Сайт түзүүнүн негиздери Азыркы маалымат кылымында, интернет технологиялар заманында виртуалдык үй(с..
700Сом
Видеосабактардын комплекси
1) "Офистик, утилиталык программалар, интернет" видеодиски офистик пакетке кирген программаларда(wor..
2 600Сом
Теги: Офистик, утилиталык программалар, интернет, видеодиск, интернетте иштегенди, электрондук дарек ачканды үйрөнүү, кыргыз тилинде, видеосабактар.