Мугалимдерге кеңеш

Жантен Каянын "Мугалимдерге кеңеш" китебин колдон келсе  ар бир мугалим жана ар бир ата-эне окуш керек. Кызыктуу кылып кыргызчалап, чыгарган Сардарбек Каипов агайыбыз менен Н. Кийизбаева эжекебиз.

китептен үзүндү

.......................

Жашоомдогу эң мыкты мугалимим

Бул окуя бир топ жыл мурун башталгыч класстын мугалиминин башынан өткөн. Айше эжеке сабагы башталган күнү эле кийим кечеси кир, чачтары уйпаланган балага көзү түштү. Анын аты Билал эле. Ал 5-класста окучу. Айше эжеке балада бир көйгөй бар экенин байкап, анын “өздүк делосун” таап, барактай баштайт. Окуп жатып аябай таң калат. Биринчи класста окуткан мугалими: Билал акылдуу жана шайыр бала. Тапшырмаларын убагында аткарат жана досторунун арасында кадыр баркка ээ деп жазат”

Экинчи класстагы эжекеси: Эң мыкты окуучу, бирок апасынын оорусу аны аябай капалантат. Үй бүлөдөгү жашоосу татаал сыяктанат.

Үчүнчү класста окуткан мугалими: “Апасынын дүйнөдөн кайтышы ал үчүн кыйын учур болду. Атасы ага жетиштүү убакыт бөлө албай жатат. Эгер тез арада кандайдыр бир аракет иш аракет жасалбаса үйдөгү атмосфера балага терс таасирин тийгизиши  толук ыктымал”.

Төртүнчү клаастагы эжекеси: “Билал эч ким менен сүйлөшпөйт жана мектепте сабакка кызыгуусу жок. Достору да жокко эсе. Кээде класста уктап калат”.

Мугалимдер күнү окуучулар эжекесине кооз кутудагы белектерин сунуп жатышты. Билал болсо өтө этияттык мененкаралжын кутудагы белегин эжекесинин столуна коюп койду. Айше эжеке өзүн дагы кызыктай сезди. Билалдын белеги балдардын көз алдында ачылганы балага катуу тийди. Бир канча ташы түшүп калган билерик жана үчтөн бир бөлүгү калган атыр бар эле. Муну көргөн окуучулар шылдыңдап күлүп жатышты. Бирок, мугалим билериктин канчалык баалуу экендигин айтып, атырдын бир нече тамчысын сүртүп, башка окуучулардын күлкүсүн токтотту.

Ошол күнү сабактан кийин Била мугалиминин жанына келип: “Эжеке, бүгүн сиз апамдай жыттанып турдуңуз” , - деди жер карап. Окуучулар кеткен соң мугалим көпкө ыйлады..

.....................................

Кийинки күндөрү Айше эжеке Билалга өзгөчө көңүл бура баштады. Ал менен жекеме-жеке иштеп жатканда акылы кайрадан жанданганын сезди. Билалга эжекеси ишенген сайын аракети жакшырып атты. Жыл соңунда Билал эң мыкты окуучуга жана эжейинин эң сүйүктүү  баласына айланды.

Айше эжеке бир жылдан кийин эшигинин алдынан бир кат таап алды. /Кат Билалдан келген эле. Ичинде: “Жашшомдо көргөн эң мыкты мугалим-сизсиз” деген жазуу бар эле.

Билалдан экинчи кат 6 жылдан кийин келди. Катта Билал лицейди эң мыкты жетишкендиктер менен аяктагынын жана дале болсо Айше эжеке анын жашоосундагы эң мыкты мугалимии экендигин жазган.

Айше эжеке 4 жылдан кийин Билалдан дагы бир кат алды. Катта университетте окуп жаткандыгы, эң мыкты жыйынтык алуу үчүн көп окуш керектигин жазып, дале болсо Айше эжеке анын жашоосундагы эң мыкты мугалимии экендигин баса белгиленген.

Арадан дагы 4 жыл өткөн соң Билал жакшы жыйынтык менен университетти бүтүргөнүн жана карьерасын улантууну каалаганын, дагы да болсо мугалими ал тааныган эң мыкты мугалими экендигин билдирет. Бул жолку катында өз атынын алдында “Медицина илиминин доктору” деген сөз кошулган эле.

Айше эжеке ошол жылдын жаз айларында дагы бир кат алат. Катта Билал бир кыз менен таанышкандыгын жана ал кыз менен турмуш курууну чечкендигин баяндайт. Ал эми Айше эжекеден болсо ата-энесинин ордуна келип, нике тойдо күбө болуп берүүсүн өтүнөт.

Бул суранычты Айше эжеке кантип аткарды деп ойлойсуз?

Ал тойго бара жатып Билал мугалимдер күнү белек кылган эскилиги жеткен билерикти тагынды жана апасы сыяктуу атанган атырды себүүнү унутпады.

Бири-бирин кучактап жатып, Билал мугалиминин кулагына: “Эжеке, мага ишенгениниз үчүн жана мени жашоого кайрадан шыктандырганыңыз үчүн ыраазымын”, -деди.

Мугалимдин карегин жаш тегеренип кетти. “Сен жаңылышасың, Билал. Сага чейин мен мугалимдик эмне экенин билбегенмин. Сен болбосоң балким билмек да эмесмин. Андыктан, мен сага  ырахмат айтышым керек” , деди Айше эжеке көзүндөгү жашын аарчып атып.

........................................

Бул китеп-мугалимдик кесиптин тандагандардын жумушун женилдеткен ийгиликтүү эмгек. Китепти окугандардын кээ бирлери, "Мен дагы ушундай мугаиммин" деп сыймыктанса, кээ бирлери, "Аттиң ай ушул китепти мугалимдик жылдарымдын алгачкы күндөрүндө окуганымда..." Мустафа Үфтадеголу

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Мугалимдерге кеңеш

  • Автор: Жантен Кая
  • Жанры: Кеңеш
  • Жылы: 2016
  • Басмакана: Имак Офсет
  • Барагы: 216
  • ISBN: 978-9967-9021-1-4
  • Жеткиликтүү: Түгөнүп калган, алдын ала заказ
  • 250Сом


Сунушталган китептер

Балдарга арналган ырым-жырымдар, үйлөнүү үлпөт салты жана ыры

Балдарга арналган ырым-жырымдар, үйлөнүү үлпөт салты жана ыры

Балдарга арналган ырым-жырымдар, үйлөнүү үлпөт салты жана ыры, китептин автору Абдылдажан Акматалиев..

250Сом

Рабаят

Рабаят

Балдарга арналган жомоктор,ырлар түзгөн Сулайман Рысбаев жана Батма Абдухамитова. Бул китептин ич..

250Сом

Үч жаштан кийин кеч

Үч жаштан кийин кеч

Китептин автору - «Sony» компаниясынын негиздөөчүсүн бири Масару Ибука. Китептин автору бала менен а..

350Сом 450Сом

Англис тили (өз алдынча үйрөнүү окуу куралы)

Англис тили (өз алдынча үйрөнүү окуу куралы)

Англис тили  силер ойлогондой татаал эмес. Болгону 25 суроолорду, 75 көп колдонуучу этиштерди, ..

250Сом

Кыргыз тилинин справочниги

Кыргыз тилинин справочниги

Кыргыз тилинин справочнигинде : тил илими, лексика,фонетика,морфология, сөз жасоо, орфография, пункт..

250Сом

Балага тарбия берүүдөгү адашуулар

Балага тарбия берүүдөгү адашуулар

Ата энелер үчүн арналган бул китепте көптөгөн баалу кеңештерди таба аласыз ..

220Сом

Устаттык өнөрү

Устаттык өнөрү

Устаттык өнөрү ..

250Сом

Ой өрүшү-кругозор

Ой өрүшү-кругозор

"Ой өрүшү-кругозор" китеби мугалимдер, окуучулар , студенттер, ата-энелер, журналисттер, жалпы эле к..

250Сом

Акыл эмгегинин маданияты

Акыл эмгегинин маданияты

Акыл эмгегинин маданияты, автору Гапыр Мадаминов. Китеп  мугалимдер, окуучулар , студенттер, үч..

250Сом

Ата -энелер сиздер үчүн

Ата -энелер сиздер үчүн

"Ата -энелер сиздер үчүн", Гапыр Мадаминов. Ата-энелерге арналган бул китептен баалуу кеңештерди ..

250Сом

Окуучунун дил баяны

Окуучунун дил баяны

Окуучунун дил баяны: 5-11 класстын окуучулары, мектеп мугалимдери, ЖОЖдордун окутуучулары жана аспир..

250Сом

Кыргыз тили, адабияты мугалимине 100 кеңеш

Кыргыз тили, адабияты мугалимине 100 кеңеш

«Кыргыз тили, адабияты мугалимине жүз кеңеш», Сулайман Рысбаев Китепте кыргыз тили жана адабиятыб..

250Сом

Башталгыч класстарда кыргыз тилинен жат жазуу жумуштарын жүргүзүү технологияларын өркүндөтүү жана жат жазуу текстеринин жыйнагы

Башталгыч класстарда кыргыз тилинен жат жазуу жумуштарын жүргүзүү технологияларын өркүндөтүү жана жат жазуу текстеринин жыйнагы

Башталгыч класстарда кыргыз тилинен жат жазуу жумуштарын жүргүзүү технологияларын өркүндөтүү жана жа..

200Сом

 Баланын китеп окуусун уюштуруу  технологиялары

Баланын китеп окуусун уюштуруу технологиялары

 Баланын китеп окуусун уюштуруу  технологиялары , башталгыч класстардын мугалимдери үчүн м..

200Сом

Сөз жөнүндө дастан

Сөз жөнүндө дастан

Сөз жөнүндө дастан, Сулайман Рысбаев Бул жерде тилдин адам рухундагы орду, анын адамдын жан дүйнө..

250Сом

365 күнгө оюн

365 күнгө оюн

Бул китепке кенже курактагы балдарга үйрөтүлүүчү ар кандай акыл оюндары жана дене тарбиялык оюндар т..

500Сом

Кыргыз тили, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо үчүн окуу куралы.

Кыргыз тили, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо үчүн окуу куралы.

Кыргыз тили, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо үчүн окуу куралы. Бул китеп абитуренттерге, ..

350Сом

 Креативдүү мектептер

Креативдүү мектептер

Аталган китепте адамдын потенциалы менен чыгармачылыгын өнүктүрүүдө дүйнөгө таанымал эң таасирдүү ад..

350Сом

Теги: Мугалимдерге, кеңеш, китеби, Жантен, Кая, интернетте, кыргызча, китеп, дукон, китептер, дүкөн, окуу